Сауд Арабиясында 11-мартта өткөн тогуз сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин Украина АКШнын ок атышууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болду. Эки тарап макул болсо бул мөөнөт узартылышы да мүмкүн.
Эми чечим кабыл алуу кезеги Москвада.
Трамп кийинчерээк ушул аптада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, АКШнын сунушуна макулдугун алууга аракет кыларын айтты. Анткен менен талдоочулар Кремль аны колдоруна өтө ишенбей турушат.
"Эгерде Орусия макул болсо, мен таң калмакмын", – деди Тафс университетинин саясат таануу профессору Оксана Шевель "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде.
Анын айтымында, Путин ок атышууну токтотууга макул болуш үчүн Украинаны кандайдыр бир мунасага барышын талап кылышы мүмкүн. Бул, өз кезегинде, Трампты оор абалга кептерин Шевель кошумчалады.
Трамп өзүн согушту токтотуу жараянында бейтарап ортомчу экенин айтканы менен кээ бир эксперттер мындан күмөн санашат.
АКШ президенти Орусияны согушту баштаган деп ачык айыптоодон баш тартып келет.
"Эгерде Орусия ок атышууну токтотуу боюнча келишимди кечеңдетсе, Трамп кандай реакция кылат?" – деген суроо салат Шевель.
Серепчилердин айтымында, Путин азыр курал таштоого каршы болушу мүмкүн, анткени ал жеңишине ишенип, Украинанын калган бөлүгүн аннексиялоо боюнча акыркы максатынан баш тарткан эмес.
Азыркы учурда орус күчтөрү Украина аймагынын 20 пайызын көзөмөлдөп турат жана акыркы бир жылдан бери согуш талаасында демилгени өз колуна алган. Байкоочулар муну орус армиясындагы жоокерлердин көптүгүнө байланыштырышат.
Орусиялык аскерлер оор жоготууларга учураса да, акырындап, Украинанын чыгышындагы бир катар маанилүү шаарларды басып алды.
Ал эми Батыштын жардамынан көз каранды Украина армияга жаңы жоокерлерди тартууда кыйынчылыкка туш болууда. Мындан улам көптөгөн эксперттер Батыштан кошумча аскердик жардам келсе да Киев аймактарын кайтарып ала алабы деп күмөн санап башташты.
Жиддадагы жолугушуу
11-мартта Сауд Арабиясынын Жидда шаарында өткөн маанилүү сүйлөшүүлөр АКШ менен Украинанын ортосундагы мамиле бир топ салкындай түшкөн маалда өттү. Өткөн айда Ак үйдө Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы кайым айтыш алаканы дагы татаалдатып жиберди.
Анда Трамп Зеленскийди согушту токтотууга олуттуу мамиле жасабай жатат деп айыптаган. Мындан улам экөө Украинанын сейрек кездешүүчү кен байлыктарын бирге иштетүү боюнча келишимге кол коюуга жетишпей калышкан.
Бир нече күндөн кийин Трамп Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү жана чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотуп койгон.
Жиддадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Вашингтон бул чектөөлөрдү алып саларын жана Киев менен минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коёрун жарыялады.
Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун аскердик эксперти Марк Кансин Украина бул жолугушууну максималдуу пайдаланганын айтты.
"Азыркы жетише турган эң жакшы жыйынтык ушул болушу мүмкүн," – деди ал жана аскердик жардам менен чалгын маалыматтары боюнча кызматташтыктын калыбына келүүсүн "чоң жетишкендик" деп сыпаттады.
Кансиндин айтымында, АКШ менен Украинанын биргелешкен билдирүүсүндө тынчтык орнотуу үчүн жоопкерчилик эми толугу менен Орусиянын мойнуна жүктөлгөнү Киев үчүн "өтө жакшы" нерсе болду.
Ошол эле учурда, ал кошумчалагандай, Украина ок атышууну токтотууга макул болгон учурда өлкөнүн төрттөн бир бөлүгү Орусиянын көзөмөлүндө калат.
"Бирок алардын башка аргасы жок. Мен аларга көзөмөлдөн чыгарган аймактарынын бир бөлүгүн кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берген эч кандай механизмди көргөн жокмун" – деди Кансин.
Жиддадагы сүйлөшүүлөргө катышкан делегация өкүлү, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жолугушуу алдында Украинага кайсы бир аймактарынан баш тартууга туура келет деп айтканы менен жолугушуудан кийинки биргелешкен билдирүүдө бул тууралуу кеп болгон жок.
АКШ эми ок атышууну токтотуу боюнча Орусия менен түз сүйлөшүү жүргүзмөй болду, бирок биргелешкен билдирүүдө Украина бул жараянга Европанын да тартылышын каалай турганы белгиленген.
Украина үчүн өзгөчө маанилүү болгон АКШнын коопсуздук кепилдиктери да бул биргелешкен билдирүүгө киргизилген жок. Бирок Кансин азырынча бул маселени олуттуу көйгөй катары карабоо керек деп эсептейт.
"Мен мындай баштапкы документте андай кепилдиктердин болушу ылайык деп ойлобойм. Ошондуктан бул боюнча эч нерсе айтылбаганы кандайдыр бир чоң маселе деп эсептебейм," – деди ал.
Шерине