Путин ошол эле кезде ок атышууну токтотууда эки тарап тең эске алчу "жагдайлар" бар экенин кыйытты.
"Биз согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сунуштарга макулбуз, бирок бул узак мөөнөттүү тынчтыкка жол ачкан жана кризистин баштапкы себептерин жок кыла тургандай болушу керек деп эсептейбиз", - деди орус президенти.
Орус лидери ал "жагдайларды" атап, бир катар суроолорду койду:
"Жалпы фронттогу кырдаал кандай чечилет? 30 күн кандай колдонулат? Бул маалда Украина мужбурлап моблизация кылууну токтотобу? Ал жакка курал-жарак алып келүү үчүн колдонобу? Же мунун баары аткарылбайбы? Анда дагы бир суроо жаралат. Көзөмөл жана текшерүү маселеси кандай чечилет? Мындай эч нерсе болбойт деп кепилдик бере алабызбы? Мунун баары олуттуу суроолор. Согуштук аракеттерди токтотууга ким буйрук берет жана мындай буйруктардын баасы канча?".
Сөзүн жыйынтыктап жатып, Путин ок атышууну токтотуу аракетин колдой турганын бирок, бул тыкыр даярдыкты талап кылаарын билдирди. Ал муну америкалык өнөктөштөрү менен талкуулай турганын, "Трамп менен телефондон сүйлөшөрүн" кошумчалады.
30 күндүк ок атууну токтотуу сунушу
АКШнын президенти Дональд Трамп Москва сунушка көнбөсө, Орусияга каршы “кыйратуучу чаралар” көрүлөрүн эскертти. Эксперттер Орусия уруш талаасында ийгиликке жетип жаткан чакта убактылуу жарашууга тез эле макул болорунан күмөн санашат.
Мурдараак Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Россия-1 телеканалына берген интервьюда Москва убактылуу жарашууну каалабасын билдирген. Анын айтымында, Орусия өлкөнүн “мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу менен узак мөөнөттүү тынчтыкка жетүүнү көздөйт”. Ушаков тынчтык орнотумуш болгон “эч кимге кереги жок кадамдарды” сындады.
Кремлдин өкүлү бул позицияны Вашингтон түшүнүү менен кабыл аларына жана ок атышууну токтотуу келишиминде эске алынарына ишенерин айтты.
Ал ошондой эле өткөн айда Эр-Риядда АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц менен сүйлөшүүдө Украина менен ок атышууну убактылуу токтотуу сунушуна пикирин билдиргенин айтты.
Мындай билдирүү Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф орус башкалаасына барган учурда жасалды. Ал орус бийлигин Украинадагы ок атууну 30 күнгө токтотуу сунушу менен тааныштырмакчы.
Шаршембиде АКШнын лидери Орусиянын дарегине катуу билдирүү жасаган.
Ак үйдө Ирландиянын премьер-министри менен жолугушуу маалында журналисттин: “Ок атууну токтотуу сунушуна көндүрүү үчүн Путинге кысым жасоого даярсызбы? - деген суроосуна Трамп “ооба” деп жооп берди.
“Финансылык жактан алганда Орусия үчүн терс кесепеттерди алып келчү, кыйраткыч чараларга бара алабыз. Бирок мен андайга баргым келбейт, себеби мен тынчтыкты каалайм, бейпилдиктин орношун каалайм”.
Анын алдыңкы күнү Вашингтондун делегациясы менен Сауд Арабиядагы 9 саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Киев АКШнын ок атууну 30 күнгө токтотуу сунушуна макул болгон.
Жиддадагы жолугушуудан кийин Трамп расмий өкүлдөрү эң жакынкы арада Москвага барарын жарыялап, эми “бардыгы Орусиядан көз каранды” деп айткан.
Ага чейин Киевдин делегациясы менен кездешүүгө катышкан АКШнын башкы дипломаты Марко Рубио Орусия сунушка көнбөсө, анда тынчтыкка ким тоскоолдук жаратып жатканы даана билинерин белгилеген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө 30 күнгө согуштук аракеттерди токтотууга макул болгонун бышыктады. Ал Вашингтонго кайрылып, Москва сунушту кабыл албаса, Орусияга каршы санкцияларды, ал эми Украинага аскердик жардамды күчөтүүгө үндөдү.
Бейшембиде орус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова Москва АКШ менен тынчтык демилгесин талкуулоого даяр деп айткан:
“Биз АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн 11-мартта Жиддада болгон кездешүүсүнө жакындан байкоо салып турдук. Анын жыйынтыгында кабыл алынган биргелешкен билдирүүнү окуп чыктык. Анда түрдүү идеялар камтылган. Азырынча бизге бул боюнча расмий кайрылуу түшө элек. Документте айтылган демилгелерди америкалык тарап менен болочок жолугушууларда талкуулоого даярбыз”.
Ак үйгө кайтып келген биринчи күндөн бери Украинадагы согушту жөнгө салуу Трамптын тышкы саясатынын чордонунда болуп келатат.
Киевди убактылуу жарашууга көндүрүү үчүн Вашингтон аскердик жардамды жана чалгын маалыматтарды бөлүшүүнү токтотуп коюп, Украинанын оң жообунан кийин кайра жандандырды.
Согуштук аракеттерди 30 күнгө токтото туруу өлкөнүн дээрлик 20 пайызы азырынча Орусиянын колунда кала берет дегенди билдирет.
Бирок Москвага келгенде, Трамптын колунда андай таасир этүүчү куралы жок. Орусия Батыштын экономикалык санкцияларына болжолдонгондон жакшы туруштук берди.
Эксперттер Путин согуш майданындагы абалды өз пайдасына жакшыртуу жана Киев менен болочок ыктымал тынчтык сүйлөшүүлөрүндө артыкчылыктарга ээ болуу үчүн АКШ менен талкууларды создуктуруп жибериши мүмкүн деп боолголошот.
Кремль Путин Курскиге барганын билдирди
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 12-мартта Путин Курск облусуна барганын билдирди. Бул орус президентинин былтыр украин аскерлери бир бөлүгүн ээлеп алган аймакка биринчи сапары болду.
Кээ бир Телеграм-каналдар ошондой эле Путиндин согуш башталгандан бери алгачкы жолу аскердик формачан жүргөнүн баса белгилешти. Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын командачысы Валерий Герасимов украин армиясы көзөмөлдөп турган жердин 86 пайызы бошотулганын билдирди.
Шейшембиде Орусиянын ТАСС кабар агенттиги жана кремлчил Телеграм-каналдар орус аскерлеринин Суджа шаарын кайтарып алганын билдирген.
АКШнын Согушту изилдөө институтунун 12-марттагы отчетуна ылайык, орус армиясы Курск облусундагы ал калааны көзөмөлгө алды.
Мындай маалыматтардын фонунда украин куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский Суджанын айланасында кармаш уланып жатканын, канчалык зарылчылык болсо аскерлер ошончолук убакыт коргонорун билдирди.
Орусия Курскиде чабуулун күчөткөнү өткөн аптанын этегинен бери кабарланып келатат. Украин аскерлери былтыр августта Орусиянын аймагына кирип барып, 1300 чарчы километр аянтты ээлешкен. Бара-бара ал жердин басымдуусун колдон чыгарган.
Киев операцияны өз чөлкөмдөрүн коргоо максатында жүргүзгөнүн, болочок сүйлөшүүлөрдө көзүрлөргө ээ болууга аракеттенгенин, орус аскерлерин чыгыш фронтунан чегиндирүүнү көздөгөнүн билдирген.
Ал арада оурс аскерлери кошуна өлкөсүнүн жер-жерин аткылоону улантты.
Шерине