Бельгия бийлиги тыңчылыкка байланыштуу жүргүзгөн рейд маалында Брюсселден чакыртылып алынган орусиялык дипломат эми Европанын эң ири коопсуздук уюмунун Белграддагы миссиясын жетектөөгө көрсөтүлдү. Бул маалымат "Эркин Европа/Азаттык" радиосу жана бир катар европалык маалымат каражаттары биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө аныкталды.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Босния жана Герцеговинадагы миссиясынын башчысынын мурдагы орун басары болуп иштеген, Балкан аймагында терең иш тажрыйбасына ээ Дмитрий Иорданидинин талапкерлигин Москва эми уюмдун Сербиядагы миссиясынын жетекчилигине сунуштаган. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттеринин колуна тийген ЕККУнун документтеринде белгиленген.
Анын талапкерлиги соңку жылдарда Кошмо Штаттар жана Европа мамлекеттери Орусиянын аймактагы "душмандык" аракеттерин айыптап жаткан маалда коюлду.
ЕККУнун баш кеңсеси Венада жайгашкан, уюмга 57 мамлекет мүчө.
55 жаштагы Иорданиди 2023-жылы Бельгиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы (VSSE) тыңчылыкка айыптагандан кийин Брюсселден тымызын чыгып кеткен орусиялык 20 дипломаттын бири. Бул Бельгиянын чалгын кызматы түзгөн тизмеде белгиленген жана маалыматты "Эркин Европа/Азаттык" радиосу, Брюсселдеги EUobserver жаңылыктар сайты, бельгиялык De Morgen басылмасы, бельгиялык аптасына бир жолу жарык көрчү Humo гезити жана француздардын Le Monde басылмасы биргелешип жүргүзгөн иликтөөнүн үч жашыруун булагы да ырастаган.
Батыштын чалгын кызматтарындагы булактын бири белгилегендей, Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан кийин Бельгиянын тыңчыларды өлкөдөн чыгарып жиберүүсүн Москва "мүмкүнчүлүк" катары колдонгон.
Бельгия өкмөтү өлкөдөгү аккредитациядан өткөн дипломаттардын тизмесин жарыялабайт, ошондой эле Орусиянын Брюсселдеги дипломатиялык миссиясы өз кызматкерлеринин аты-жөнүн ачыкка чыгарбайт.
Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосу 2023-жылы өлкөдөн чыгарылган бир катар орусиялык дипломаттардын Бельгияда болгонун өз алдынча ырастады.
Брюсселден чыгарылган, аты-жөнү алигүнчө белгисиз дипломаттар Орусиянын Тышкы чалгын кызматы (СВР) же Аскердик чалгын башкармалыгы (ГРУ) менен байланышта болгон деп шектелүүдө.
Бельгиянын чалгын тизмесинде Иорданиди СВР менен байланышта болгон деп көрсөтүлгөн. Тыңчылыкка айыпталган 20 орусиялык дипломаттын арасынан жалгыз гана Иорданиди "персона нон грата" катары жарыяланган эмес.
Чалгын кызматындагы булактардын ырасташынча, Брюссель Иорданидини "персона нон грата" деп жарыялай турганын эскерткен соң Москва аны өзү чакыртып алган.
Эми Москва Иорданидини ЕККУга кайра орноштурууга аракет кылууда. 2022-жылы Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкыча бул уюм Украинанын чыгышындагы абалга байкоо жүргүзүп, Киев менен Москва ортосунда ортомчулук кылган негизги эл аралык платформа катары саналчу.
Орусия ошондой эле Дмитрий Иорданидинин талапкерлигин Кыргызстандын борбору Бишкектеги жана Казакстандын баш калаасы Астанадагы ЕККУнун кеңселеринин башчылыгына көрсөттү.
ЕККУ кат аркылуу жөнөткөн жообунда бул үч кызмат үчүн тең тандоо процесси азыр жүрүп жатканын, мындан улам азырынча эч кандай комментарий бере албастыгын билдирди.
Бул кызматка дайындоону ЕККУнун төрагасы жүргүзөт. Учурда аталган позицияны Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен ээлейт.
Маалыматка ылайык, кимдир бирөөнү тигил же бул кызматка дайындоо тууралуу чечим ЕККУнун жогорку жетекчилери жана мурдагы жетекчилери менен, ошондой эле тиешелүү миссияларды киргизген өлкөлөрдүн кеңеши аркылуу кабыл алынат.
"Биз Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунда бардык иш орундары үчүн катаал тандоо процессинин талаптарын аткарабыз," – деди ЕККУнун өкүлү Александра Тейлор.
Батыштын расмий өкүлдөрү жана өкмөттөрү Москваны "ЕККУнун саботажчысы" деп айыптап, Украинага каршы согуш ачуу менен ал уюмдун консенсуалдык саясатын бузгандыгын билдиришкен. Бул согуш Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң жана кандуу салгылаш болууда.
Ал эми Москва ЕККУну "НАТО менен Евробиримдиктин кошумча түзүмүнө айландырууга аракет кылууда" деп сындаган.
"Эркин Европа/Азаттык» радиосу ЕККУдагы Орусиянын чалгын кызматтарынын ыктымал таасири тууралуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин уюмдун Парламенттик ассамблеясы жетекчилигин "Орусиянын деструктивдүү таасиринен арылуу үчүн тиешелүү талкуу баштоого жана коопсуздук текшерүүсүн жүргүзүүгө" чакырган.
Мурда да Орусия Евробиримдикке мүчө мамлекеттерден тыңчылык айыбы менен чыгарылган дипломаттарын Сербиядагы элчилигине жөнөткөнү белгилүү.
Серб президенти Александр Вучич Белграддын Москва менен тыгыз байланышын сактоого умтулуп келет. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун 2023-жылдын март айындагы иликтөөсүндө кеп болгон.
Иорданиди да, Орусиянын Брюсселдеги элчилиги да комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок. Ошондой эле Бельгиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы да журналисттердин кайрылуусуна жооп берген жок.
Балкан сапарлары
Орусия 2022-жылы Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан кийин АКШ жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жүздөгөн орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберишкен. Арасында Орусиянын Брюсселдеги дипломатиялык миссиясында жана Евробиримдиктеги өкүлчүлүгүндө иштегендер да болгон.
Алардын бири – Александр Студеникин. Ал "мыйзамсыз жана бүлүк салуучу аракеттери" үчүн Евробиримдиктен чыгарылган. Бирок "Эркин Европа/Азаттык" өз иликтөөсүндө аныктагандай, ал 2023-жылдын декабрында Сербиядагы парламенттик жана жергиликтүү шайлоолордо ЕККУнун байкоочусу катары кайрадан пайда болгон.
Иорданидинин Брюсселдеги коомдук активдүүлүгү дээрлик байкалган эмес. Бирок ал негизинен Балкан аймагындагы дипломатиялык карьерасында тыныгуу маалында 2023-жылы Бельгияга келип калгандай.
Ачык маалыматтарга ылайык, 2009-жылы Иорданиди Орусиянын Сараеводогу элчилигинде биринчи саясий катчы болуп иштеген. Бир нече жыл өткөндөн кийин Босниянын сербдер башкарган субъектиси – Српска республикасынын административдик борбору Баня-Лукада ЕККУнун кеңсесин жетектеген.
2013-жылдын май айында Иорданиди Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Сербиянын ошол кездеги президенти Томислав Николичтин жолугушуусуна катышкан.
Ал жолугушуу Орусия президентинин Сочидеги жайкы резиденциясында өткөн. Ошол кездеги Сербиянын коргоо министри жана биринчи вице-премьер-министри Александр Вучич да бул сүйлөшүүгө катышкан.
Иорданиди кийинчерээк ЕККУнун Босния жана Герцеговинадагы миссиясынын башчысынын орун басары болуп иштеп, бул кызматтан 2022-жылдын экинчи жарымында же 2023-жылдын башында кеткен сыяктуу.
ЕККУнун өз аты-жөнүн ачык жарыялагысы келбеген өкүлү Иорданидинин Сараеводон Бельгияга кеткенин эстеди. Ал эми чалгын кызматындагы булактар ал 2023-жылы Брюсселге келип, ошол эле жылы басым-кысым алдында кеткенин билдирди.
Журналисттер Иорданидинин Брюсселдеги орус элчилигиндеги кызматы тууралуу ачык булактардан эч кандай далил таба алган жок.
Маселен, ал Босния жана Герцеговинадагы ЕККУ кеңсесинде иштегенде көптөгөн маек берип, коомдук иш-чараларга активдүү катышып жүрчү. Бирок Брюсселге барганда такыр тынчып калгандай.
Балкандагы ЕККУнун ишмердүүлүгү негизинен экологиялык маселелерге жана жарандык эркиндикти коргоого байланыштуу болгон.
"Эркин Европа/Азаттык" карап чыккан Орусиянын өкмөттүк маалымат базаларда (мисалы, жашаган жери, транспорт жана салык боюнча тизмелер) Иорданиди менен Орусиянын чалгын мекемелеринин ортосунда ачык байланышты табуу кыйын.
Бирок бул база Бельгиядагы тыңчыларды тазалоо операциясына кабылган башка орусиялыктарга байланыштуу айкын далилдерди камтыйт.
Брюсселдеги ГРУ өкүлдөрү
Иорданиди менен кошо Бельгиянын "кара тизмесине" тыңчы катары кирген дагы 19 орусиялыктын арасында Орусиянын Брюсселдеги элчилигинин кеңешчиси болуп иштеген Александр Ковальчук да бар.
Ачык маалыматтарга ылайык, Ковальчук Москвадагы Народное Ополчение көчөсү, 50 дарегинде расмий катталган. Бул имарат Орусиянын Коргоо министрлигинин Аскердик академиясына тиешелүү.
Академия "ГРУ консерваториясы" деген аталыш менен белгилүү. Бул Орусиянын аскердик чалгын башкармалыгынын кыскартылган аталышы.
Ошондой эле тыңчы дипломаттардын тизмесинде Орусиянын Брюсселдеги элчилигинде экинчи катчы болуп иштеген Сергей Черепанов да бар. Орусиянын өкмөттүк маалыматтар базасынан ал мурда Москвадагы Стратегиялык ракеталык күчтөр академиясында иштегенин жана өзөктүк коопсуздукка жооптуу 12-башкы башкармалыкка тиешелүү 46179-аскердик бөлүккө байланган дарекке катталганын тапса болот.
Евробиримдик аймагынан чыгарылгандар арасында дагы бир дипломат Дмитрий Замогильных бар. Ал элчиликтин техникалык кызматкерлеринин катарында иштеген. Маалыматка караганда, Замогильных жашаган жер ГРУнун атайын күчтөр бөлүгүнө тиешелүү 92154-аскердик бөлүк менен байланыштуу болгон.
Ковалчукка, Черепановго, Замогильныхка жиберилген электрондук каттар жоопсуз калды.
Бельгия жалпысынан орусиялык 20 дипломатты тыңчылыкка айыптап, өлкөдөн чыгарган. Ага чейин Орусиянын Евробиримдиктеги жана НАТОдогу делегацияларынан 48 киши чыгарылган.
"Бельгия Орусия менен дипломатиялык мамилелерди сактап калууну каалайт, бирок бул мамилелер тыңчылык үчүн колдонулушуна жол бере албайт", — деп билдирген Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Пьер Стеверлинк.
Күчөп бараткан коркунучтар
Европа өлкөлөрү жалпысынан 700дөн ашуун орусиялык дипломатты, анын ичинде тыңчылыкка шектелгендерди өлкөлөрүнөн чыгарганына карабастан Батыш эксперттери Москванын коркунучу өзгөрүп жатканын эскертип жатышат.
"Биз бир азга [Орусиянын чалгындоо кызматтарынын] зыянкеч операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн азайганын байкадык, бирок ал кайрадан күч топтоду", - деди НАТОнун гибриддик согуш боюнча адистешкен жогорку кызматкери Жеймс Аппатурай EUobserver басылмасына.
Анын айтымында, Орусия интернет аркылуу тыңчыларды жалдоого көбүрөөк көңүл буруп, барган сайын кылмыштуу топторду же жөн гана карапайым тургундарды диверсиялык аракеттерге тартууда.
"Бул жалданган адамдар көп учурда ким үчүн иштеп жатканын билбейт. Алар өрт коюу, поезддерди рельстен чыгаруу, саясатчылардын мүлкүнө кол салуу сыяктуу иш-аракеттерге барышат. Ал эми Орусиянын чалгын кызматтары бул иштерди көмүскөдөн туруп башкарат", - дейт Аппатурай.
Бул окуялар Орусиянын гибриддик согуш стратегиясынын алкагында диверсиялык аракеттерин кеңейтип жатканын көрсөтүп турат. Батыш өлкөлөрү Орусияны кылмыштуу топторду жана агенттерди жалдап, аларды климаттык активизм, саясий нааразылык же коммерциялык саботаж сыяктуу көрүнүштөрдү бетке кармап, туруктуулукту бузууга аракет кылууда деп айыптоодо.
Германияда автоунааларга жасалган вандалдык аракеттердин артында Орусия турганы тууралуу шек саноолор, Польша премьер-министринин Орусияны "авиациялык террорчулук пландаган" деп айыпташы жана башка ушуга окшогон окуялар Москва жашыруун операцияларын күчөтүп жатканын айгинелейт.
Батыш өлкөлөрүнүн чалгын жана коопсуздук мекемелери мындай коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн биргелешип аракет кылып, Орусиянын диверсиялык жана тыңчылык аракеттерине каршы жаңы стратегияларды иштеп чыгууда.
Германиянын Der Spiegel журналы өткөн айда немис тергөөчүлөрү автоунааларга жасалган вандалдык чабуулдарга орусиялык жаран "каржылык колдоо көрсөткөн" деп шекшип жатканын жазган. Бул аракеттерди төмөнкү деңгээлдеги аткаруучулар "климаттык активизм" деген шылтоо менен ишке ашырган.
Германиянын түштүгүндөгү Улм шаарында прокуратура 100дөн ашуун вандалдык окуяга байланыштуу төрт шектүүнү кармаган. Алардын арасында Румыниянын, Сербиянын жана Босниянын жарандары бар.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск январь айында Орусия авиацияга каршы террордук чабуулдарды даярдаганын билдирген. Бул билдирүү Литва менен Британияда DHL авиакарго компаниясына тиешелүү жүктө өрт чыгуу фактылары катталгандан кийин жасалган.
"Мен бардык деталдарды ачыкка чыгара албайм, бирок Орусия дүйнө жүзү боюнча авиакомпанияларга каршы аба террорун уюштурууну көздөгөн деген кооптонуулар негиздүү экенин тастыктай алам," – деген Туск маалымат жыйынында.
Москва Батыш өлкөлөрүнүн бардык айыптоолорун четке кагып, диверсиялык чабуулдарга, өрт коюуга, ууландырууга жана адамдарга кол салууларга тиешеси жок экенин билдирип келет.
Шерине