Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Зеленский АКШ-Украина сүйлөшүүcүн утурлай Сауд Арабиясына сапар алды


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-мартта Сауд Арабиясынын ханзадаасы, тактынын мураскери, падышалыктын де-факто лидери Мухаммед бин Салман менен жолугуу үчүн Эр-Риядга жөнөдү.

Зеленскийдин сапары 11-мартта Жидда шаарында өтө турган Украина менен АКШ делегацияларынын маанилүү жолугушуусун утурлай болууда.

Бул сүйлөшүүлөр Украинада үч жылдан ашуун уланып жаткан Орусиянын согушун токтотууга багытталган.

АКШ Киевдин негизги аскердик өнөктөшү катары согушту тез арада токтотууну көздөп, Москва менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда Вашингтон Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү жана чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотуп койду.

28-февралдагы Ак үйдө болгон кайым айтышуудан кийин алгачкы ирет АКШ менен Украинанын делегациялары жолугат. Анда Зеленский, АКШнын президенти Дональд Трамп жана вице-президенти Жей Ди Вэнс журналисттердин көзүнчө талашып-тартыша кетишкен. Кайым айтышуудан кийин Зеленский сейрек кездешүүчү кен байлыктар тууралуу келишимге кол койбостон Ак үйдөн чыгып кеткен.

Зеленский Жиддадагы сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирген.

Киевдин делегациясынын курамына Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига, Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермак жана коргоо министри Рустем Умеров кирет.

Ал эми америкалык делегацияда Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф, мамлекеттик катчы Марко Рубио жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уольц бар экени кабарланды.

Марко Рубио 9-марттын кечинде Сауд Арабиясына жөнөп кеткен.

"Биз конструктивдүү диалогго толук даярбыз жана керектүү чечимдерди, кадамдарды талкуулоого үмүттөнөбүз. Реалдуу сунуштар үстөлдө турат. Эң негизгиси тез жана натыйжалуу аракет көрүү", – деп Зеленский 9-мартта X платформасына жазды.

Киев Зеленский демилге кылган тынчтык планын сунуштары күтүлүүдө. Бул планга ылайык, тынчтык келишиминин биринчи кадамы катары абадан жана деңизден сокку урууну токтотуу керек.

Байкоочулардын баамында, соңку апталарда Зеленскийге Вашингтон катуу басым жасоодо. Айрымдар белгилегендей, украин лидерин АКШнын коопсуздук кепилдиги жок болсо да Орусия менен тез арада ок атышууну токтотуу келишимине макул болууга мажбурлап жатышат.

Бирок азырынча Москва согуштук аракеттерди токтотууга кызыгуусун көрсөтө электей.

Тескерисинче акыркы күндөрү Орусия Украинага чабуулдарын күчөтүп, согуш талаасында айрым жерлерде илгерилегенин билдирүүдө.

9-мартта Трамп Украина АКШнын жардамы менен да согушта "аман калышы күмөн экенин" айтты.

"Анын баары бир аман калышы мүмкүн эмес", – деп билдирди Трамп Fox News каналына берген маегинде.

Трамп ошондой эле Зеленский АКШнын жардамы үчүн “ыраазы эмес” деген дооматын кайталады, бирок украин президентин “акылдуу” жана “мүнөзү катаал” деп сыпаттады.

Ал маалда Орусиянын Коргоо министрлиги 9-мартта Курск облусунда бир нече айыл жана шаарды өз көзөмөлүнө алганын жарыялады. Ошондой эле Украинанын чыгышында жаңы конуштарды алганын билдирди. Азырынча бул маалыматтарды Киев ырастай элек. Андан тышкары бышыкталбаган маалыматта миңдеген украин аскери орус күчтөрүнүн курчоосунда калышы ыктымал.

XS
SM
MD
LG