Февраль айынын башында Вашингтон 12-марттан тарта европалык болот жана алюминий импортуна 25% бажы алымдарын киргизери белгилүү болгон.
АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардын Европа менен эле эмес, жалпы соода саясатындагы тартыштыкты активдүү сындап, киргизилген жаңы тарифтер Америкага инвестицияларды жана жумуш орундарын кайтаруунун бир жолу деп эсептейт.
Брюссель мындай сценарийге Дональд Трамп январда Ак үйдө кызматка киришкенден бери даярданып келген. Мындан улам АКШга каршы чаралар 12-мартта дароо жооп катары жарыяланды.
АКШнын тарифтери 28 млрд долларлык (25,6 млрд евро) соодага тиешелүү. Евробиримдик эки этапта ишке ашырыла турган 26 миллиард евролук бир нече пакет менен жооп берди.
1-апрелде ишке аша турган биринчи пакет 8 млрд еврону түзүп, америкалыктар колдонгон классикалык буюмдар бурбон, жинсы шым жана Harley-Davidson мотоциклдери сыяктуу товарларды камтыйт.
Бул Трамптын биринчи мөөнөтүнө карата "жооп чарасы". Ал учурда АКШ менен Евробиримдиктин ортосунда азыркыдай соода чыры ырбаган. Адатта мындай чаралар колдонулганда соода саясаты Еврокомиссиянын жоопкерчилигинде болгондуктан, буга Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин макулдугу талап кылынбайт.
А бирок 13-апрелде ишке киргизүү сунушталып жаткан тарифтердин экинчи партиясы ЕБге мүчө мамлекеттердин көпчүлүгүнүн макулдугун талап кылат. Бул долбоор айыл чарба азыктары, текстиль, турмуш-тиричилик техникасы жана желим өңдүү товарларды камтып, жалпы жонунан 18 миллиард еврону түзөт.
"Эркин/Европа Азаттык" радиосунун кабарчылары кепке тарткан дипломаттар Европа Биримдигинде АКШнын администрациясынын соңку чечимдерине кыжырдануу күчөгөнүн билдиришти. Алар ошондой эле тарифтерге байланган чыр узакка созулуп, мындан көбүрөөк Евробиримдик жабыркайт деп эсептешет.
Евробиримдик соода согушуна даярбы?
Цифралар жагдайды ачыктап турат. Өткөн жылы Америка Кошмо Штаттары Евробиримдиктин эң ири товар экспорттоочу өнөктөшү болгон. Трансатлантикалык экспорт 20,6% же тагыраагы, 600 млрд доллардан ашык каражатты түзгөн. Бирок, ошол эле мезгилде, ЕБ АКШдан 370 миллиард долларлык товар "гана" импорттогон. Мына ушул нерсе Трампты кыжырдантып, соода чырында Евробиримдикти алсыздатып жатат.
ЕБ ички рынокту чет элдик товарлардан жана атаандаштыктан коргоого багытталган экономикалык саясат жүргүзүп келет. Биримдик жакында эле Латын Америка өлкөлөрү менен эркин соода келишимин түзүп, Индия сыяктуу экономикалык гиганттарга жетүүгө аракет көргөнү менен АКШ менен соода жүгүртүү ал үчүн алда канча кирешелүү.
Экономикасын өстүрүүгө аракет кылып жаткан Германия, Италия жана Нидерланд сыяктуу негизги европалык экспорттоочулар муну абдан жакшы түшүнөт. Азырынча Евробиримдик бул күрөштө бирдиктүү көрүнөт, бирок ал созулган сайын уюмга мүчө мамлекеттер Вашингтон менен келишим түзүү үчүн Брюсселге басым жасаганга өтүшөт.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен 12-мартта АКШнын тарифтерине каршы чараларды жарыялаганда, дароо "биз сүйлөшүүлөргө ачык бойдон кала беребиз" деп баса белгиледи.
Брюссель азыр эки нерсеге үмүт артып жатат. Биринчиси, Вашингтон акыркы айларда Канадага жана Мексикага бир нече жолу жасагандай, жок дегенде бир аз убакытка чараларды алып салууга даяр болот.
Экинчиси, тариф чыры андан ары күчөп, Украинадагы согуш жана Европа өлкөлөрүнүн коопсуздугу сыяктуу башка саясий маселелерде АКШнын колунда куралга айланбайт деген ишеним.
Шерине