Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Брюсселдин санкциялары: Венгрия менен Словакия Орусиянын таламын талашабы?


Венгрия менен Словакиянын өкмөт башчылары Виктор Орбан жана Роберт Фицо.
Венгрия менен Словакиянын өкмөт башчылары Виктор Орбан жана Роберт Фицо.

Венгрия кайрадан Евробиримдиктин Орусияга киргизген санкцияларына каршы чыгып, "кара тизмеден" айрым негизги адамдарды чийип салууну талап кылууда. Расмий Будапештке эми Братислава да кошулду.

Мындан улам жалпы Европанын борбору саналган Брюссель компромисске келүүгө же башка чараларды издөөгө аргасыз болушу мүмкүн. Быйыл январь айынын соңунда Венгрия Евробиримдиктин Орусияга каршы бардык экономикалык санкцияларын дагы алты айга узартууга вето коёрун эскерткен.

Санкциялар Москва 2022-жылы Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкандан кийин киргизилген. Алардын арасында Орусиядан көмүр, бриллиант, алтын жана алюминий импорттоого тыюу салуу да каралган.

Акырында Венгрия Евробиримдиктин башка мүчө мамлекеттеринен айрым жазуу жүзүндөгү кепилдиктерди алган соң санкциялардын мөөнөтү узартылган. Бул ирет Венгрия өзүнүн негизги максатына — Орусиянын газын Украина аркылуу транзиттөө режимин жандандырууга жетише алган жок. Киев 2024-жылдын башында Украина аркылуу орус газынын транзитин токтотуп койгон.

Бирок Будапешт Еврокомиссиядан Брюссель Украина, Венгрия жана Словакия менен орус газынын Евробиримдиктин аймагына жөнөтүлүшү боюнча маселеде кызматташат деген кепилдик алууга жетишкен.

Эми Венгрия Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларын жумшартууга аракет кылууда. Бул жолу расмий Будапешт акыркы үч жыл ичинде "кара тизмеге" киргизилген 2400дөн ашуун адамга жана компанияга тиешелүү активдерди камакка алууну жана визалык чектөөлөрдү жокко чыгарууга умтулууда.

Бул тизмеде Орусиянын президенти Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, ошондой эле Москванын согуш аракеттерин каржылоого же андан пайда табууга айыпталган олигархтар жана бизнесмендер бар.

"Евробиримдиктин санкциялар бийи"

Евробиримдиктин экономикалык санкциялары ар жылдын январь жана июль айларында узартылса, адамдарга жана уюмдарга каршы багытталган жеке санкциялардын мөөнөтү жыл сайын март жана сентябрь айларынын ортосунда узартылат.

Венгрия ар жолу вето коюу менен коркутуп, айрым адамдарды "кара тизмеден" чыгарууга аракет кылып келет. Өткөн жылдан тартып ага Словакия да кошулду.

Брюсселдин дипломаттары бул процессти жылына эки жолу кайталануучу "Евробиримдиктин санкциялар бийи" деп атап коюшат.

Адатта Венгрия менен Словакия белгилүү орусиялык олигархтарды "кара тизмеден" чыгарууну сунуштаганда Министрлер кеңешинин юридикалык тобу дагы башка фамилиялардын тобун алып чыгат. Алар кандайдыр бир олуттуу далилдердин жоктугуна байланыштуу кайсы бир күнү бул тизмеден чыкчулар. Ошентип эки тарап кандайдыр бир компромисске келет.

Өткөн жылы "кара тизмеден" чыгарылгандардын арасында "Яндекс" интернет компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аркадий Волож, орусиялык ишкер Сергей Мндоянц, Европадагы орусиячыл "Түнкү карышкырлар" мотоцикл клубунун словакиялык жетекчиси Йозеф Хамбалеки, Formula 1 автожарышынын катышуучусу, олигарх Дмитрий Мазепиндин уулу Никита Мазепин, "Вагнер" менчик жалданма аскердик компаниясынын мурунку лидери, маркум Евгений Пригожиндин апасы Виолетта Пригожина дагы бар.

Бул ирет Венгрия орусиялык ишкерлер Дмитрий Мазепинди, Алишер Усмановду, Гүлбахор Исмаилованы (Усмановдун карындашы), Михаил Фридманды, Вячеслав Моше Канторду, Петр Авенди, Муса Бажаевди жана Орусиянын спорт министри Михаил Дегтяревду "кара тизмеден" чыгарууну талап кылууда.

Быйыл 7-мартта Евробиримдиктин Министрлер кеңеши өз вариантын сунуштады. Анда жакында каза болгон үч адам — орусиялык саясатчы Николай Рыжков, аскер жетекчилери Андрей Ермишко жана Алексей Болшаков да бар. Каза болгондорду тизмеден чыгаруу адаттагы көрүнүш болгону менен кээде Брюссель алардын активдери камакта калышы үчүн санкцияларды сактап калат.

Ошондой эле Брюссель Владимир Рашевский аттуу ишкерди да "кара тизмеден" чыгарууну сунуштады. Ал буга чейин Европа сотунда (ECJ) өзүнө карата санкцияларга каршы доо арыз берип, утуп алган.

Мөөнөт жакындап калды

Эми Венгрия менен Словакия бул кырдаалга кандай жооп кайтарат деген суроо туулат.

10-мартта Брюсселде Евробиримдиктин элчилери бул маселени талкуулап жатканда Будапешт көбүрөөк убакыт сурап, азырынча Министрлер кеңешинин акыркы сунушу боюнча расмий позициясы жок экенин билдирди. Эми элчилер 12-мартта жана 14-мартта дагы чогулушат.

Ал эми санкциялар 15-мартка чейин жаңыланыш керек.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары маектешкен расмий өкүлдөр Венгрия Кеңеш сунуштаган төрт гана кишини тизмеден чыгаруу менен чектелет деп ишенбейт. Акырында, компромисске жетишүү үчүн Евробиримдиктин башка мүчө-мамлекеттери кошумча адамдарды да тизмеден чыгарууга аргасыздан макул болушу мүмкүн.

Эгерде сүйлөшүүлөр толугу менен үзгүлтүккө учураса, расмий өкүлдөр башка жолдорду караштырышат. Варианттардын бирине ылайык, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көбү улуттук деңгээлдеги санкцияларды киргизиши мүмкүн.

Бирок бул да оңой эмес. Биринчиден, Еврбиримдиктин айрым өлкөлөрүндө улуттук санкция киргизе турган механизмдер жок, алар толугу менен шаркеттин деңгээлиндеги чектөөлөрдөн көз каранды. Экинчиден, эгер Венгрия жана Словакия санкцияларды сактоодон баш тартса, "кара тизмедеги" адамдар бул өлкөлөр аркылуу Евробиримдиктин аймагына оңой эле кире алышат жана бул чектөөлөрдүн натыйжалуулугун жокко чыгарат.

Которгон: Элиза Кененбаева

Шерине

XS
SM
MD
LG