Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:07

"Камап алып зордуктады". Психдиспансерде кордук көргөн кыздар


Ооруканада зобулук көргөн 17 жаштагы Асемдин апасы.
Ооруканада зобулук көргөн 17 жаштагы Асемдин апасы.

Казакстанда Психикалык саламаттык борборунда дарыланып жаткан эки кыз "мекеменин кызматкерлеринин зордуктоосуна" кабылганын айтып чыгышты. Кыздардын бири жашы жете элек өспүрүм экени, зордуктоодон кийин боюна бүтүп, аборт жасатканы белгилүү болду. Полиция иш козгоду, бирок шектүүлөр аныктала элек.

"БӨЛМӨГӨ КАМАП АЛЫП ЗОРДУКТАДЫ"

Психикалык саламаттык мекемесинин (психдиспансер) бейтаптары дарылануу мөөнөтү аягына чыкканга чейин ал жактан кете алышпайт. Мындай ооруканаларда көзөмөл катуу, бейтаптар күнү-түнү кайтарууда.

Жабыркаган тараптын өтүнүчүнөн улам кыздардын аты-жөнү бул макалада өзгөртүлүп жазылды, жүзү көрсөтүлбөйт.

Медициналык мекеменин ичинде зордуктоого кабылганын алгач 22 жаштагы Гүлим айтып чыкты. Күйөөсү менен ажырашуусу өтө оор болгондон кийин ага "депрессия" деген диагноз коюлуп, 2024-жылы жайында Психикалык саламаттык борборуна дарыланууга жөнөтүлгөн. Доктур ага 20 күндүк дарылоо курсун дайындаган.

Мындай ооруканага Гүлим буга чейин эч качан жаткан эмес. Абалы жакшырарына үмүт кылып, дарылануусун баштаган. Бирок дал ушул дарылоочу мекеменин ичинен ал сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирди. Кыздын айтымында, санитар болуп иштеген эки эркек аны "телевизор турган бөлмөдөн жана тепкичтин жанынан" зордуктаган.

"Эмне кылып жатасың? Аялың, бала-чакаң бар го!" – дедим. Бирок айтканыма карабастан арам оюн ишке ашырды да, эч нерсе болбогондой мени бөлмөдөн чыгарып жиберди. Дагы бир күнү экинчи санитар каршылык көрсөткөнүмө карабастан ошол эле бөлмөгө күчтөп киргизди. Эшикти кулпулап алып зордуктады. Ага каршылык көрсөтө албадым, нес болуп, коркуп калгам", – деп айтып берди Гүлим "Азаттыктын" казак кызматына.

22 жаштагы Гүлим ооруканада кабылган зомбулук тууралуу айтып берди.
22 жаштагы Гүлим ооруканада кабылган зомбулук тууралуу айтып берди.

Гүлим ооруканада жатканда башынан өткөнү тууралуу дароо айтып чыга алган эмес. Санитарлар аны "борбордон чыгарбай коёрун" айтып коркутушкан. Дарылануу курсу аяктагандан кийин үйүнө кайтканда ал ого бетер эч кимди көргүсү келбеген оор абалга түшкөн. Апасы кайрадан ооруканага жатууну сунуш кылганда гана ал баарын ачык айтып берген.

Ооруканада зордуктоого кабылган жалгыз бейтап эмес экенин билдирген кыз ошондой зомбулуктан жапа чеккен кеминде дагы үч бейтап кыздын окуясын айткан. Гүлимдин апасы ошол кыздардын бири, 17 жаштагы Асемдин үй-бүлөсүн таап, апасы менен байланышка чыккан.

Асем үч жылдан бери Түркистан облустук Психикалык саламаттык борборунда каттоодо турат. Дарыгерлер ага "шизофрения" деген диагноз коюшкан. Үч жылдан бери ал аталган борбордо 17 жолу дарыланып чыккан. Кыздын мыйзамдуу өкүлүнүн жана апасынын айтымында, акыркы жолу ал дарыланууга быйыл июль айында жөнөтүлүп, август айынын соңунда чыккан. Үйүнө кайткандан кийин ал "санитарлардын зомбулугуна кабылганын" айткан.

"Кийинки кездери ал көп жата берчү болду. "Сен минтип жата бербешиң керек эле. Эмне болду? Ооруп турасыңбы?" дегениме эч нерсе айтпайт. Сулк түшүп жата берет. Эмнеге минтип жатат болду экен деп ойлоп коём. Кийин куса баштады. Ооруп жаткан чыгар дедим. Кийинчерээк гана шектене баштадым. Ошентип, аны УЗИге алып бардык. Жыйынтыгына ишенбей, кайра текшерттик. 10 апта 4 күн боюнда бар экенин айтышты", – дейт Асемдин апасы.

Асем 10-11 апта кош бойлуу экенин шаардык диагностикалык борбордон да, райондун борбордук ооруканасынан да тастыкташты. "Эки мекеме тең кызым психиатриялык ооруканада жаткан учурда боюна бүткөнүн тастыкташты", – дейт кыздын апасы.

Чымкенттеги облустук психиатриялык ооруканада дарыланган кыздар зордуктоого кабылганы тууралуу алардын жакындары айтып чыгышты.
Чымкенттеги облустук психиатриялык ооруканада дарыланган кыздар зордуктоого кабылганы тууралуу алардын жакындары айтып чыгышты.

Асемдин апасы кызы дарылануу үчүн барган жайдан ушундай зомбулукка туш болгонуна зээни кейийт. Көргөн зордугу тууралуу кызы апасына баарын - түнүчүндө телевизор турган бөлмөдөн бир нече жолу, чатыр жактан жана колоннанын жанынан зордукташканын айтып берген.

"Палатадан коридорго чыгарып жатканда көкүрөгүнө түрткүлөшөт экен. Телевизор турган бөлмөгө кирбей, "барбайм" деп каршылык көрсөткөнүнө карабастан күчтөп киргизишчү экен. Кызым "апа, мен алар эмне кылганы жатканын сезип турчумун, кимиси эмне кыларын да билчүмүн" дейт. Бирок аны эч ким коргоп кала алчу эмес, колу-бутун байлап, керебетке таңып, ийне сайышчу экен. Ал "мен жөн гана ыйлап, жата берүүдөн башка аргам жок болчу. Колу-бутум шалдырап, мээм иштебей калгандай болуп, каршылык көрсөтө албай, көзүм өзүнөн өзү жабылып, уйкуга тарта баштачу" дейт. Ошол учурда санитар кирип барчу экен. Кызым анын чечине баштаганын көрүп, бирок кыйкырганга чамасы келбей кала берчү экен", – дейт Асемдин апасы.

Ал дароо полицияга кайрылган. Асемдин абалы начарлап, аборт жасатышкан.

"Кадимкидей эле толгоо тартты. Кыйкырып, ыйлады. Ургулады, соккулады. Өтө оор болду, катуу кыйналды. Кызым оорукчан, аны билем. Санитарлар анын ошол оорулуу абалынан жана алсыздыгынан пайдаланышкан", – дейт кыздын апасы.

Асемдин апасынын айтымында, кызынын абалы оорлоду.
Асемдин апасынын айтымында, кызынын абалы оорлоду.

"ШЕКТҮҮЛӨР АНЫКТАЛГАН ЖОК"

Гүлим менен Асем Түркистан облустук Психикалык саламаттык борборунун №3 аялдар бөлүмүндө жатканда "зордуктоого кабылдык" деп айтып жатышат.

Аталган борбордун башкы дарыгеринин орун басары Кабилет Абеновдун айтымында, эки кыз тең бир эле бөлүмдө бир убакта дарылануудан өтүшкөн. Кыздар зордуктаганын айткан эки санитардын бири окуя ачыкка чыккандан көп өтпөй жумуштан бошонуп кеткен. Экинчиси өз эсебинен эмгек өргүүсүнө чыккан.

"Шектелип жаткан кызматкерлерге жана борбордук башкармалыктын тийиштүү кызматкерлерине байланыштуу ички териштирүү жүргүзүлдү. Бирок ички иликтөөнүн акыркы жыйынтыгы тергөө аяктагандан кийин гана жарыяланат. Кошумча экспертиза да жүргүзүлүп, ошонун жыйынтыгына жараша административдик чара көрүлөт", – деди Абенов.

Түркистан облустук Психикалык саламаттык борбору.
Түркистан облустук Психикалык саламаттык борбору.

Башкы дарыгердин орун басарынын билдиришинче, Асем жана Гүлим дарыланган бөлүмдөгү видео көзөмөл камераларынын жазуулары чогултулду, аларга карата зомбулук кылынганы тууралуу фактылар аныкталган жок. Ал эми кыздар айтып берген телевизор турган бөлмөдө жана чатыр жакта видео көзөмөл жок.

"Азаттыктын" казак кызматы сөз болуп жаткан санитарлар менен өз алдынча байланышып көрүүгө аракет кылды, бирок бири да телефон чалууларга жооп берген жок.

Чымкент шаардык полиция департаментинен "Азаттыкка" билдиришкендей, Асемдин жана Гүлимдин арыздарынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок бул иш боюнча жүрүп жаткан тергөө алкагында шектүүлөр азырынча аныктала элек.

"Шектүү деп божомолдонуп жаткандардын аракетин жана жабыркагандардын көрсөтмөлөрүн текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Аборт жасалгандыгы тууралуу факт боюнча да соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү. Тергөө уланууда", – деп билдирди полиция мекемеси.

Түркистан облустук Психикалык саламаттык борбору.
Түркистан облустук Психикалык саламаттык борбору.

Боюнан алдыргандан кийин Асемдин ден соолугу начарлап кетти. Апасы билдиргендей, ал соңку кезде өз жанын кыюу тууралуу көп айта баштады.

Жабыркаган кыздардын үй-бүлөлөрү тергөөнүн жүрүшүнө нааразылыгын айтып жатышат. Асемдин апасы кызына аборт жасатар алдында ичиндеги баладан анализге кан алышканын белгилеп, "Эгер полициянын экспертизасынан күмөнүбүз жарала турган болсо, биздин далилдерди ишке тиркөөнү талап кылабыз", – деп айтты.

"Күмөн ой жана ишенбөөчүлүк жаралып жаткан себеп: аборт жасап жатышканда мен түйүлдүктү көргөм, ал эки алаканга бата тургандай чоң эле болчу. Салмагы 150 грамм дешкен. Бирок биз экспертизага барганда түйүлдүк да, плацента да кип-кичине экенин, заара анализи алынуучу кадимки контейнердин ичине салып коюшканын көрдүк. Он күндө түйүлдүк ошончолук кичирейип кетиши мүмкүн беле? Биз арыз берип жатканда полиция анализ алган эмес, УЗИнин жыйынтыгын көрсөткөнүбүздө ишенбей коюшкан. Азыр түйүлдүктү карасам, айырбаштап коюшкан сыяктанат. Оорукананы жаманатты кылбаш үчүн ишти эптеп жаап салууга аракет кылып жатышкандай көрүнөт", – деген оюн бөлүштү Асемдин апасы.

Түркистан облустук Психикалык саламаттык борбору 740 бейтапка эсептелген.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, буга чейин аталган ооруканада зордуктоо окуясы катталган эмес.

"Азаттыктын" казак кызматынын макаласынын котормосу. Макаланын автору Дилара ИСА

Шерине

XS
SM
MD
LG