Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Манас таануу – көп тарамдуу, көп катмарлуу тармак


Манас таануучулар Жогорку Кеңеште. 02.12.2024.
Манас таануучулардын жалпы жумурияттык биринчи шеринесинин катышуучулары Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин имаратында “Манас” эпосуна арналган жаңы мыйзам долбоорун талкуулашты. 02.12.2024.

“Манас” эпосунун күнүнө карата тарыхчынын блогу.

2–3-декабрда Бишкекте манас таануучулардын бүткүл жумурияттык туңгуч шеринеси (форуму) өттү. Ага өлкөнүн жети облусунан келген манас таануучулар, агартуучулар, илимпоздор, ошондой эле бир катар манасчылар катышты. Шеринеде заманбап жана болочоктогу манас таанууну өнүктүрүү көйгөйлөрү тууралуу азыноолак ой бөлүшө алдык.

Манас таануу шеринеси жөнүндө учкай сөз

2024-жылы 2–3-декабрда Кыргызстандын борбор шаарында Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата “Манас” улуттук академиясы тарабынан Манас таануучулардын жалпы жумурияттык шеринеси (форуму) өткөрүлдү.

Манас таануу шеринесинин көрнөгү. 02.12.2024.
Манас таануучулардын жалпы жумурияттык биринчи шеринесинин (форумунун) көрнөгү. 02.12.2024.

Эгемен өлкөбүздүн жети облусунан 70тен ашык мугалимдер, агартуучулар, ошондой эле 30га чукул илимпоздор катышкан бул шеринеде “Манас” эпосу тууралуу маалыматты калың журтка жана дүйнө коомчулугуна жайылтуу жаатындагы ар кыл сунуштар, пикирлер айтылды.

Ара-чолодо “Манас” улуттук академиясынын ар тараптуу ишмердигин андан ары илгерилетүү боюнча сунуштар да байма-бай айтылды. Бул мекеме, жарандык коомчулуктун тилегине жараша, таптакыр жоюп салуудан сакталып калгандыгын калайык дурус билет.

“Манас” улуттук академиясынын “Фейсбук” барагындагы жарыясы. 02.12.2024.

Уюштуруучулар “Манас” улуттук академиясынын “Фейсбук” барагында белгилешкендей, 2-декабрда түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттар Камила Талиева менен Мирлан Самыйкожо сунуштап жаткан “Манас” эпосу жөнүндө мыйзам долбоору дагы коомдо кызуу талкууга алынды.

Ал эми 3-декабрда болсо Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Чыңгыз Айтматов залында залкар манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармаларынын 3 томдук жыйнагынын бет ачары өткөрүлдү. Бул жыйнак “Манас” улуттук академиясы тарабынан Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана манасчы Саякбайдын 130 жылдыгына арналып жарыяланган.

Бул китептин жарык көрүшү өзгөчө символдук мааниге ээ. Телчиге баштаган “Манас” улуттук академиясы буга чейин эле бир катар баалуу китептерди жарыялоого жетишкен.

Ал эми жаңы жыйнак академиянын илимий-жамаагаттык иш-багыттарынын бири – манас таануу жаатындагы китептерди жарыкка чыгаруу милдети азыркы тапта дагы көңүл чордонунда кала берерин таасын айгинелейт.

Бул жаатта башка илимий мекемелерде иштеп жаткан манас таануучу жана башка илимпоздор “Манас” улуттук академиясынын азганактай мүчөсү бар жамааты менен тыгыз иштешүүсү абзел. “Манас” улуттук академиясынын жаңы жетекчиси Азиз Биймырза уулу биз менен маегинде ушундай тыгыз кызматташтык улантылаарын баса белгиледи.

Бишкектеги манас таануу шеринесине, маселен, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессорлору Курманбек Абакиров, Садык Алахан агайларыбыз дагы катышып жаткандыгына канааттандым. Алар – “Манас” эпосунун салттык мурасын ылайлаткысы келген “жайсаңчылардын” жосунсуз жоруктарын ырааттуу ашкерелеген жана бул иш-аракетке башка да кыргыз айдыңдарын тарта алган уюштуруучу илимпоздор.

Андан тышкары Курманбек Абакиров агайыбыз “Манас” эпосундагы казак ханы Эр Көкчө тууралуу жаңы монографиясы аркылуу манас таануунун изилдөө чөйрөсүн кеңейтип бергени маалым.

Албетте, “Манас” улуттук академиясынын өзү дагы дүйнө жүзүндөгү ар кыл университеттерде жана академиялык мекемелерде чачыраган өз демилгелүү манас таануучуларды ширелтүүсү абзел.

Биз ушул жаатта айрым ойлорубуз менен видео тасма аркылуу бөлүштүк.

Тасма. Манас таануунун болочогу тууралуу сөз. 02.12.2024.

Манас таануу – көп тамырлуу, көп бутактуу илимий тармак

“Манас” улуттук академиясы өзүнүн манас таануу жаатындагы иликтөөлөрдү уюштуруу иштерине жалаң гана фолклор таануучу, эпос таануучу, ономаст, тилчи жана адабиятчы адистерди тартуу менен чектелбестен, этнограф, тарыхчы, булак таануучу, архив таануучу, музей таануучу, тарыхый география жана картография адистери, музыка таануучу, көркөм өнөр түрлөрүн иликтөөчү, педагог, илимий котормочу жана башка илимпоздор, ошондой эле маалымат технологиясынын адистери дагы камтылгандай бийик сереге көтөрүлүүгө тийиш.

“Манас” улуттук академиясынын болочок Илимий кеңешине ар кыл тилдерде сүйлөгөн чет өлкөлүк манас таануучулар, кыргыз таануучулар жана эпос таануучулар дагы тартылышы керек.

Бул жаатта дагы уучубуз куру эмес.

Түркияда Нажийе Йылдыз, Гүлзура Жумакунова сыяктуу жүздөгөн илимпоздор, Францияда Реми Дор, Германияда Карл Райхл, Гундула Салк, Кытайда Мухммед Ху Чжэнхуа, Лаң Йиң, Адыл Жуматурду, Мамбеттурду Мамбетакун, жапондук Такао Нишиваки ж.б. илимпоздор, Түштүк Корея, Орусия, Монголия, коңшу Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдөгү эпос таануучулар дагы өз алдынча изилдөө жүргүзүп келишет.

Алардын башын кошо ала турган мекемелердин бири – “Манас” улуттук академиясы.

Демек, бул академия өз ишмердигин ар кыл тилдерде да жүргүзүүсү үчүн ага көп тилдерди билген илимпоз адистерди, котормочуларды, медиа өкүлдөрүн да ишке тартуу абзел.

Албетте, жаш муундарды “Манас” эпосун дилгирлик менен үйрөнүүгө шыктандыруу үчүн заманбап мултимедиа каражаттары жана ыкмалары, анын ичинен кино, видео, аудио тасмалар жаратуу усулу дагы унутта калбоого тийиш.

Жакында Назира Аалы кызынын сунушу менен манасчы Рысбай Исаков инибиз кирил жазмасындагы алфавиттик тамгаларга ылайык сөздүк түзүү ишин баштаган экен. Бул усул дагы өтө кызыктуу.

Рысбай Исаковдун "Фейсбук" барагындагы жарыяларынан. "Э" тамгасы. 01.12.2024.

Рысбай инибиздин жарыяларында эпостук топоним, антропоним жана башка терминдик маалыматтар жана алардын түшүндүрмөлөрү шурудай тизилип сунушталып жатыптыр.

Менимче, Рысбайдын сөздүгүн илимий редакциялоо жаатында Кыргыз улуттук энциклопедиясындагы жана башка дасыккан редактор адистерди тартынбай чакыруу абзел.

Манасчылар, манас таануучулар жана башка кыргыз таануучу адистер тыгыз кызматташкан мындай учурлар системалуу чыңдалышы абзел.

“Манас” улуттук академиясы манас таануу жана эпос таануу ишмердиги аркылуу эгемен Кыргызстандын жана диаспоралык топтору дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө чачыраган жалпы кыргыз улутунун маданиятын төгөрөктүн төрт бурчуна жакындан тааныштырат эмеспи.

Бул көп тарамдуу көйгөйлөр аталган академияга маалыматтары көп тилдерде жарыялануучу заманбап интернет казынасын түптөө милдетине дагы тиешелүү.

Айтмакчы, орчун маалыматтар бир эле учурда кыргыздын заманбап кирил, латын, арап жана битик жазмаларына көчүрүлүшү абзел. Буга азыркы маалымат технологиясы мүмкүндүк берерин Бахтияр Шаршеев инибиз сыяктуу демилгечи жаштар эчак далилдешкен. (Караңыз: https://www.qyrgyz.com/).

Декабрдын (бештин айынын) 4үндөгү “Манас” эпосунун күнүнө байланыштуу майрамдык шаани эртеси эле узак мөөнөттүү иш-чараларды аткаруунун демейдеги күрдөөлүнө жол бошотору анык.

Кыргыз Өкмөтү жана жалпы жарандык коомубуз “Манас” улуттук академиясы менен “Манас” улуттук театрына колдоосун бул майрамдан кийин деле ырааттуу жүзөгө ашырат деп үмүттөнөбүз.

Доорубуздун манасчыларына, “Манас” улуттук академиясына, “Манас” улуттук театрына, манас таануучуларга жана жалпы эле эпостук мурасыбызды аздектөөчүлөргө албан ийгиликтер каалайбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG