Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган маалыматта эки өлкөнүн атайын кызматтарынын төрагалары - кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун 4-декабрда Баткендеги жолугушуусунда тактоо иштери аяктаганы айтылган.
Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.
Маалыматта кайсы тилкелер кандай чечилгени жазылган эмес.
Жолугушуудан кийин эки өлкөнүн УКМК башчылары төмөнкүдөй маалымат беришти:
“Эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо иштери биздин өлкө лидерлеринин саясий эркинин арты менен дээрлик чечилди. Жумушчу топторго бул ишти аягына чыгаруу тапшырмасы берилди. Андан ары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо боюнча мамлекеттер ортосундагы келишимге өтөбүз”, - деди тажик атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимов.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын тарыхый учур деп баалады:
“Мен чек ара боюнча макулдашуу аягына чыгып, тарыхый учур болуп жатканын жоопкерчилик менен айта алам. Ятимов айткандай, алдыда юридикалык жараяндар, келишимди парламент аркылуу ратификациялоо жана эки мамлекет башчыларынын кол коюу иштери турат. Мен жакынкы бир нече ай ичинде чек ара маселесине толугу менен чекит коёбуз деп ойлойм. Өкмөттөр аралык комиссиянын мүчөлөрүнө жана Саймумин Сатаровичке (Ятимов – ред.) ыраазычылык билдирем. Сиз чоң жумушту аркаладыңыз, сиз менен чогуу бул ишти аягына чыгарганыбызга рахмат айтам”, - деди ал.
Тажикстандын “Ховар” мамлекеттик маалымат агентиги кыргыз өкмөтү тараткан маалыматка окшош эле кабар жазды. Азырынча эки өлкө тең талаштуу тилкелердин кандай чечилгени боюнча расмий кабар тарата элек.
Баткендин эле акыркы жаңылыкка кубанып турганын, алар коопсуз жашоону көксөп келгенин Баткен районунун мурдагы акими Хаиталы Айкынов "Азаттыкка" билдирди.
“Кыйын татаал жол менен келди. Учурунда 3-4 жолу жумушчу топтор жолугуп, жыйынтыксыз дагы болуп жүрдү. Мунун баары маселенин татаалдыгынан кабар берет. Бүгүн ошол маселе чечилди. Ошол жердеги жашаган элдин үмүтү дагы биринчиден коопсуздук, экинчиден мурдагы карым-катнаш калыбына келип, мурдагы тарыхый мамилеге үмүт кылат”, - дейт ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши жыйынтыктоочу баскычка келгенин өкмөттүн 19-августтагы кеңешмесинде билдирген.
“Чек ара маселеси биздин жарандарды тынчсыздандырган көйгөйлөрдүн бири болчу. Баткен облусун бир эмес эки жолу калыбына келтирүүгө туура келди. Садыр Нургожоевичтин күчтүү эрки жана Камчыбек Кыдыршаевичтин командасынын ишинин жыйынтыгы менен кыргыз-өзбек чек арасы толук такталып бүттү. Азыр эми Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычта турат”, – деген Акылбек Жапаров.
Мунун алдында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн жарандары өткөн эки-үч транзиттик тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 5-августтагы маалымат жыйында айткан. Министр кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки-үч айда жыйынтык болорун белгилеген.
Буга чейин кыргыз расмийлери кыргыз-тажик чек арасы дээрлик такталып калганын бир нече жолу билдиришкен. Июлдун аягында кыргыз-тажик чек арасынын 94% такталганын эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кабарлаган. Анда калган 6% эң татаал, бир нече жолку чек ара чырына себеп болгон бөлүктөр экени айтылган.
Ошол кезде Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев 6% тилке Баткен районундагы татаал жерлер экенин тастыктап, бирок кайсы аймактар экенин атаган эмес.
Эки тарап андан кийин дагы бир нече ирет жолугушту. Анда дагы учкай эле маалыматтар берилген болчу.
Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.
Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.
Шерине