Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Маариф” фондунун Борбор Азиядагы директору Хүснү Биржан менен жолугушуп, “Сапат” билим берүү мекемелер тармагын “Маариф” фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын айтканын өкмөттүн басма сөз кызматы 31-декабрда кабарлады.
Өкмөт бирок “Сапаттын” лицейлери кандай шартта өткөнүн тактаган жок.
- “Сапат” тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртаарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү”, - деди Эдил Байсалов.
Хүснү Биржан “Маариф” фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын айткан.
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси 30-декабрда кайра каттоодон өтүп анын негиздөөчүлөрүнүн катарына “Маариф Улусларарасы Егитим Курумлары” акционердик коому жана Түркиянын “Маариф” фонду кошулган. Андан тышкары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги бар.
“Сапат” билим берүү мекемеси лицейлери Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү “Сапаттын” окуучулары менен студенттерине, алардын ата-энелери, мугалимдери жана кызматкерлерине күтүүсүз болгонун билдирди.
Бул тууралуу билим берүү мекемеси Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Бул чечимди кабыл алып жатканда, бардык юридикалык, укуктук маселелердин эске алынгандыгына ишенебиз”, - деп айтылат маалыматта.
1-январда “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси кайра билдирүү таратып, лицейлеринин "Маарифке" өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана "өз укугун мыйзамдардын негизинде жана эл аралык укук талаасында коргоо боюнча аракет көрөрүн" билдирди.
Андагы маалыматка караганда, “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчиси катары Түркиянын жараны Хүснү Биржан жазылган. Ал эми негиздөөчүлөрдүн бири Орхан Инанды соттун чечими менен түптөөчүлөрдүн курамынан чыгарылган. Дагы бир негиздөөчүсү өз ыктыяры менен "баш тартты" деп айтылган.
Эл аралык мекеменин билдирүүсүнө караганда, негиздөөчүлөрдүн бири катары Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги жана А.С аттуу жаран калган. Ал кишини түптөөчүлөрдүн катарынан чыгаруу боюнча сот иши жүрүп жаткан.
- “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин кийинки соттук отурумду күтпөстөн, чукул арада Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшү мекеме жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер үчүн күтүүсүз болду", - деп жазылат билдирүүдө.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “Сапат” билим берүү мекемесинин Түркиянын “Маариф” фондуна өтүшүн сынга алды. Эл өкүлү чечим жашыруун кабыл алынганын айтып, “Сапаттын” Кыргызстандын билим берүүсүнө кошкон салымы чоң экенин билдирди.
“Сапат” лицейлерин түнкүсүн Юстиция министрлиги аркылуу башкага каттап, мекеме ээлерине эртеси кабарланганы укуктук бир топ суроо жаратат. “Сапат” Кыргызстан үчүн миңдеген билимдүү, чыгаан уул-кыздарды тарбиялап, окутуп берди. Ошол жардамы үчүн ыраазычылык билдирүүнүн ордуна жашырынып башкаларга каттоо жумшак айтканда уят иш. Мисалы мен “Маариф” мектептерине такыр каршы эмесмин, алар да ийгиликтүү иштеп, бирок “Сапат” да өз ишмердигин уланта берсе болмок. Бул өтө одоно чечим болуптур, билим берүү мекемелерине мындай мамиле болбошу керек эле”, - деди ал.
"Сапатты" өткөрүп алуу Түркия үчүн эмнеге маанилүү?
Быйыл, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген. Анда экономикалык маселелерден башка Кыргызстандын бардык аймактарында Түркиянын “Маариф” билим берүү фондунун мектептерин ачуу боюнча макулдашуу жанданганы кабарланган.
Андан тышкары жолугушууда ФЕТО уюмуна байланыштуу маселе көтөрүлгөн.
“Биздин коопсуздук мекемелерибиздин ортосундагы кызматташтык, техникалык колдоо долбоорлору ийгиликтүү уланып жатат. ФЕТО (түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт-ред.) баштаган террордун ар түрдүүсүнө каршы күрөштүн уланышына ишенем. Бүгүн кол коё турган коопсуздук келишими аркылуу кызматташтыгын дагы да бекемдейбиз деп ишенем”, - деген Режеп Тайып Эрдоган.
Ага чейин октябрь айында 25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 83 жашында көз жумган.
Анын колдоочулары дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө билим берүү жайларын, мектептерди, университеттерди, диалог борборлорун ачып, иштетип келгени белгилүү. Кыргызстандагы "Сапат" мектептеринин өкүлдөрү түрк лицейлерди ачуу демилгесинин башында Фетхулла Гүлен өзү турганын айтып жүрүшөт.
Түрк бийлиги 2016-жылкы "мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу" аракети катары баалаган окуялардан кийин бул өлкөдө Гүлендин жактоочулары катары таанылган бир катар адамдар камакка алынган.
Расмий Анкара Бишкекке кайрылып, бул кыймылга тиешеси бар окуу жайларды, анын ичинде мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлерин жабууну талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.
2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн.
2018-жылы Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапары учурунда түрк өкмөтү каржылаган “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум кабыл алынган.
Гүлен кыймылынын өкүлдөрүнө чара көрүү талабы Түркия 2018-жылы бул өлкөгө мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков барганда да жаңырган. Бирок анда кыргыз бийлиги бул чакырыкка жооп кайтарган эмес.
Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин 2020-жылы ошол кездеги тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барып, анда “Маариф” мектептерин ачууга мүмкүнчүлүк берген макулдашууга кол коюлган.
2021-жылы “Маарифтин” алгачкы мектеби Бишкекте ачылган. Фонд келечекте мындай билим берүү комплекстерин Кыргызстандын облустарында да ачууну пландап жатканы кабарланган.
Ушул эле жылы Бишкекте "Сапат" мектебинин жетекчиси Орхан Инанды уурдалып, 2023-жылы Түркияда 21 жылга соттолгон.
“Сапаттын” сайтындагы маалымат боюнча, Кыргызстанда билим берүү мекеменин 16 лицейи, “Ала-Тоо” университети, 11 башталгыч мектептери бар.
“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхулла Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүп берилгени белгиленет. Учурда бул мектептерде 53 миңден ашык окуучу билим алат.
Аталган фонд 2016-жылы 17-июнунда түрк өкмөтү тарабынан түптөлгөн. Уюм чет өлкөлөрдө мектепке чейинки, орто жана жогорку билим берүү тармагында иштерди алып барат.
Шерине