Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:26

Парламенттеги суроолор: Чек ара, коррупция, бюджет жана бийликке сын


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

11-декабрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда каралды.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Чек ара

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча документтер Жогорку Кеңешке 2025-жылдын январь айында киргизилерин айтты.

Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасы парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал “чек арага байланыштуу маселе ачык-айкын талкууланат” деп убада берди.

“Тажикстан менен чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. 11-декабрда картографияны сызып даярдап баштайбыз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, жер, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Чек ара чечилгенде “сен уттуң, мен уттум” деген болбойт”, - деди ал.

4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.

Эки өлкө чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолукканда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын жарыялашкан.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылышуулар болгон.

Төрага Шакиев: Кыргызстанда сөз эркиндиги бар

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт. Спикер бул тууралуу парламенттин 11-декабрдагы жыйынында айтып, буга ЖКда журналисттер жыйын болуп жатканына карабай депутаттарды чакырып суроо бергенин мисал кылды.

“Парламентаризмдин бешиги делген Улуу Британиянын парламентинде журналисттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү отурган жерди тосуп коюшкан. Алар депутаттарды чакырып суроо бере алышпайт. Депутаттар башка жол менен чыгып кетишет. Мына ошондой өлкө бизге баа берип атат (ред: сөз эркиндиги боюнча). Бизде каалагандай чакырып суроо берип атат”, - деди спикер.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.

Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.

11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылып, алар коюлган кинени четке кагышкан.

Социалдык тармактарда өзүнүн пикирин жазганы үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар же тергөө абагында отургандар да бар. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган.

“Армения, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар”

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда Армениядан, Абхазиядан мыйзамсыз ташылып келген 15 миңдей машине бар экенин билдирди.

Анын сөзүнө караганда, алардын көбү өлкөгө автоунаанын тетиги деп алынып келген жана 15 миңдей машиненин 90% документи жок. Камчыбек Ташиев парламенттин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, алардын бардыгын тең мыйзамдаштырууга болбой турганын айтты.

“Мыйзамсыз алынып келген бир да машине көчөдө жүрбөшү керек. Алар такси катары кызмат көрсөтүп адамдарды ташып, канча деген кишинин ден соолугуна зыян келтирип жатат. Биз аларды мыйзамдаштырууну үч баскыч менен карайбыз. Биринчи - анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле “мыйзамдаштырып бергиле” дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшы автоунааларды комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тоокана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстанга Армения, Абхазиядан ташылып келген машинелерди бир жолку мунапыс берип, каттоону сунуштаган. Ушундай эле демилге парламентте буга чейин да көтөрүлгөн.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу машинелер кирип жатат.

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алып келинген автоунааларды башка бирөөгө берүү жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБдин аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаа Кыргызстанда катталбайт.

"Сын айткандар дагы сээлдейби?"

Ошентип, Жогорку Кеңеш 11-декабрдагы жыйынында келерки жылдардагы бюджет тууралуу мыйзамдарды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Анда негизинен депутат Исхак Масалиев гана айрым бир маселелерге байланыштуу өкмөттү сындап, ишине канааттандырарлык эмес деген баа берди. Ошол жерден Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дооматтарды четке кагып, Масалиев өзү Салык кызматын жетектеп турганда планды бир дагы жолу аткарбаганын териштиргенин айтты. Бул жагдайдан кийин парламентте өкмөткө карата конструктивдүү сын айткандар дагы сээлдейт деген жоромолдорго жем ташталды.

Депутат Исхак Масалиев сессияда өкмөттүн иши, айрым бир маселелерге токтолду. Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражат тууралуу ачык-айкын маалымат жоктугун айтты:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

"Президенттин тапшырмасы менен Баткен облусуна ипотекалык турак жай курууга 200 миллион доллар каражат табылсын деген. Мен бул каражатты көрсөткүчтөрдөн тапкан жокмун. Бул бюджетке кириши керек эле. Экинчиден, коррупцияга каршы абдан жакшы күрөш, жыйынтык болуп жатат, миллиарддаган акча, имараттар өндүрүлүп жатат. Уурдалган, туура эмес менчиктештирилген имараттар кайтарылып жатат. Ал каражаттар кайсы эсепке түшөт деген маалыматты мен таба алган жокмун. Бул өзгөчө белгиленип көрсөтүлүшү керек болчу. Ал каражаттар Жогорку Кеңештин макулдугу менен иштетилиши керек. Мен негизи үч мисалды дайыма эле айтып келем. Мисалы, Тенгиз Бөлтүрүк деген жаран миллиард сом зыян келтирген дейт. Транспорт министрлигине жана Жаратылыш министрлигине бир миллиарддан сом зыян келтирген деген доомат коюлган. Ал иштер сотко жете элек, бир гана Бөлтүрүктөн өндүрүлдү, калгандары чечиле элек. Бул иштер аягына чейин жетиши керек. Бул оңой эмес акча".

Исхак Масалиев экономика жалаң гана өкмөттүн аракети менен өсүп жатат деп баалоо туура эмес экенин белгиледи. Буга бир катар башка жагдайлар, анын ичинен дүйнөдөгү айрым кырдаалдар да таасир эткенин айтты. Тарыхый мааниси бар имараттардын бузулушу туура эмес экенин, чечим кабыл алган жетекчилер өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин карап көрүшү керек деп билдирди:

"Экономиканын өскөнүнө жалаң эле депутаттар, министрлер жакшы иштегени эмес, башка объективдүү себептер да бар. Дүйнөдө ар кандай окуялар болуп жатат, кандай болсо да биз пайда көрүп калып жатабыз. Мисалы, 200 миң машина келип-кеткени биздин тарыхта болгон эмес. Биз андан пайда көрүп жатабыз, ага тоскоол кылбашыбыз керек. Беш-алты жылдан бери доллардын өзгөрүшү дагы көрсөткүчтөргө таасир берип жатат. Биз бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек, депутаттар менен өкмөттүн ортосунда эч кандай уруш болбош керек, бирок талаш-тартыш, талкуу болушу керек. Бири-бирибизди душман көрүп, бузуку деп атоо - бул эң оңой жол. Акыркы учурда өкмөт жактан бир топ кызыктай иштер болуп жатат. Биздин эстеликтерибиз бар, алар мыйзам аркылуу корголот, ата-бабалардан калган мурас. Биз аларды буздуруп жатабыз. Ысык-Көл мейманканасынан баштап буздурула баштады. Мейли, Ысык-Көл мейманканасынын ордуна чоң хансарай курулду. Анын жанында турган ВДНХны мамлекет туура кайтарып алды, бирок аны сөзсүз буздуруп, ордуна конференция залын салуунун кажети жок. Анын ордуна кытайлар куруп берген резиденцияда чоң конференция зал бар да. Ошол эле жерди көргөзмө бойдон калтырып, келген-кеткендерге көрсөтсө болбойбу? Эски аянттагы өкмөт үйүн Кант цемент заводу чыгарган плита менен чаптап, сырдап койдук. Анын жанындагы соттун имаратында да ушундай аракеттер болуп жатат. Аларды тим эле койсок, эски калыбына келтирип койсок эмне болот? Ал биздин тарыхыбыз да. Баарыбыз эле кутуларда жашаганыбыз болбойт. Эски имараттарды сактап, керек болсо туристтик аймак кылып койсок болот да. Панфилов атындагы музейди талкалап, аны 3800 тонна арматурага алмаштырып жатасыңар. Мен 64кө чыгып, мамлекет жерди арматурага алмаштырганын биринчи жолу угуп жатам. Муну Башкы прокуратура бир карап чыкса болот эле. Батыш жана Чыгыш автовокзалдары тарыхый эстеликтердин катарына кирет. Өкмөттүн укугу экен, аларды тизмеден чыгарып алат экен. Бирок мен тарыхый эстелик имараттарды жок кылып ката кетирип жатабыз дейм. Келгиле, куралы, алдыга жылалы, бирок тарыхыбызды тепкилеп жокко чыгарбайлы. Өкмөт башчы үч жыл мурда көмүр кендерин кытайлык компаниялар иштетет деген, бирөө дагы иштей элек. Мал базарлар цементтелет дегенсиңер, бирөө дагы цементтелгенин көргөн жокмун. Канча министр кызматтан кетти, канча жооптуу кызматкерлер жоопко тартылды, буга өкмөттүн башчысы жооп бериши керек. Эгер ага ишенбестик жарыяланса, менден башка эч ким добуш бербейт. Системаны өзгөртмөйүнчө коррупцияны жоё албайбыз. Менин пикиримде, өкмөттүн иши жетиштүү эмес. Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилигин карашыбыз керек".

Акылбек Жапаров өзүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселеге комментарий берген жок.

Жогорудагы дооматтарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мындай жооп кайтарды.

"Мамлекеттик ипотекалык компания 50 миң батир курабыз деп жатат. Ага миллиард доллардан ашык каражат кетет. МИКке кеткен акчалар инвестициянын эсебинен болуп жатат. Ал кайда келип жатат, эсептери бар. Курулгандан кийин МИКтин карамагына өтөт, андан кийин бюджетке кирет. Быйыл дагы ушундай болду. 2024-жылдын бюджетин караганда канча акча киргенин көрөсүңөр. Баткенде азыр беш миң батир куруп жатабыз. Сиз коррупциядан түшкөн акчалар каякта дейсиз. Мен азыр пландап жатам, болжол менен 16- же 17-декабрда үч жылдан бери коррупциядан түшкөн акчалар тууралуу, канча түштү, каякка жумшадык деп отчет берейин деп жатам. Коомубузду ушундай суроо бар. Ошондуктан ачык-айкын айтып, тизмелерин кошо берем. Бөлтүрүк жана башкалар тууралуу ошол жерде бардык маалыматтарды беребиз. Дүйнөдөгү ар кандай окуяларды туура кабыл алып, туура чечим чыгарганыбыз үчүн бизде тынчтык, туруктуулук бар, экономикабыз иштеп жатат. Инвесторлор биринин артынан бири келип жатат. Кечээ эле президентибиз "мурда инвесторлордун артынан чуркачубуз, анан алар келсекпи же келбесекпи деп бизди тандайт эле, азыр болсо биз инвесторлорду тандап калдык" деди. Бул эң сонун көрүнүш. Тарыхый эстелик жайлар боюнча, Ысык-Көл мейманканасы тууралуу айттыңыз. Ал өтө жаман абалда болчу, ал жерге азыр Ынтымак ордобуз салынды. Бул имарат 100, 200 жыл, керек болсо 300 жыл турат буюрса. Тарыхый эстелик деп мына ушуну айтса болот. ВДНХнын ордуна жаңысы курулат. Эскирип, талкаланып кеткендердин ордуна жаңысы курулса, анын эмнеси жаман? Анда эмне барып өзүңүз карабадыңыз? Бүткөн ишке сынчы көп дегендей, мобул трибунада туруп айтып коюш оңой. Бирок бир имаратты бузуп, анын ордуна элге пайдалуу жаңысын куруу кыйын. Биз менен келишим түзгөн кытайлык компанияларын баарынын иши жүрүп жатат, "Кыргыз көмүрдөн" барып маалымат алсаңыз болот. Мекеменин жетекчиси сизге маалыматтардын баарын берет".

Ташиев Масалиевди бир канча жыл мурда Салык кызматын жетектеп турганда бир дагы планды аткарган эмес деп сындады:

"Азыркы өкмөт убадаларынын баарын аткарып келе жатат. Туура, бул деген турмуш, анча-мынчасы аткарылбай калып жатат. Айтканын ашыгы менен аткарып жатат. Ошондуктан аларды күнөөлөө туура эмес деп эсептейм. Исхак Абсаматович, азыр сиз сын айтып, бизди анча-мынча козутуп жатасыз да. Мен деле сизге айтып коёюн, мен деле маалымат алдым. Сиз деле Салык кызматында жетекчи болуп иштегенсиз. Ал жерде 14 ай иштептирсиз. Сиз иштеген 14 айдын ичинде план аткарылбаптыр. Салык кызматы, Финансы министрлиги Исхак Абсаматовичке болгон маалыматты бергиле. Ошондуктан сын айтуунун алдында сынчынын сыңар өтүгү майрык дегенди карап койсок. Биздин балдар күнү-түнү иштеп жатат".

Натыйжада парламент бюджетке байланыштуу мыйзам долбоорлорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди. Каршы деген бир гана добуш болду.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда Баш мыйзамы өзгөрүп, өлкө президенттик башкарууга өткөн. Аны менен катар парламенттин ролу жана ыйгарым укуктары кыйла кыскарган. Соңку учурда пикирин ачык айтып, ачык сынга алган депутаттар кыйла азайды.

Саясатчы, активист Мавлян Аскарбеков ЖКдагы соңку окуядан кийин депутаттар арасында сын-пикир айтпай, өзүн чектөө дагы күчөйт деген ойдо.

"Исхак Масалиев - парламенттеги аксакал, тажрыйбалуу депутаттардын бири. Ал конструктивдүү, маданияттуу пикирин айтып, аргументтерин, жүйөлөрүн келтирип, өкмөттүн жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрсө, депутат катары оюн айтса, ага жанагындай реакция болуп жатса, бул туура эмес көрүнүш. Бул парламент өкүлдөрүнүн ой-пикирин ачык айтууга чоң жолтоо болот. Ташиев мырза өзү Салык кызматынын башчысын, орун басары, бөлүм башчылары менен кошо камап жатат. Ал жакта олчойгон коррупция бар экенин айтып жатат. Мамлекеттик кызматкерлердин кармалганын, коррупция болуп жатканын дээрлик күнүгө угуп жатабыз, баарын көрүп жатабыз. Өкмөттүн курамына ошондой адамдарды алып келген жетекчинин, ошол Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги каралбаса, анда бул такыр туура эмес да. Ташиев коррупционерлерди кармап атса, ошолорду кызматка койгон адам, өкмөт башчы жооп бербесе, аны кандай түшүнүш керек? Ташиев өзү коррупциянын аягына чыга албай жатабыз, куйругун кестик, эми башын кесебиз деп айтып жатат. Парламентте ушул маселе көтөрүлүшү, ушундай суроо берилиши керек эле да".

"Интербилим" уюмунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Гүлгаакы Мамасалиеванын пикиринде, эгер парламентте аткаруу бийлиги тууралуу сын-пикир айтылбай калса, анын келечекте кесепети тийиши мүмкүн.

"Мамлекеттүүлүктүн, анын түптөлүшүнүн бир бутагы - бул парламент. Бүгүнкүдөй депутаттар ачык сүйлөсө эле аткаруу бийлигинин сынына кабыла берсе, мамлекеттүүлүккө кесепетин тийгизиши мүмкүн. Парламент депутаттары - бул элдин өкүлдөрү. Элдин мүдөөсүн туура, толук, так жеткизиш үчүн парламент күчтүү болушу керек. Биз азыр аткаруу бийлигинин мыйзам чыгаруу бийлигине үстөмдүк кылган учурларын да көрүп жатабыз. Кимдир бирөө оюн ачык айтса, аны кемсинтип, сүйлөбөс кылып коюп жатышат. Парламент өзүнчө эле натариуска айланып калды, келген мыйзамдын баарын эле кабыл алып жатышат деген сөздөр чыга баштады. Акыркы эки жылда биз мыйзамдарды талкуулабай дагы калдык. Жарандык коомдун сунуштары кабыл алынбай калды. Депутаттар өздөрүнүн атын таап, функциясын эстемейинче ушундай кагып-силкүүгө кабыла беришет. Кээ бир сүйлөп чыккандар мандатынан айрылып калып жатпайбы. Канча депутат мандатынан ажырады. Мунун баары эле манипуляция, коркутуу, Эгер силер дагы чакчаңдап сүйлөп чыксаңар, кетиребиз дегендей жагдай болуп жатат. Баш мыйзам өзгөртүлүп жатканда парламентке алсырап каласыңар, аткаруу бийлигинен көз каранды болуп каласыңар деп айтылган болчу. Бирок ошол маалда депутаттар өздөрү эле буга көз жумуп койгон".

Буга чейин Масалиевди президент Садыр Жапаров сынга алган. Ушул жылы май айында Масалиев жергиликтүү медиага берген маектеринин биринде өлкөдөн аткезчилик жол менен алтын чыгарылып кетет деген мазмунда тарап жаткан видео иликтениши керектигин билдирген.

Садыр Жапаров көзөмөл бар экенин айтып, анын туугандары "Масалиевдей ууру же "казиношник" эмес" деген.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген.

Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 20-ноябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттерине өткөргөн брифингде айтып, жакынкы күндөрү кимден канча каражат өндүрүлгөнү тууралуу кенен маалымат берерин билдирген.

Буга чейин Кыргызстанда мурда-кийин жеке менчикке өткөн жерлер, имараттар мамлекетке алынды. Талдоочулар ошол эле учурда өлкөдө менчикке болгон укук да сакталышы керек экенин айтып келишет.

Шерине

XS
SM
MD
LG