Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:50

WSJ: Трамп Украинада ок атуу токтогондо европалык аскерлерди киргизүүнү эп көрөт


АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, Франциянын лидери Эммануэл Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский, 7-декабрь, 2024-жыл
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп, Франциянын лидери Эммануэл Макрон, Украинанын президенти Владимир Зеленский, 7-декабрь, 2024-жыл

Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку урду. Коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облустарда жаңырды. Украин бийлиги орус армиясынын жапырт чабуулуна өлкөнүн энергообъектилери дуушар болгонун билдирди.

Жума күндү Киевдин тургундары кайрадан шаардагы метродо тосууга аргасыз болду. Алардын бири сегиз жаштагы кызы менен баш калкалап отурган Антонина.

"Азыр бул убакта мен жумушка жөнөп, балам мектепке барганын каалайт элем. Бирок өзүңүздөр көрүп тургандай, абадан чабуул тууралуу эскертүү берилип, ракеталардан жашынуу үчүн баш калкалоочу жайга келдик".

Киевде орус аскерлеринин соккусу учурунда адамдар метро станциясынын ичине баш калкалашты.
Киевде орус аскерлеринин соккусу учурунда адамдар метро станциясынын ичине баш калкалашты.

13-декабрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын аймагына абадан жапырт сокку уруп, коркунуч тууралуу эскертүү үндөрү бардык облуста жаңырды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия 93 ракета жана 200 дрон колдонгонун, арасында Түндүк Кореянын ракетасы бар экенин Телеграм-каналына жазды. Абадан коргонуу күчтөрү 81 ракетаны атып түшүрүүгө жетишкенин белгиледи.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Путиндин "тынчтык" планы - баарын жок кылуу. Ал “сүйлөшүүлөрдү” миллиондогон адамдарды коркутуу менен өткөрүүнү каалайт. Ракеталарды чыгаруу үчүн зарыл тетиктерди сатып алууда да чекти билбейт. Мунайдан Путинге жазасыз каларына ишенүүгө жетиштүү акча түшөт. Аны токтотуу үчүн дүйнөнүн күчтүү реакциясы керек: массалык соккуга массалык реакция. Бул террорду токтотуунун жалгыз жолу", - деди Зеленский.

Орусия Украинага ондогон ракета, жүздөгөн дрон менен чабуул койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00

Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, чабуул дрон, ракета, анын ичинде үндүн ылдамдыгынан тез учкан “Кинжал” ракетасы менен жасалган. Киев, Одесса, Львов, Черкасс, Хмельницк, Харьков жана башка облустарда жарылуулар болгону кабарланды.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко орус армиясынын жапырт чабуулуна энергообъектилер дуушар болгонун билдирди.

"Энергетиктер энергосистемага жасалган соккулардын кесепеттерин минималдаштыруу үчүн колдон келген аракетин кылууда. Коопсуздук маселеси чечилери менен келтирилген зыян такталат. Коркунуч уланып жатканда, баш калкалоочу жайларда болуңуз!”.

Украинанын Киев жана Тернополь облустарында электр жарыгы өчүрүлдү. Жапырт аба чабуулунан улам Польша бомбалоочу учактарын абага көтөрүп, абадан коргонуу системаларынын даярдыгын күчөттү.

Бейшембиде Запорожьеде Орусиянын ракета соккусунан набыт болгондор 11 кишиге жетти. Аймактык бийлик 10-декабрдагы аткылоодон кийин ураган үйдүн астынан дагы бир аялдын сөөгү табылганын маалымадады.

Запорожье, Украина.
Запорожье, Украина.

12-декабрда украин президенти Запорожьеде болуп, аскердик штабдын жыйынын өткөрдү.

Ушул эле күнү АКШ Украинага кезектеги аскердик жардамын бере турганы маалым болду.

АКШнын администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча өкүлү Жон Кирби Украинага кошумча пакеттерди берүүнү "бул администрациянын иши аяктаганга чейин" уланта турганын белгиледи:

Жон Кирби
Жон Кирби

"Бүгүн президент Украинага кошумча абадан коргонуу, артиллерия, учкучсуз учактар жана бронетранспортерлер менен камсыздай турган коопсуздук боюнча жаңы жардам пакетин бекитти. Бул АКШ жарыялаган 72-аскердик көмөк. Президент айткандай, биз "бул администрациянын иши аяктаганга чейин кошумча пакеттерди берүүнү улантабыз".

Ал эми жаңы шайланган президент Дональд Трамп жекшембидеги интервьюсунда анын инаугурациясынан кийин Киевге берилчү аскердик жардам азаяшы ыктымал экенин билдирген.

The Wall Street Journal ички булактарына таянып, Трамп ок атпоо келишиминин сакталышын көзөмөлдөө үчүн Украинага европалык аскерлерди киргизүүнү жактарын жазды.

Маалыматка караганда, 7-декабрда Париждеги жолугушууда Трамп Украина менен Франциянын президенттерине Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдобой турганын, бирок согуштук аракеттер токтогондон кийин күчтүү жана жакшы куралданган Украинаны көргүсү келерин айткан.

Трамп Европа Украинаны коргоодо жана колдоодо чоң роль ойношу керектигин, Кытайга кысым көрсөтүп, Орусияга согушту токтотууга таасир этүүгө да чакырды.

The Wall Street Journal белгилегендей, Украинанын аймагына европалык аскерлерди жайгаштыруу боюнча талкуулар азырынча алгачкы баскычта экени айтылды.

Маалыматты 13-декабрда Кремль комментарий берип, орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буларды айтты:

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Мунун бардыгын сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулоого болот жана талкууланууга тийиш. Ок атышууну токтотуунун өзүнөн мурун озуп кетпешибиз керек. Биз бир нече жолу ок атышууну токтотууну эле эмес, биз койгон шарттар аткарылгандан кийин боло турган тынчтыкты каалайбыз деп айтканбыз".

Быйыл июнда АКШнын улуттук коопсуздук мекемесинин мурунку башчысы, генерал Кит Келлог Москваны жана Киевди сүйлөшүүгө мажбурлоо планы бардыгын айтып, Украина андан баш тартса аскердик жардамды кыскартууну, эгер Москва макул болбосо украиндерге жардамды көбөйтүүнү сунуш кылган.

Планда сүйлөшүү башталганда жаатташкан эки тарап тең ок атууну токтотуп, майданда ким кайсы жерде турса, ошол тилкеде калары каралган. Трамп анын согушту токтотуу планы Келлогдун сунушу менен үндөшпү же жокпу айткан эмес.

Украина буга чейин орус армиясы өлкө аймагынан толук чыгып кетмейинче кандайдыр бир сүйлөшүү болорун четке каккан. Жакындан бери Зеленский эки тарап тең жаңжалды азыркы абалында токтотуп, ал эми орус күчтөрү ээлеп алган аймактарын Киев дипломатиялык жол менен кайтарып алары тууралуу сөз кыла баштады.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG