Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:31

"Бишкек сити": Дирекция жоюлду, мейманкана курулушу кечигүүдө


Ороктун жанында куруу пландалган "Бишкек сити" шаарчасынын, "Аккула" ат майданынын ордуна куруу пландалган шаарчанын жана учурда курулуп жаткан "Бишкек сити" көп функционалдуу комплексинин эскиздик сүрөттөрү. "Азаттыктын" коллажы.
Ороктун жанында куруу пландалган "Бишкек сити" шаарчасынын, "Аккула" ат майданынын ордуна куруу пландалган шаарчанын жана учурда курулуп жаткан "Бишкек сити" көп функционалдуу комплексинин эскиздик сүрөттөрү. "Азаттыктын" коллажы.

Кыргызстанда “Бишкек сити” эл аралык ишкердик борборун куруу үчүн түзүлгөн мамлекеттик дирекция жоюлуп, бул милдет Бишкек мэриясына жүктөлдү. Мурдараак шаарча калаа жакасындагы Орок айылынын жанына же “Аккула” ат майданынын ордуна түшөрү маалымдалган. Бирок долбоор азырынча ишке аша элек.

Ал арада “Нарын” ресторанынын ордуна салына баштаган ошондой эле “Бишкек сити” деген аталыштагы көп тармактуу комплекстин курулушу да кечеңдөөдө.

Дирекциядан мэрияга өткөн иш

“Бишкек сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезити соңку санында жарыялады. №345 жарлыкка мамлекет башчы 6-декабрда кол койгон.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Бишкек сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жоюлсун. [...] Бишкек шаарынын мэриясы “Бишкек сити” эл аралык ишкердик борборун куруу” долбоорун ишке ашырууну камсыз кылсын", – деп айтылат президенттин жарлыгында.

Аталган мамлекеттик дирекция 2021-жылдын 1-ноябрында түзүлүп, анын жетекчилигине ишкер Куттубек Оморов дайындалган. Мекеме Москвадагы “Москва сити”, Ташкенттеги “Ташкент сити” шаарчаларына окшотуп, Бишкекте да “Бишкек сити” шаарчасын куруунун үстүндө иш алып бармак. Тагыраагы анын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, долбоорлоп, инвестор табышы керек эле.

Дирекция иштеп чыккан “Бишкек сити” шаарчасынынын эскиздик долбоору.
Дирекция иштеп чыккан “Бишкек сити” шаарчасынынын эскиздик долбоору.

Үч жылдан соң мамлекеттик дирекция өзү жоюлуп, анын милдетин мындан ары Бишкек шаардык мэриясы аткара турган болуп жатат.

Калаа мэри Айбек Жунушалиев "Азаттыкка" берген комментарийинде бул боюнча жумуштар улантыла турганын билдирди:

Айбек Жунушалиев
Айбек Жунушалиев

“Ал дирекциянын алкагында “Бишкек сити” шаарчасы Орокто салынмак. Бирок бүгүнкү күндө шаар дагы өнүгүп, үч эсе кеңейди. Мисалы, бул жерлер мурда Сокулукка караган болсо учурда Бишкек шаарына карап калды. Ошондуктан мэрия бул багыттагы иштерди улантып жатат. Азыр эми дирекция жоюлгандан улам кийинки кадамдар эми аныкталат да. Азыр биз ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Каякка салынат, эмне болот, кандай иштер жүрөт, баары такталууда. Ошонун баары такталгандан кийин биз Бишкек шаарынын тургундарына жарыялайбыз”.

Айткандай эле, баштапкы пландарда “Бишкек сити” шаарчасы “Бишкек машине куруу заводунун” аймагына, же №47 колониянын ордуна курулары айтылып жаткан. Мунун биринчисине атайын кызматтын жаңы имараты салына баштаса, экинчисине ипотека үчүн турак жайлар түшүп жатат.

"Бишкек сити" бизнес шаарчасы кайда курулат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:43 0:00

Кийинчерээк Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров “Бишкек сити” борбору калаа четиндеги Орок айылынын жанына куруларын айтып, аны дирекциянын директору Куттубек Оморов ырастаган. Мындагы ыктымал курулуштун эскиздик долбоорун Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү көрүп чыккан. Иш жүзүндө ал план аткарылган жок.

Бишкектин жакасындагы Орок айылынын жанындагы ушул жерге "Бишкек сити" шаарчасы түшүшү мүмкүн эле.
Бишкектин жакасындагы Орок айылынын жанындагы ушул жерге "Бишкек сити" шаарчасы түшүшү мүмкүн эле.

Акылбек Жапаров башка билдирүүлөрүндө “Аккула” ат майданынын ордуна “Бишкек сити” түшөрүн кеп кылган. Ат майдандын аянты вьетнамдык ROX Group жана TNG Global Foundation берилип, алар түзгөн Кыргызстандагы “РЦА Ливинг” ишканасы бул жерге ири турак жай жана бизнес комплекстерин кура турган болду. Ал “Бишкек сити” шаарчасы деп аталабы-жокпу азырынча белгисиз.

Мэр Айбек Жунушалиев бул жөнүндө мындай деди:

“Баарына белгилүү болгондой, “Аккула” ат майданынын ордуна 1 млрд доллардан ашык инвестиция киргизилгени жатат. Ал жерге ушундай эле бизнес борбору менен шаарча курулат. Анын аталышын азыр биз аныктай элекпиз. Кандай болуп чечилет аны курулгандан кийин көрөбүз”.

"Аккула" ат майданынын жерине курула турган комплекстин эскиздик долбоору. Мэрия тараткан сүрөт.
"Аккула" ат майданынын жерине курула турган комплекстин эскиздик долбоору. Мэрия тараткан сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 26-ноябрда чыгарган токтомуна ылайык, ат майдандын 53,5 гектар жер тилкеси “РЦА Ливинг” ишканасына 49 жылга пайдаланууга берилип жатат. Инвестор 49 ижара акысы үчүн шаар бюджетине 67 млн доллар төлөйт.

Мындан тышкары, ошол аймакта 3,5 млрд сомго үч орто мектеп, үч бала бакча, парк зоналарын, жолдорду, тротуарларды жана коммуналдык тармактарды куруп, шаардык бюджетке акысыз өткөрүп берет. Ошондой эле Бишкек шаарынын Башкы планынын концепциясын иштеп чыгууга 250 миң доллар каражат бөлөт.

Хабибулланын "Бишкек сити" мейманканасы

Баса, 2023-жылдын 10-мартында Бишкекте түрттүрүлгөн “Нарын” ресторанынын ордуна беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор жана соода аянттарын камтыган “Бишкек сити” көп функционалдуу комплексинин курулушуна президенттин катышуусунда капсула салынган.

“Нарын” ресторанынын ордуна курулуп жаткан “Бишкек сити” көп функционалдуу комплексинин эскиздик долбоору.
“Нарын” ресторанынын ордуна курулуп жаткан “Бишкек сити” көп функционалдуу комплексинин эскиздик долбоору.

Кезинде көпчүлүк аны бийлик пландап жаткан “Бишкек сити” шаарчасы менен адаштырып алышкан жана ага бул долбоордун масштабы себеп болгон. Комплексте 296 номери бар беш жылдыздуу мейманкана, 444 батирлүү турак жай, соода аянттары жана 1,2 миңден ашык автоунаа үчүн жер астындагы машине токтотуучу жай болору айтылган. Мындагы эң бийик имарат 37 кабат болот, бирок жалпы комплекстин аянты чаканыраак.

Башка маселе, “Бишкек сити” комплексинин курулушун ачууга эл аралык медиалардын акча адалдоо, мыйзамсыз жүк ташуу боюнча иликтөөлөрүндө аты аталган кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр да барганы талкуу жараткан. Ушул эле күнү ал президент менен чогуу Бишкектин Орто-Сай айылына “Ыйман борбору” деп аталган, 20 миң кишиге ылайыкташкан мечиттин да курулушуна капсула салган. Иш жүзүндө Абдукадыр бул долбоорлордо башкы инвестор экени ачыкка чыккан.

Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.
Президент Садыр Жапаров кытайлык бизнесмен Хабибулла Абдукадыр (оңдон экинчи) менен чогуу баратат. Бишкектин Орто-Сай айылындагы мечиттин курулушуна капсула салуу учуру. 10-март, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров өзүнүн түшүндүрмөсүндө бул маалыматты ырастап, ишкер бул комплекстен башка “Бишкек сити” шаарчасын да курушу мүмкүн экенин билдирген.

“Дүйнөлүк бренддеги беш жылдыздуу мейманканаларды Кыргызстанга чакырып жатам. “Беш жылдыздуу мейманкана курам дегендерге жер беребиз, 5 жылга чейин салыктын кээ бир түрлөрүнөн бошотобуз” деп жарыя кылдым. Анын негизинде инвесторлор келди. Арасында Хабибулла Абдукадыр дагы бар экен. Биз бул инвесторлорго жер берген жокпуз. Алардын мурда сатып алып койгон жери бар экен, илгерки “Нарын” ресторанынын орду. Ошол жерге беш жылдыздуу мейманкана салып башташты. Эки жылда бүтөбүз дешти. [...] Бишкектин ичинен жер сатып алышып “Бишкек сити” деп кичи шаарча салмай болушту. Мурда эле пландап жүрүшкөн экен. Бизде тынчтык орнобой бийлик башындагылар бири-бирибиз менен чабыша берип, булар Ташкентке кетип, “Ташкент Ситини” куруп бүтүп калышыптыр. Эми бизде стабилдүүлүк орногондон кийин кайра инвесторлордун баарын чакырдым. Кайра бизге келишти. Кыскасы, Бишкекке баш-аягы бир жарым млрд доллар инвестиция салышат. Мунун эмнеси жаман?”, - деген Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине 2023-жылдын 11-мартында берген интервьюсунда.

Деген менен “Бишкек сити” комплексине ээлик кылган ТОО Feb group филиалы, Hyper Partners, ARIYA, Core Architecture жана Gurgoli курулуш компаниялары башка жерге “Бишкек Сити” шаарчасын салып баштаган жок.

"Нарын" ресторанынын ордуна курулуп жаткан "Бишкек сити" мейманканасынын азыркы көрүнүшү. 12-декабрь, 2024-жыл.
"Нарын" ресторанынын ордуна курулуп жаткан "Бишкек сити" мейманканасынын азыркы көрүнүшү. 12-декабрь, 2024-жыл.

Ал тургай ушул эле комплекстин өзүнүн курулушу башталганына эки жылга жакындап баратканы менен азырынча ал пайдубал үчүн казылган чуңкурдан өйдө көтөрүлө элек.

"Азаттык" аталган ресторанга мурда ээлик кылган "Нарын" жабык акционердик коомунун директору жана инвестордун өкүлү Умар Бейшекеевге жолугуп, комментарий алды. Ал иштин кечеңдөө себебин жерпайды казуудагы жана долбоордогу түйшүктөр менен байланыштырды.

“Азаттык”: Ошондо тактап койсоңуз, былтыр капсула салынгандан бери эмне жумуштар жүрдү?

Умар Бейшекеев
Умар Бейшекеев

Бейшекеев: "Андан бери жерпайда (котлован) түрдүү иштер жүрдү. Геологиялык изилдөө кылдык, жердин анализин алдык, көп нерселерди алмаштырдык. Уруксат кагаздарын алып жүрдүк. Долбоорду өзгөрттүк. Бул оңой имарат эмес да, муну бат-бат салып койчудай. Кыргызстанда мындай бийик имарат биринчи ирет курулуп жатат. Эртең жер титиреп кетип, бирдемке болуп кетпеш үчүн жети өлчөп эмес, он өлчөп, бир кесип жатабыз. Сөздүн ачыгы ушунун баары убакытты алып койду. Бирок эмдиги жылдан баштап, биз курулушту өтө тездик менен көтөрөбүз"

“Азаттык”: "Кожоюн Хабибулла Абдукадыр өзү келип капсула салууга катышып кеткен эмес беле? Ал болсо Матраимовдордун өнөктөшү экени белгилүү. Ошондуктан коомчулукта “Матраимов камалган үчүн курулуш иштери токтоп калды окшойт” деген да пикирлер болуп жатат?".

Бейшекеев: "Ооба, коомчулукта ошондой пикир болду. Бирок бул иш эч кандай саясий себептерге байланыштуу токтоп калган жок. Курулушту кадимкидей улантып жатабыз. Биздин инвесторубуз Хабибулла ажыке, ооба. Андан аркысын билбейбиз. Бул объекттин Райым Матраимовго эч кандай тиешеси жок”.

“Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген беш жыл мурдагы иликтөөлөрүндө көпчүлүккө белгисиз Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү аныкталган.

Андан кийин “Азаттыктын” “Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк” деген иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда Абдукадырлардын үй-бүлөсү менен чогуу жүргүзгөн инвестициялык бизнеси бар экени билинген.

2023-жылы OCCRP, Temirov Live жана Kloop басылмалары биргелешип жасаган иликтөөдө болсо Хабибула Абдукадырдын Кыргызстандагы бизнес-өнөктөштөрү – Арген Кадырбеков жана Дастан Эрмекбай уулу президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун достору экени айтылган. Муну Президенттин администрациясы төгүндөгөн.

Temirov Live редакциясынын негиздөөчүсү, кеп болуп жаткан иликтөөлөрдүн авторлорунун бири Болот Темиров “Азаттыкка” курган жаңы маегинде буларга токтолду:

Болот Темиров
Болот Темиров

“Мындай капсула салуу аземдери көп болду. УТРК аркылуу “өнүгүп жатабыз”, “курулуп жатат” деп жарыялоо үчүн мүмкүн болгон курулуштардын баарында капсула салып, тасмасын кесип келатышат. Капсула салгандан кийин ойлонуп, санап чыгып, бул долбоор алар үчүн кыйыныраак экенин ойлоп, токтоп калышты окшойт. Менимче азыр бул инвесторлор акчасын көбүрөөк киреше чыгара турган башка бизнестерди таап, ошого салып жатышат. Ошондуктан “Бишкек сити” мейманкана комплексин куруу көпкө созулуп калышы мүмкүн”.

Хабибула Абдукадырдын мурдагы өнөктөшү, экс-бажычы Райымбек Матраимов азыркы бийликтин тушунда эки-үч ирет кармалып, баарында бошотулду. Биринчисинде ал бюджетке 2 млрд сом акча төксө, экинчисинде 200 миллион доллар төлөп, тергөө абагынан чыкканы маалымдалды. Сот башында ага 260 миң сом, акыркысында 100 миң айып пул салды.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG