Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:09

"Өмүр бою камалсын". Зомбулук курмандыгы Айжандын өлүмү боюнча сот уланды


Маркум Айжан Алыкулова.
Маркум Айжан Алыкулова.

Бир жыл мурун Бишкекте киши колдуу болуп өлгөн 39 жаштагы Айжан Алыкулованын өлүмү боюнча соттук териштирүү аяктап баратат. 28-февралдагы отурумда жабыркаган тарап жарыш сөзгө чыгып, кыздын өлүмүнө айыпталып жаткан жаранды өмүр бою эркиндигинен ажыратууну соттон сурашты.

"Тергөө үстүрт жүрдү"

Жогорку билимдүү Айжан Алыкулова бир нече жыл Европада иштеп жүрүп, Бишкектен үй сатып алгандан көп өтпөй, былтыр 24-февралга караган түндө зомбулуктан улам каза тапкан. Айжандын өлүмүнө шектүү деп жарандык никеде турган 34 жаштагы Кирилл Дамиров аттуу жаран кармалган.

Бул иш боюнча соттук териштирүү былтыр май айында башталган. Маркумдун жакындары тергөө объективдүү жүргөн жок деп нааразылык билдирүүдө. Алар 28-февраль күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында акцияга чыгып, соттон адилет чечим жана акыйкат тергөөнү талап кылышты.

Айжандын апасы Роза Жекшенова кызынын өлүмүнө шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен гана кылмыш иши козголуп, бирок кызын токмоктоп, кыйнаганы тууралуу кошулбаганын, кызынын үйүнөн алтын, бриллиант жасалгалары, акчасы жоголгонун, тергөө буга да көңүл бурбаганын айтып, нааразылыгын билдирди:

Роза Жекшенова
Роза Жекшенова

“Биз тергөөгө эч канааттанган жокпуз. Башынан эле айтып келе жатабыз, кызым өлгөн күнү да бизге маалымат берилбей, коңшуларын да киргизбей, милициялар үйдү бүт тытып, тинтишиптир. Анткени шектүү баңгизат колдонот экен. Эч кимди киргизбей, эшикке мөөр басып, өлүктү алып кетишиптир. Үйдүн бүт баары, эшиктер, эмерек бүт талкаланыптыр. Кызымдын соо жери калган эмес, 4-5 саат кыйнаган. Бирок тергөөдө мунун бири да жок. Кызымдын 10 миң евро акчасы, миллион сомдук алтын-бриллианттары бар болчу, ошонун баары жок. Тергөөдө бул да жок. Баңгизаттын да салмагы азайтылып көрсөтүлгөн".

Жабыркаган тараптын адвокаты Такен Молдокулов да тергөө ачык-айкын жүрбөгөнүн айтып, сот ишти кайра тергөөгө жиберүүгө тийиш болчу деп эсептейт.

"Биз сотко адвокаттардын өтүнүчү менен тергөөчүнү чакырып, сураганбыз. Кылмыш ишиндеги баңгизаттын чоң бөлүгү жок, кылмыш болгон жерди кароо эки жолу болгон. Бирок экөөнүн тең протоколунда баңгизат тууралуу маалымат жок. Тергөө жоопкерчиликсиз, үстүртөн, начар жүргөн, ошондуктан мен ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнүп, сотко кайрылгам. Бирок судья аны жокко чыгарган. Бул ишти иликтеген прокурор да, бекиткен прокурор да, акыр аягында судья өзү да жакшылап окуп, таанышкан эмес. Антпегенде кылмыш болгон жерден алынган баңгизат тууралуу маалымат иште жоктугун байкашат болчу", - деди адвокат.

"Кабыргалары сегиз жеринен сынып, өпкөсүнө жарым литр кан толгон"

28-февралда сот Айжан Алыкулованын өлүмү боюнча кылмыш ишинин чоо-жайы менен тааныштырды. Андагы соттук-медициналык экспертиза Айжандын кабыргалары сегиз жеринен сынып, баш сөөгү сынганын, өпкөсүнө жарым литр кан толгонун аныктаган. Өлүмгө башынан алган оор жарааты себеп болгону тастыкталган.

Ошондой эле үч томдук иштин ичиндеги видеотасмада айыпталуучу Кирилл Дамиров кылганы тууралуу көрсөтмө берип, чогуу жашаган Айжан Алыкулованы кантип сабаганын айтып берген. Бирок 28-февралдагы соттук отурумда ал көрсөтмөсүнөн баш тартып, тергөөнүн кыйноосу менен ошондой айтканын, Айжанды өлтүрбөгөнүн билдирди.

Бирок муну жарыш сөз учурунда айыптоочу тарап да, жабыркаган тараптын адвокаттары да жокко чыгарып, ал адвокатына да, эч жакка кыйноо көргөнүн билдирбегенин айтышты.

Адвокат Такен Молдокулов Дамиров сот процесси учурунда эле көрсөтмөсүн төрт жолу өзгөрткөнүн белгиледи:

"Эгер ал биринчи көрсөтмөсүн кыйноонун натыйжасында айткан болсо, кана арызы? Анын адвокаттары аябай билимдүү болчу, капкачан эле коңгуроо кагып чыгышмак. Дамиров Алыкулованы атайылап өлтүргөн. Анткени Айжандан каржылык жактан көз каранды болгон, эч жерде иштеген эмес, бир тыйын акча тапкан эмес. Алыкулованын мойнунда отуруп, 23-февралга автоунаа белек кылуусун талап кылган. Булардын чатагы кызганычтан эмес, дал ошол каржылык көз карандылыгынан келип чыккан".

Дагы бир адвокат Индира Саутова айыпталуучу Кирилл Дамиров кылмыш кылган соң "Тез жардам" чакырбаганын, Айжандын үйүнөн өзүнүн телефону менен ноутбугун алып чыгып кеткени аны атайылап өлтүргөнүн көрсөтүп турганын айтты:

Индира Саутова
Индира Саутова

"Ал Айжандын талуу жерлерине уруп жатканда муну так билген. Өлтүрүлгөн Айжандын өпкөсүнө жарым литр кан толуп калган. Тергөөнүн материалдарындагы сүрөттөрдө үйдөгү бөлмөлөрдүн: ваннанын, ашкананын, уктоочу бөлмөнүн эшиктери жана кулпулары талкаланып калганы көрүнүп турат. Бул деген Айжан зомбулуктан улам бир бөлмөгө качып, киши өлтүргүчтөн жашынууга аракет кылганын, бул анын баарын талкалап, ачканын көрсөтүп турат. Демек, атайылап киши өлтүрүү болгон".

Кирилл Дамировго тергөө Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунун ("Адамды мыкаачылык менен өлтүрүү") негизинде айып койгон.

Жарыш сөзгө чыкканда маркумдун апасы Роза Жекшенова соттон кызынын өлүмүнө айыпталып жаткан Кирилл Дамировду өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жана материалдык чыгым катары 750 миң сом, моралдык чыгым катары 10 миллион сом өндүрүп берүүнү сурады.

Мамлекеттик айыптоочу шектүүнүн кылмышы толук далилденгенин айтып, аны өмүр бою эркиндигинен ажыратууну жана жабыркаган тарап сурап жаткан материалдык-моралдык чыгымды өндүрүүгө макулдугун айтты.

Шектүү тараптын жарыш сөзү жана акыркы сөзү кийинки соттук отурумга, 6-мартка калтырылды.

"Адам өмүрү буюмдан арзан болуп калды"

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова акыркы убактарда эркектердин аялдарга карата зомбулугу күч алганын, адам өмүрү буюм сыяктуу бааланып калганын айтууда:

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Жаш аялды, бирөөнүн кызын, 13 жаштагы баланын апасын өлтүрүп коюшту. Кандайдыр бир каржылык кызыкчылык үчүн бир адамды өлтүрдү. Өлтүрүп коюп, эми кылганын акчага сатып алууга аракеттенип жатат. Кылганын жокко чыгарып, мойнуна алгысы келбей, актангысы, жеңил жаза алгысы келип отурат. 13 жаштагы жетим калган балага апасынын ордун ким алмаштырат? Эч кандай акча ордун толтура албайт. Айжандын окуясында соттун адилет чечими жакынын жоготкондорго сооротуу болсо, коомчулук үчүн аялдардын, кыздардын коопсуздугун бир адамдан сактаган болот эле".

Аягы өлүм жана оор жараат менен аяктаган үй-бүлөлүк зомбулук фактылары Кыргызстанда көп катталууда. Укук коргоочулар жана жарандык активисттер соңку кезде аялдарга зомбулук күчөгөнүн кескин сындап, коңгуроо кагууда.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) эсебинде, Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4 212 окуяга көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен каза болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын 6 айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы 7 аял зомбулуктун курмандыгы болгон.

WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) эл аралык уюмунун отчетунда акыркы жылдары катары менен Кыргызстан аялдардын өмүрү үчүн кооптуу өлкөлөрдүн рейтингинде келе жатат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG