Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

ЕККУ Бишкекте 8-мартта өтүүчү Аялдар маршына мониторинг кылат


Анете Эрдман.
Анете Эрдман.

ЕККУнун (Европа коопсуздук кызматташтык уюму) Адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу (БДИПЧ) 8-мартта Бишкекте өтөрү пландалып жаткан Аялдар жүрүшүнө мониторинг кылат. Бул маалымат 7-мартта, аталган уюмдун адам укугу боюнча кеңешчиси Анете Эрдман Кыргызстандын Акыйкатчы институтуна келгенде айтылды. Омбудсмен институту колдоого даярдыгын билдирди.

"Акыйкатчы институту аялдардын укугун жана эркиндигин коргоону ишке ашырууга тилектештигин билдирүү менен 8-мартта боло турган маршка колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул акция качандыр бир зомбулукка жана басмырлоого кабылган аялдарды колдоочу чара болот деп үмүттөнөбүз", - деди акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев.

Анете Эрдман Кыргызстанда тынч жыйындарды өткөрүүнү мыйзам менен тескөө, укук коргоо органдары тарабынан митингдин катышуучуларына жана аны чагылдырган журналисттерге, ЖМКларга көрүлүүчү чаралардын жол-жобосу кандай экенин сурады.

Жолугушууда тараптар тынч митингдерге мониторинг жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашууну макулдашты.

ЕККУнун кеңешчиси Акыйкатчы институтунун кызматкерлерин тынч митингдерге мониторинг жүргүзүү ыкмаларын үйрөтүүнү сунуштады.

"Бизде тынч жыйындарга мониторинг жүргүзүү боюнча чоң тажрыйба топтолгон. Бул миссия Кыргызстанда алгачкы жолу иштеп жатат. Бизде атайын иштелип чыккан колдонмо бар. Кызыксаңыздар, сиздерге берүүгө даярбыз", - деди Анете Эрдман.

8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте жарандык активисттер жана аял укуктарын коргоочулар Аялдар маршын өткөрөрү кабарланган.

Аялдардын укугун коргоого багытталган марш жыл сайын 8-мартта өткөрүлүп келет.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2022-жылы март айында Бишкектин М.Горький гүлбагынан башка аймактарында митинг, пикет, жүрүш өткөрүүгө тыюу салган. Тыюу мөөнөтү жыл сайын узартылып келет.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу мезгили улам узартылып келатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров былтыр 6-декабрда Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG