Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 32,1 % же 4 212 окуяга көп.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган адамдарга 14 362 убактылуу коргоо ордери берилген – анын 13 663ү аялдарга, 699у эркектерге.
Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 4 076 протокол түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 2 050 адам камакка алынып, 1,5 миңге жакыны коомдук жумушка тартылган.
Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 555 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 276 иш сотко жөнөтүлүп, 133ү кыскартылган. Дагы 38 иш тергелип жатат.
ИИМ кылмыш иштеринин 33ү Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси, “Аффект абалында адам өлтүрүү” менен бир, “Ден соолукка оор зыян келтирүү” менен 28, “Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү” беренеси менен 26, “Ден-соолукка оор зыян келтирүү” менен 11, “Уруп-согуп кыйноо” менен 45, “Зордуктоо” беренеси менен 14, “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” менен 7 жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен 9 иш козголгонун билдирди.
Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аялдардын диний уюмдарынын өкүлдөрү менен 16-январда жолугушуу өткөрүп, аялдарга каршы зомбулукту токтотуу жана алардын укуктарын коргоо боюнча маселени талкуулады.
Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында зордук-зомбулуксуз коомду түзүү үчүн мамлекеттин, жарандык коомдун жана диний жамааттардын бирге иштеши маанилүү экени айтылды.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды. (КЕ)
Шерине