Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:57

Атамбаев президент Жапаровдун энергетика боюнча билдирүүсүнө жооп берди


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык кризис тууралуу президент Садыр Жапаровдун акыркы билдирүүсүнө жооп берди. Мурдагы мамлекет башчынын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланган постто анын президенттик убагында ишке ашкан энергетикалык долбоорлор жана электр жарыгына байланыштуу Кыргызстандагы азыркы кырдаал тууралуу сөз болот.

Алмазбек Атамбаев анын бийлиги тушунда “Датка – Кемин” линиясы, “Датка” көмөк чордону ишке берилип бул проекттердин арты менен Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга транзит үчүн акча төлөбөй калганын жазган. 2012-жылы Токтогул гидроэлектрстанциясынын (ГЭС) гидроагрегаттарын реконструкция иштери башталып, Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кубаттуулугу 300 МВтка көбөйгөнүн кошумчалаган.

“Бишкек ЖЭБи модернизация болуп, 300 МВт кошулду. Ооба, анын айланасында чыр-чатактар жана кылмыш иштери болду. Бирок дал ушул ЖЭБ азыр шаарды жылытып, жарык берип жатканы талашсыз. Ошол эле жылдары чакан жана менчик гидроэлектрстанцияларды, электр тармактарын куруу жана реконструкциялоо иштери жүрүп баштаган. 600 долларга шаймандарды (ред: Бишкек ЖЭБине) алган деп айтып чыккан эки жүздүү адамдар алты жылдан бери энергетикалык көйгөйлөрдү чечип келген кесипкөй адистердин ишин жокко чыгарганы өкүндүрөт. Бүгүн алар Ширшовдун майнерлери “Камбар-Ата 2де” көмөк чордондордун баасын 34 эсе жогорулатып, 4,8 млн сомдон 55 млн сомго чейин көтөрүп койгонун билбей атышат”, - деп жазды Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Алмазбек Атамбаев учурдагы бийликтин мурдагыларды каталары үчүн сындоого укугу бар экенин, бирок миңдеген адамдардын эмгегин жокко чыгарып, “биз келгенге чейин эч нерсе жасалган эмес” деп айтканы туура эместигин кошумчалаган. Ал саясатка аралашуу ниети жоктугун, бирок учурдагы бийликти энергетика жаатындагы чыныгы абалды көрсөткүсү келсе жарыкты импорт жана экспорт тууралуу сандарды ачыкка чыгарууга чакырган.

Президент Садыр Жапаров 9-ноябрда өлкөдөгү энергетикалык абалга токтолуп, дагы бир жолу калкты энергияны үнөмдөп, сарамжал колдонууга чакырган. Мамлекет башчы бул тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып, учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу эки миллиард куб метрге аз экенин билдирип, буга чейинки бийликтегилердин тушунда энергетикалык ири долбоорлор ишке ашпаганын айткан.

“2020-жылга чейин бул тармактын карызы 137 миллиард сомду түзгөн. Кыргызстандын энергетика системасы мына-мына катастрофа болот деп турган убак эле. Ошол учурда “Чыгыш электр” жана “Жалал-Абад электр” ААКынын абалдары өтө оор болчу, тышкы жана ички карыздары күндөн-күнгө өсүп, жумушчуларына эмгек акысын төлөө үчүн коммерциалык банктардан карызга акча алышчу. Мындайча айтканда банкрот болуп калышкан. Энергетиктер ал мезгилдеги кыргыз энергетика системасындагы болуп жаткан бул жагдайды жакшы билишет. Бүткүл генераторлор эски. 1960-жылдардан бери жаңыланган эмес. Жаңы салынган ГЭСтер да жок. Болгону 2009-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи генератору ишке кирген. Башка көзгө басар бир ГЭС курулган эмес. Көз карандысыздык алганыбыздан бери эле кыштын күнү электр энергиясы дефицит болуп келген. Албетте, аны жабыш үчүн импорт алып келип турганбыз. Алганда да бир кВт саатын 5 сомдон алган күндөр болуптур. Мен муну бийлик башына келип, бул тармакта ар түркүн реформаларды жасоо жана бул системада коррупция менен уурулукту жок кылуу маалында билдим. 5 сомдун канчасы чөнтөккө кеткенин бир Кудай өзү билет. Муну эми ошол мезгилдеги бизге энергия саткан өлкөлөр деле айтпайт. Ошондуктан азыр чындыкка жетип териштириш кыйын. 5 сомдон алынып келинген энергияны 0,77 тыйындан элге сатып турушкан. Ортодогу 4 сом 23 тыйын айырмасы энергетика системасына жүк болуп, тагыраагы мойнуна илинген карыз болуп чогула берген”, - деген президент.

Садыр Жапаров энергетика тармагынын карызы 25 млрд сомго чейин азайганын, Кыргызстан кышкысын энергияны 3 сомдун тегерегинде импорттоп, элге 1 сом 37 тыйындан берип жатканын жазган. Мындан сырткары 2026-жылы 25 чакан ГЭС куруларын, энергетикадагы тартыштык убактылуу көйгөй экенин кошумчалаган.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген. Күнүнө эки ирет: эртең мененки жана кечки убактарда бир нече саат бою электр кубатын берүү чектелген. "Акылдуу эсептегичтерде" эртең мененки жана кечки убактарда 5 кВт кубаттуулук 3 кВтка чейин түшүрүлгөн.

6-ноябрда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июнда “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Бишкектин шаардык сотунда 23-октябрда өкүмдү күчүндө калтырган.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал 2019-жылы “Батукаев иши” боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. 2023-жылы 14-февралда абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал Кой-Таш окуясы боюнча ишти Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунда кароо демилгесин сунуштап келет.

2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында чогулгандар менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМК офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар болгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG