Молдова өкмөтү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөр ортосунда визасыз эреже тууралуу макулдашууну денонсациялоону сунуштады. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, мындай чечим өлкөнүн мыйзамдарын Евробиримдиктин талаптарына жакындатуу багытындагы кадамдардын бири болуп саналат.
Расмий Кишинёв бул процесстин алкагында постсоветтик маалда түзүлгөн эски келишимдерди кайра карап чыгууда. Буга чейин Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары дагы Молдовага визасыз кире алышчу.
Эгер документ кабыл алынса, бул эки өлкөнүн жарандары Молдовада иштөө, окуу же жеке максатта баруу үчүн виза алууга тийиш болот.
Молдовалык аткаминерлер бул кадам белгилүү бир өлкөлөргө каршы эмес, тескерисинче, европалык миграциялык жана визалык эрежелерге шайкеш келүү зарылчылыгынан улам кабыл алынып жатканын белгилешүүдө.
Акыркы үч жыл ичинде Молдова КМШнын алкагында түзүлгөн ондогон келишимдерден чыгып кеткен. 2024-жылы өлкө КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясындагы мүчөлүгүн токтотуп, төлөмүн төлөбөй койгон жана "МИР" телеканалынын өкүлчүлүгүн жапкан.
Шерине