Бүгүн, 4-мартта "Бир Дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылы Аялдардын эл аралык күнүнө карата "Аялдардын укуктары жана гендердик инклюзивдүүлүк үчүн" аталышындагы жарандык форумду өткөрдү.
Анда бүгүнкү коомчулукта аялзаты кабылып жаткан ар тармактардагы маселелер, аларга карата жасалып жаткан түрдүү зордук-зомбулук, аялдар тилектештигинин жоктугу өңдүү бир катар маселелер көтөрүлдү.
Иш-чарага жарандык коомдун өкүлдөрү, ар тармактагы активисттер, эл аралык уюмдардын эксперттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акыйкатчынын өкүлдөрү жана украиналык "Берегиня" коомунун өкүлдөрү чакырылган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнуру Алтыбаева, "Акыйкат гүлдөрү" коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Кожокмат, эко-активист Бермет Бөрүбаева баштаган бир канча спикер баяндама жасашты.
Мындан сырткары форумдун программасына үч негизги компонент камтылды. Алардын биринчисинде "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1325-резолюциясын ишке ашыруудагы аялдардын ролу жана Кыргызстанда аялдардын укуктарын илгерилетүү, гендердик теңчилике жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы" талкууланды.
Экинчи компонент "2025–2027-жылдарга карата адам укуктарына тиешелүү ишмердик боюнча БУУнун жетектөөчү принциптерин жүзөгө ашырууга" арналды. Ал эми үчүнчүсү тынчтык жана туруктуу өнүгүү үчүн күрөш, адамзат баалуулуктар чечиминин туруктуулугунда ЕККУнун ролу тууралуу болду.
Форумдун аягында анда айтылган бардык маселелер резолюция түрүндө кабыл алынды.
"Бир Дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчилеринин айтымында, бул тынч жарандык форумду алгач борбордогу Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында өткөрүү пландалган эле. Бирок Бишкек мэриясы чектөөлөр бар экенин айтып, уруксат берген жок. (MZh)
Шерине