Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:05

Президент шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айтты


Садыр Жапаров. Архив.
Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров мамлекет шайлоону таза өткөрүү боюнча бардык шарттарды түзгөнүн билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 10-ноябрда Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы жаңы ачылган кичи аренада өткөн “Кыялымдагы Кыргызстан” жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Ал Кыргызстанда элдик толкундоолор дал ушул шайлоолордун айынан чыкканын кошумчалап, жаштарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.

“Шайлоонун жүрүшүндөгү адилетсиздик, каратып туруп эле добуш сатып алуу, “карусель” уюштуруу, элдин пикири менен эсептешпөө, ачык-айкындыкты камсыз калбай коюу көндүм эле көрүнүш болчу. Азыр эми андай болбойт, ага чекит койдук. Шайлоо тилкелерин электрондук эсептөөчү аппараттар менен камсыз кылдык. Бир киши бир гана добуш бере алат жана ал ачык көрүнүп турат”, - деди президент.

Садыр Жапаров элди шайлоодо добушун сатпоого үндөп, мамлекет ар бир шайлоочунун тандоосу үчүн шарт түзүп бергенин кошумчалады.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG