Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:07

"Талапкерди акысыз колдоого болбойт". Шайлоого үгүт башталды


"Талапкерди акысыз колдоого болбойт". Шайлоого үгүт башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00

"Талапкерди акысыз колдоого болбойт". Шайлоого үгүт башталды

мазмуну

  • 30-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катышууга 467 талапкер катталды.
  • Үгүт эрежелери катаалдашып, мыйзам бузгандарга айыппул жана башка чаралар колдонулууда.
  • Талапкерлер социалдык тармактарга жана блогерлерге көбүрөөк көңүл бурууда, шайлоо фонддору да көбөйтүлгөн.

10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт башталды. Өнөктүк 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркек, 191и аял.

Өнөктүккө расмий түрдө старт берилери менен көчөлөр үгүт материалдарына, социалдык тармактар талапкерлердин билдирүүлөрүнө толуп калды. Бирок бул ирет үгүт иштеринин тартиби татаалдашып кеткен. Алдын ала келишим түзүлүп, талапкердин шайлоо фондунан акча төлөнмөйүн, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерден тартып, карапайым жарандарга чейин кайсы бир талапкерди ачык айкын мактап, жада калса билдирүүсүнө лайк дагы баса алышпайт.

Акысыз колдоону талапкерлердин жакын туугандары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары жана байкоочулары гана көрсөтө алат. Калгандары жобону бузса тиешелүү чаралар көрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматында кайсы бир талапкерди социалдык тармакта колдоп койгону үчүн жоопкерчиликке тартыла баштагандары да жок эмес.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

"Саясий муниципалдык кызматчыга укук бузуулар жөнүндө кодекстин негизинде штрафтык санкциялар каралды жана ээлеген кызматы боюнча дагы муниципалдык кызматкерге тиешелүү мамлекеттик органдарга көрсөтмөлөр жөнөтүлдү", - дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Борбордук жана округдук шайлоо комиссияларынын алдында атайын жумушчу топтор түзүлгөн. Адистерден турган эксперттик топ социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарында чыгып жаткан билдирүү, кайрылууларды текшерип, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жол- жоболорун көзөмөлгө алып, иликтеп отурушат.

"Бүгүнкү күнгө чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында жумушчу топторго 48 жарандан кайрылуулар, маалыматтар келип түштү. Алар боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында чечимдер кабыл алынып, 9 жаранга, юридикалык тараптарга бузуулар боюнча кодекстин 65-беренесинин негизинде чаралар көрүлдү. Бул штрафтык санкциялар, андан башкасына эскертүүлөр жана үгүт материалдарын социалдык тармактардан алып салууга милдеттендирилип, бардыгы бүгүнкү күндө жүзөгө ашырылды", - деди Бекматов.

Мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган парламенттик шайлоого көз салуу үчүн Кыргызстанга эл аралык байкоочулар четинен келе баштады. Алардын бири Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин башкы катчысынын биринчи орун басары Игорь Петришенко БШКнын төрагасы менен жолугуп, шайлоонун жаңы тартиптери менен таанышты.

Игорь Петришенко
Игорь Петришенко

"150дөй байкоочу болот. Арасында, албетте, узак мөөнөт иштей тургандары да бар. Эл аралык байкоочулардын негизги бөлүгү Кыргызстанга шайлоого 2-3 күн калганда келишет. Биз байкоо жүргүзүү үчүн аныктаган бардык шайлоо участкаларын камтыйбыз", - дейт КМШнын миссиясынын башчысы Игорь Петришенко.

Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таратып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. Өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет.

Саясий талдоочулар парламенттик шайлоо өтө чукул өткөрүлүп жаткандыктан талапкерлер тиешелүү деңгээлде даярдык көрө албай, калкка кеңири маалымат жетпей калды деп эсептешет.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

"Бул шайлоодо мүмкүнчүлүгү жетип, 1000 агитатор жалдай ала тургандардын арасында атаандаштык болоору ачык эле көрүнүп турат. Калгандары көз жаздымда калат. Себеби дегенде, биринчиден, шайлоону жарыялагандан мурун элдин бийлик бутактарына болгон ишенимин калыбына келтириш керек болчу. Азыр шайлоо башталды, бирок жалпысынан элдин аны менен иши жоктой да", - деди саясат талдоочу Руслан Акматбек.

Боршайком жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркек, 191и аял.

Кыргызстан боюнча Сокулук району жана Бишкектин батыш бөлүгүндөгү айрым жаңы конуштарды кошкон №19 округда 25 адам каттоодон өтүп, эң көп талапкер чыкса, эң аз талапкер Манас шаарындагы №11 шайлоо округунда болду. Мында беш гана адам талапкер болгон. Бир округдан үч депутат шайланарын эске алганда бул шаарда жеңилгендерден жеңүүчүлөр көбүрөөк болот. Ал эми өлкө боюнча орточо эсепте округдардан 15ден талапкер туура келет.

Адистер бул жолку өнөктүктө талапкерлер социалдык тармактарга жана аймактардагы таасирдүү блогерлерге көбүрөөк көңүл буруп жактанын белгилейт.

Ошондой эле бул жолку талапкерлердин шайлоо фонду көбөйгөнү үчүн үгүтчүлөрдүн акысы жогорулап, колунда бар талапкерлер аларды көбүрөөк жалдап жатканы дагы айтылды.

Быйыл өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамына ылайык, талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүлгөн. Дал ушул жагдайлар буга чейин коомчулукта талкууланып, шайлоодо бардар талапкерлерге артыкчылык берилбейби деген суроолорду жараткан.

Алдын ала жарыяланган тизмеге ылайык, Кыргызстанда 4 млн 300 миңге жакын шайлоочу бар. Үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

Тектеш

XS
SM
MD
LG