“Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү кино режиссер Темир Бирназаров менен Үркүн, репрессиянын элдин эс тутумуна калтырган жаракаты, совет доорунда цензурага карабай тарыхый чындыкты издеген тасмалар кантип экранга чыгып кеткени тууралуу маек курдук.
- Темир мырза, саламатсызбы. Сизди тарыхый тасма тартуу мүдөөсү, түйшүгү менен жүрөт деп угуп калам. Үркүн темасын тартам деген ниетиңиз ишке ашып жатабы?
- Саламатсыздарбы. 1916-жылдагы Үркүн тууралуу мындан 4-5 жыл мурун сценарийин жазып, анан комиссия жактырып, мамлекеттик буюртма менен тартыла турган тасмалардын тизмесине сунушталган. Ал кезде Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы эле. Бирок “каражаты көп экен” деген жүйө менен кол коюлбай турат деп айтышкан. Ошо менен чечилбей калды.
Быйыл Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшүп, мекенине келе албай Европада калып калган кыргыз жоокеринин тагдыры жөнүндө тасмамды тартып бүттүм. Бул көркөм тасма жазуучу Арслан Койчиевдин “Тагдыр жөнүндөгү ыр” (Ара жолдо калган жоокердин окуясы) аттуу чыгармасынын негизинде тартылды. Азыр монтажы бүтүп, үнүн жаздырып, балдар иштеп жатышат. Бул темада Советтер Союзунун учурунда режиссер Тынчылык Разаков “Толкундар жээкте өлүшөт” деген тасма тарткан. Бирок ошол мезгилге, идеологияга ылайыкталып тартылган. Мен болсо коммунизм менен фашизмдин ортосунда чайналып калган чакан улуттун өкүлүнүн тагдырын бергенге аракет кылдым. Ошол аркылуу саны аз элдердин тагдырын көрсөтүү аракети болду. Туткунга түшүп, бөтөн жерде калып кеткен кыргыз жоокеринин мекенине, улутуна болгон кусалыгын бердик. Тасманы Германиянын үч шаарында, анан Кыргызстанда Жумгалда тарттык.
- Жакшы сүрөттөдүңүз, XX кылымдын башындагы адамзат башынан кечирген трагедияларда чакан, аз сандагы элдердин тагдыры деле оңой болбоптур.
- Ооба, улуттун башынан өткөн трагедияларды, тагдырларды чагылдырып, кийинки муунга калтырышыбыз керек. Ал мезгил өткөн сайын унутулуп калат эмеспи. Бул үчүн кино абдан ыңгайлуу. Кино бул улуттук идеологияны таанытуунун дагы жолу эмеспи. Азыркы маалда “кино сөзсүз каражат алып келиши керек” деген пикирди расмий кишилердин оозунан угуп калчу болдум. Андай болсо каражат алып келбейт деп искусствонун түрлөрүн жокко чыгаралы, айталы музейди жаап, эстеликтерди койбой коелу?! Коммерциялык тасмалар ансыз деле өз алдынча өнүгүп жатат. Бирок мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражатка гумандуулукка, жакшылыкка үндөгөн, улуттук баалуулуктарды чагылдыра турган, идеологияны жайылта турган тасмаларды жаратышыбыз керек.
- Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө эмне үчүн кино режиссер келип маек куруп жатканына мына ушул жерде өзүңүз жооп бердиңиз. Эгемендикке ээ болгон жылдардан бери Кыргызстанда Үркүн, репрессия, дегеле тарыхый окуяларга кайрылган киночулар сейрек. Кыргыз режиссерлору совет доорунда дагы цензурага карабай тарыхый чындыкты издеп, совет доорунун айрым саясатын катуу сындаган ачык эле картиналарды жаратышкан экен. Алдыда бул тууралуу өзүнчө сөз кылалы. Эмне үчүн азыр бул темаларга кыргыз режиссерлору көп кайрылбайт?
- Совет доорунда коңшу өлкөлөрдө бул темага такыр кайрылышчу эмес. Тескерисинче, кыргыз режиссерлору цензурага карабай тасмаларды жаратышкан. Азыр эми бул режиссердон көз каранды. Анан чечим кабыл алган көркөм кеңеш, Маданият министрлигине байланыштуу. Канчалык деңгээлде ушул керек? Үркүн темасына келгенде эле “Орусия менен мамилени бузуп албайлы” деп чочулай беришет. Бул деген тарых! Эч кандай мамилеге көлөкө түшүрүшү мүмкүн эмес. Репрессия жөнүндө дагы сөзсүз айтышыбыз керек. Казакстанда репрессия тууралуу “Сталинге белек” деген тасма мыкты тартылды. Казактардын кийинки мууну ээн-эркин тартып жатышат. Бизде мындай темаларга кылчактап карайбыз.
Кудайга шүгүр, азыр Жусуп Абдрахманов жөнүндө кино тартыла турган болду. Эгемендүүлүк, мамлекеттүүлүк үчүн күрөшкөн кишилердин эмгегин баалашыбыз керек. Ошолордун артынан мамлекет болдук, улут катары сакталып калдык. Мунун баары чоң тарых.
Азыркы маалда гипертехнологиялык өсүш болуп жатат. Бизде азыр жаш муун китеп окубай эле, ар бир бала телефондон эле маалымат алат, кино көрөт. 2008-жылдары Досбол Нур уулу мамлекеттик катчы болуп турганда мектеп программасына кыргыздын 50дөй тасмасын киргизүүнү сунуштадым эле. Маселен, “Жамиля”, “Бакайдын жайыты” сыяктуу тасмаларды көргөн бала (кайсыл улуттан экенине карабай) кыргыздын дүйнөсүн бүт билет. Каада-салтын, дүйнө таанымын, бири-бирине мамилеси, жашоо-турмушун бүт көрүп, кыргыз болуп чыгат. Ал эми “Жамиляны” китептен окуп кел десең, 4-5 бала окуйт, калганы окубайт. Көркөм тасманы көрүп жатышпайбы. Мына, улуттук идеологияны жайылтуунун эң натыйжалуу жолу. Бирок кийин деле бир топ кишилерге кайрылдым, жыйынтык болбоду. Ал ортодо Орусиянын өзүндө 100 тасмасын мектеп программасына киргизишти.
- Элүү тасма дегенде мазмуну терең, бере турган идеясы бар, жаш курагына ылайыкталган тасмаларды айтып жатасыз да.
- Албетте, жаш курагына ылайыкталат. Биз бул аркылуу улуттук баалууктарыбызды жайылтып, балдарды ошого сугарабыз. Анын аркасынан кишини жакшылыкка үндөгөн мыкты тасмаларды жаратышыбыз керек. Бизде азыр кандай кино тартабыз деген критерийлерибиз жок. Мамлекеттик буюртма менен тартылгандан кийин кино тартканда, сценарийди талдаганда келечек муунга кандай таасир тийгизерин, улуттук баалуулуктарга басым жасалышы керек. “Кыргыз керемети” дейбиз. Ошол кереметти жаратканга кимдер түрткү болгон?
- Жазуучулар.
- Эң туура айтасың. Айтматовдун жазгандары, анан “Кыргызфильмдеги” акын-жазуучулар. Мына, Жолон Мамытов башкы редактор болгон, Ашым Жакыпбеков, Мар Байжиев, Мурза Гапаров, Бексултан Жакиев. Элестет, кандай дөө-шаалар, улуттун интеллектуалдары, каймактары олтурганын. Ошолор түрткү берген. Азыр бизде башкы редактор ким, көркөм кеңеште ким олтурат, тааныбайсың. Анан ошолор олтуруп алып тандашат. Мына ушундай нерселер бар. Мындай көйгөйдү айтпасак да болбойт. Себеби, акыркы 2-3 жыл ичинде кыргыз киносуна чоң каражат бөлүнүп жатат. Муну эми “кебез койду, пахта төшөдү” дешет. Бирок ачык эле айтайын, мурда маани берилбеген кино тармагына азыркы президент тарабынан өтө көңүл бурулууда. Акчаны берип жатат, бул жактан өзүбүз ызы-чуу түшүп жатабыз. Эң чоң көйгөйүбүз эле кадр маселеси. Кино тармагына такыр түшүнүгү жок кишилерди алып келе беришет. Эмнеге ооруканага ветеринарды же милицияны алып барып жетекчи кылып койбойт, бизге койсо болот? Эксперимент кылып алышкан.
- Кино тармагындагы азыркы кризистик кырдаалды айтып жатасыз. Эми бул өзүнчө сүйлөшө турган маселе экен. Биз жогорудагы темабызга кайтып келсек. “Кыргыз керемети” деп калдыңыз, мен кээде совет мезгилиндеги кыргыз тасмаларын көрүп олтуруп, ошол системаны сындаган, “кыргыз ким болгон, ким болушу керек” дегенди кыйытып, иденттүүлүккө таасир эткен эпизоддорду көрүп таң калам. Маселен, 1966-жылы тартылган атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты” тасмасында метафора менен дагы, түз эле берилген дагы укмуш кадрлар бар эмеспи.
- Эң биринчи улуттук кино режиссер Мелис Убукеев. Ал Мукай Элебаевдин “Узак жол” чыгармасынын негизинде 1964-жылы “Тайгак кечүү” деген көркөм тасма тарткан (кыргыз режиссеру тарткан туңгуч толук метраждуу көркөм тасма). Ошол тасмада кыргыздын тагдырын чагылдырган. Эсиңердеби, сокур аялды Бакен Кыдыкеева ойнойт эмеспи. Боз үй талкаланган, анан сырттан бирөө келип: “баланча барбы” деп сурайт. “Жок” дейт, “ал өлүп калган”, “түкүнчө барбы” десе, ал дагы каза болгон. Ушундай эпизод бар. Бул киши тасмада ушунчалык кылдаттык менен улуттун башынан өткөргөн трагедиясын айтып берип жатат. Тасманын соңунда кыргыз жигит сууга боюн таштап, агып кетет. Ушул аркылуу жалпы кыргыздын образын чагылдырган.
Мелис Убукеев шакирти Дооронбек Садырбаевди дагы так эле өзүндөй идеологияга сугарып өстүргөн да. Кийин Дооронбек агайбыз эл тагдырын кайра эле “Кайран эл” деп тартты. Бул кишилер улуттун тагдыры, тарыхы, баалуулуктары менен жашап өтүштү. Мелис Убукеев тарыхты дагы мыкты билген, жаза дагы билген. Азыр андай деңгээлдеги режиссерлор жокпуз деп ойлойм.
Андан кийин Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайытын” карабайсыңбы! Эки цивилизациянын кагылышын көрсөткөн да. Көчмөн цивилизацияны талкалап жок кылып жатат. Бүркүттү өлтүрүп, катырып койду. Балыктарды жардырды. Кыргыздын тарыхын шалдыңдап, балбал ташка шапкесин кийгизип, тегерегинде арак ичип шарактап атышат. Ушунун баарын берген да тасмада.
Көчмөн элдин жартылышын, табият талкалап, көчмөн элди жок кылуу. Анан ошону кимдер талкалап жатканын дагы көрсөткөн. Ошонун кантип цензурадан өтүп кеткенине таң каласың. Кыргыздын акылман карыясы, укуругун сүйрөп алып баратканын көргөндө атамды эстейм. Анан тасмада сакалдуу, акылман карыялар ат минип тизилип баратышат. Мунун менен кыргыздын трагедиясын көрсөткөн. Ошол жашында ушундай тасма тартканына таң каласың. Анан анын экранга кантип чыгып кеткени дагы кызык.
- Ошол кезде тасмадагы ойду коомчулук түшүндү бекен? Элдин баары түшүнбөсө дагы интеллектуал кишилер байкашты бекен?
- Коом кээде артта болуп калат экен. Маселен, өзүм тарткан “Белгисиз маршрутту” деле басма сөзгө чечмелеп жазышкандан кийин түшүнүштү. Тасмада адамдардын ысымынан тартып, сүрөт, көрүнүштөр, жүргүнчүлөр бараткан Келечек деген айыл, диалогдор, бейнелердин баарында маани бар. Эзоптун тили деп коебуз, кыргызда “Керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук” дейт эмеспи. Убагында ушул сыңары эле “Бакайдын жайыты” тасмасынын деле сыртынан окуясын көрүшөт, ички маңызына маани беришкен эмес. Азыр деле түшүнүшпөйт, окуясын эле карашат.
- Сиз ичиңизден күйүп-бышып, ушул темалар менен жашайт экенсиз. Элдин башынан өткөргөн трагедиялардын коркунучу үч муунга чейин сакталат. Элдин эс тутумунда узакка чейин кала берет деп айтып калабыз. Репрессиянын жаракатын азыркы биздин муундан көрөсүзбү, байкалабы?
- Аябай эле изи калат экен да аң-сезимде. Жаңырык сыяктуу да, кыйкырганда жаңырык барып-барып анан үзүлөт эмеспи. Ушул сыяктуу го деп ойлойм. Ата-бабаларыбыз кордук көрүп, кулчулук аң-сезимде жүргөн болсо, ошол үч-төрт муунга чейин барып анан жоголот окшойт. Биздин муунда кылчактоо, жалтактаган мүнөз бар. Бизден кийинкилерден дагы бир аз байкалат. Бирдеме десең эле “мигранттарды кубалап чыгат, анан кантип оокат кыласың” дейбиз. “Орус тилин билбесең, эч жакка бара албайсың” дейбиз. Ушундай аң-сезимден кутулбасак болбойт. Аракет кылышыбыз керек. Экономикалык жактан көз карандылык дагы элдин, мамлекеттин көз карашына, калыптанышына аябай таасирин тийгизет экен. Азыр биздин кичинекей Кыргызстаныбыз ар кандай идеологиялык кагылышуулардын ортосунда туруп жатабыз. Бизге таасир этүүнүн жолун издеп, үрп-адат, каада-салтты бурганга аракет кылып атышат. Ар кайсыл жактан гезит, телеканалдар аркылуу таасир этүүгө аракет кылышууда.
(Кыскартуулар менен берилди. Толугу менен видеодон көрө аласыз)
Шерине