Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:34

Астанада армияда каза болгондордун апалары миттингге чыгышты


Астанадагы Коргоо министрлигин алдына митингге чыккан энелер. 10-ноябрь, 2025-жыл.
Астанадагы Коргоо министрлигин алдына митингге чыккан энелер. 10-ноябрь, 2025-жыл.

Астанада аскерде кызмат өтөп жаткан жеринен каза болгон же жабыркагандардын апалары нааразылык акциясына чыгышты. Алар коргоо министри Даурен Косанов менен жеке жолугушууну жана уулдарынын өлүмүнүн жана жарадар болушунун себептерин тыкыр иликтөөнү талап кылышты.

КазТАГ агенттигинин маалыматына караганда, министрликтин кире беришинде аскердик полиция жана коопсуздук кызматкерлери күзөттө турушту. Ал эми мекеменин ичине алдын ала даярдалган тизме менен сегиз гана аялга кирүүгө уруксат берилди. Телефондорун кошо алып кирүүгө жана видео тартууга тыюу салынды. Ошондой эле маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө энелер менен чогуу кирүүгө уруксат берилген жок.

Министрлик өз кезегинде, армияда кызмат өтөгөн аскерлерлердин коопсуздугу биринчи орунда экенин айтып, митингде көтөрүлгөн фактылар боюнча текшерүү иштерин баштаганын билдирди.

Соңку үч жылда казак армиясында кызмат өтөп жүргөн 270 аскер болгон. Алардын 86сы өз өмүрлөрүнө кол салган.

Маркумдардын жубайлары же жакындары көп учурда бөлүм башчыларын күнөөлөшөт. Ал эми расмий маалыматтарда өлүмдүн себеби катары ар кандай оорулар, жол кырсыктары жана суицид көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG