Германияда 10-ноябрда Магдебургдагы Рождество базарына кол салуу боюнча ири сот процесси башталды. Окуя боюнча Сауд Арабиялык, 2006-жылдан бери Германияда жашап келген дарыгер Талеб А. айыпталууда.
Сот жараяны 2026-жылдын март айына чейин уланып, ага жабыркаган 180 үй-бүлө мүчөлөрү, 400дөн ашык күбө катышары күтүлүүдө.
Талеб А. сотко вертолет менен сотко жеткирилди. Тергөөнүн версиясына караганда, ал кол салууну узак убакыт өз алдынча даярдаган.
2024-жылдын 24-декабрында Талеб ижарага алынган BMW унаасы менен катуу ылдамдыкта Магдебургдун борборундагы Рождество базарына сүзүп кирген. Кол салуу алты адамдын өмүрүн алган, алардын арасында тогуз жаштагы тестиер да бар. Үч жүздөн көп киши жабыркаган. Прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, Талеб көбүрөөк адам өлтүрүүнү ниеттенген.
Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Маалыматтарга караганда, Талеб А. кол салууга чейин эле социалдык тармактарда исламга каршы ар кандай теорияларды жайылтып келген. Аны немис коопсуздук органдары мурда эле байкашканы менен эч кандай чара көрүлгөн эмес.
Мындай окуя Германияда буга чейин да кайталанган. 2016-жылы Берлиндеги базарга Тунистик мигрант Анис Амри кол салып, 12 адам каза болгон. 2025-жылы Мюнхенде жана Мангеймде автоунаа менен жоон топ адамдарга кол салуу фактылары катталган.
Шерине