Камлагер-Дов айым Вашингтондо саммит өткөрүү канчалык маанилүү экенин жана Вашингтон чөлкөмдүн өлкөлөрүнөн кандай реформаларды күтөөрүн айтты.
- Биз бул интервьюну Борбор Азиянын беш лидери Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугуп жатканда уюштурдук. Жакында эле сиз Трампка кат жолдоп, анда стратегиялык маанилүү сейрек минералдар жаатында кызматташтыкты чыңдоо, коопсуздук жана америкалык дипломатиянын "жумшак күчүн" колдонууга үндөдүңүз.
- Программаңарга чакырганыңар үчүн рахмат. C 5+1 саммити өтүп жатканына терең кубанып турам. Президент Дональд Трампка кат жолдоп жолугушууну уюштурууну өтүнгөм. Мен президенттер менен жолукканда алар биздин бул саммитке кылган олуттуу мамилебиз, ага катышканыбыз үчүн ыраазычылыгын айтышты.
Өзүңүздөр билгендей, бул форматтагы форумга 10 жыл болду. Андыктан эмки он жылдыкка кызматташтыктын багыттарын аныктап алуу абдан маанилүү.
- Саммиттин алдында сиз Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуктуңуз. АКШ өнөктөштөктү өркүндөтүү үчүн өзбек өкмөтүнөн кандай реформаларды күтөт?
- Бул кездешүү Өзбекстандын демилгеси менен өттү. Мен Борбордук жана Түштүк Азия боюнча кичи комитеттин жогорку мүчөсү болом. Комитет үчүн бул өлкөлөр менен алака-катыш түзүү мүмкүнчүлүгү өтө маанилүү.
Биз жемиштүү жолугушуу өткөрдүк, реформаларды, Ооганстандагы аялдардын абалын, диний эркиндиктерди, билим берүүнүн маанисин, эмгек реформасын, кыскасы жеке өзүм жана өлкө үчүн эң маанилүү баалуулуктарды талкууладык.
Албетте, биз (мурдагы советтик өлкөлөр менен сооданы чектеген) Жексон-Вэник түзөтүүсүн алып салуунун айланасында кеп курдук. Менин билишимче, сейрек кездешүүчү минералдар талкууланып жаткан маалда Борбор Азиянын бир топ өлкөлөрү үчүн бул маанилүү маселе.
- Сиз Жексон-Вэник түзөтүүсү тууралуу сөздүн кызуусунда айттыңыз. Конгресс мүчөлөрү Борбор Азия менен соода алакасын турукутуу калыбына келтирүү үчүн экм мыйзам долбоорун алып чыкканы тууралуу кабарым бар. Сиз дагы "кансыз согуш" маалынан калган соода-сатыкты чектеген тизмеден Борбор Азиянын өлкөлөрүн чыгарууну колдооруңузду билебиз. Вашингтон Казакстан менен Кыргызстанды Жексон-Вэник түзөтүүсүнөн чыгарса бул соода алакаларын канчалык өзгөртөт?
- Абдан жакшы суроо. Мен Өзбекстандын президентине өлкөнүн футбол командасын Лос-Анжелестеги дүйнө чемпионатында көрсөм чексиз кубанычта болорумду билдиргенимди сиздерге айтпай калыпмын. 2028-жылы бардык өлкөлөр Олимпиадага чогулганда да балким алардын оюнуна күбө болобуз.
Жексон-Вэник түзөтүүсү көп жакшы нерселерге бут тоскон "кансыз согуш" доорунан калган актуалдуу эмес документ. Соода жана кызматташтыкты кеңейтүүгө, өнүктүрүүгө, тереңдетүүгө, жаңы баскычка чыгарууга кедергесин тийгизип келатат.
Биз тышкы иштер боюнча кичи комитеттин деңгээлинде ал түзөтүүнү жокко чыгаруунун үстүнөн иштеп келатабыз. Ушундай эле талкуулар Өкүлдөр палатасынын Бюджет жана финансы комитетинде жүрүп жатканын билем.
Дал ушул себептен, сиз айткандай, мен эки партиянын тең өкүлдөрү кол койгон кат менен мамлекеттик катчы Марко Рубиого кайрылдым. Конгресстин колдоосу менен сөз болгон түзөтүүнү алып салууга көңүл бурууга чакырдык. Ошол эле маалда Трамптын виза жаатындагы чектөөлөрү жана тарифтер саясаты жемиштүү экономикалык кызматташтыкка жана өнөктөштүккө салым кошууда деп айта албайбыз.
- Өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу жалпысынан айтсак, АКШ менен Борбор Азиянын беш мамлекетинин алакасынын азыркы абалын кандай баалайсыз? Сиздин пикириңизде АКШ кайсы тармактарда ийгиликке жетишти, келечекте чөлкөмдүн артыкчылыктуу жактары деп эмнени атайт элеңиз?
- Борбор Азия Кошмо Штаттар тышкы саясатында көйгөйлөргө туш болгон Орусия, Кытай, Иран жана Ооганстан менен чектешет. Мындай жагдай ал өлкөлөрдүн АКШ менен кызматташуудагы маанисин, ролун арттырууда. Андыктан борбор азиялык мамлекеттер менен алака-катышты, өнөктөштүктү тереңдетүү зарыл. Жаңы соода жолдорун ачууну, Орусиянын аймактын экономикасына таасирин азайтууну, улуттук суверенеттин маанисин талкуулоо зарыл. “Талибандын” коркунучуна туш болгон Ооганстандагы кыз-келиндерди колдош керек. “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна колдоо көргөзүү, журналисттеринин аккредитация алуусу үчүн аракет көрүү маанилүү.
- Эркин маалымат каражаттарын колдоо боюнча кызматташтык тууралуу пикириңизди кененирээк билсек дейбиз. Борбор Азияда көз карандысыз журналистика барган сайын кысымга дуушар болуп, Казакстан менен Тажикстанда "Азаттык" радиосунун журналисттери аккредитация алууда кыйынчылыктарга кабылууда. Кыргызстанда бийлик көз карандысыз медианы "экстремисттик" деп тааныса, Өзбекстанда басма сөзгө көзөмөл катуу, ал эми Түркмөнстанда сөз эркиндиги толук басым алдында. АКШнын чөлкөмдөгү сөз эркиндигин коргоодо ролу кандай?
- Маалымат каражаттарынын ачык-айкын иш алып баруусу жана жоопкерчилиги, башка өлкөлөрдүн пропагандасына туруштук берүүдө канчалык маанилүү экенин билебиз.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукканда “Эркин Европа/Азаттык” радиосу тууралуу сөз кылдык. Мен журналисттерди аккредитация менен камсыздоо жаатында биз менен иштешүү аракетин кубаттадым.
Маалымат каражаттарынын эркиндиги жана “Азаттыктын” Борбор Азияда эркин иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзүү мен үчүн абдан маанилүү.
Журналисттер жаңылыктарды чагылдырганда өзүн коопсуз жана эркин сезиши керек. Кошмо Штаттар ошол кабарчылардын аккредитациясын сактап калуу үчүн Борбор Азия өлкөлөрү менен иштешүүгө тийиш.
Чындыкка жетүү барган сайын кыйын болууда. Ошон үчүн демократиялык баалуулуктарды карманган өлкөлөр чындыкты чагылдыруу үчүн өзүн тобокелдикке салган журналисттерди кесибин эркин жана так аркалашы үчүн зарыл нерселер менен камсыздашы керек.
- Саммиттин алдында бир катар укук коргоо уюмдары Ак Үйдү C5+1 форматындагы жолугушууда адам укуктарын негизги талкууланчу темалардын катарына кошууга үндөштү. Сиздин оюңузча АКШ өзүнүн экономикалык жана стратегиялык кызыкчылыктары менен демократиялык эркиндиктерди колдоону кантип тең салмактайт?
- Ооба, абдан туура суроо. Журналисттердин чындыкты чалгылдыруусу канчалык маанилүү болсо, билим берүү жана маданий программалары да ошончолук маанилүү. Мен аларды колдоого, адам укуктары, эмгек укуктары жана башка маселелерди талкуулоого басым жасап келатам.
Трамп администрациясынын Мамлекеттик департаменттин адам укуктары боюнча жылдык докладдарынын маанисине анча көңүл бурбай калганы мени өкүндүрөт.
Менимче, биз азыр жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн бул чөйрөдөгү талкуулар абдан маанилүү.
Аялдардын көйгөйлөрүн мен жүрөгүмө жакын кабыл алганымды айтпадымбы. Ошон үчүн бардык кездешүүлөрдө талибдердин коркунучуна кабылган оогандык кыз-келиндердин абалын козгойм.
Ошондой эле диний, эмгек эркиндиктери, жалпы адам укуктарын сөз кылып жүрөм.
Бул маселелерди көз жаздымда калтырбоо зарыл, кырдаалга жакындан байкоо салып, адамдар өз өлкөлөрүндө жана чет жактарга чыкканда өздөрүн эркин сезиш үчүн тыгыз кызматташуунун жолдорун табуу керек.
- Камлагер-Дов айым учурда АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамилесин тереңдетүүдө кандай тоскоолдуктар турат?
- Тоскоолдук катары маңдай-тескей отуруп, бири-бирибизди таанууга дилгирликтин жоктугун атайт элем. Алака-катыш эки тараптуу же көп тараптуу мамилелердин пайдубалын түзөт.
Мен үчүн бул саммитке катышуу абдан маанилүү болчу. Себеби сүйлөшүүлөр үстөлүндө АКШнын сыртындагы адамдарга дагы кам көргөн, кызматташтыкты арттырууну көздөгөн афро-америкалык аялды көрүшсүн дейм.
Биз дүйнөбүздү кеңейтип, жаңы лидерлер менен таанышып, терең алака түзүү үчүн башка өлкөлөргө саякаттоого, маданий жана билим берүү долбоорлорун, мүмкүнчүлүктөрүбүздү өркүндөтүүгө тийишпиз. Бул тынчтыкка, бакубат жашоого жана стабилдүүлүккө жол ачат.
- Сиз буга чейин бул аймактагы ири оюнчуларды атадыңыз. Орусия менен Кытай сыяктуу державалардын таасирин эске алганда АКШ бул чөлкөмдөгү өзүнүн ролун жана аброюн бекемдөө үчүн эмне кылышы зарыл деп ойлойсуз?
- Соода жана инвестициялар жөнүндө сөз кылууга мүмкүнчүлүк ар дайым болот. Борбор Азиянын ар кайсы өлкөлөрүндө миллиарддаган доллар соода жүргүзүүгө кызыкдар болгон канча америкалык компания бар экенин укканда абдан кубандым.
Жасалма интеллект жана санарип мейкиндикке, энергетикалык ресурстарды ташыган куурларга, жарым өткөргүчтөргө, стратегиялык маанилүү минералдарга кызыгуу барган сайын артып жатат.
Мен жана айтып кеткен Жексон-Вэник мыйзамын жокко чыгаруу маанилүү.
Билим берүү жана маданий программаларды кеңейтүү жана колдоо сыңары эле соода жана инвестицияларды кеп кылуу маанилүү.
Мен Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери менен абдан кызыктуу баарлаштым. Алар билим берүү жөнүндө сөз кылганда жеке тажрыйбалары менен бөлүштү. Университетте студенттер узак жылдарга созулган мамиле түзүп, дос күтөт эмеспи.
Башка өлкөлөрдүн жарандары биздин университеттерге келип окуганы, диплом алганы абдан жакшы көрүнүш. Өнүгүү жана улуттук коопсуздук тууралуу татаал талкуулар болгондо мындай жагдайга артыкчылык берет.
Ошон үчүн мен басма сөздүн эркиндигин жана маданий программаларды колдойм.
- Убакыт таап, "Азаттыктын" суроолоруна жооп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем.
- Маеккке чакырганыңыздар үчүн рахмат!
Шерине