Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жубайынын абактан жазган делген катын сүрөтү менен чогуу жарыялады. Анда Махабат Тажибек кызы абакта аны менен чогуу отурган аял коркутканын жазган.
"Махабаттын өмүрүнө коркунуч болуп жатат"
Соттолуп, өлкөдөн чыгарылган, азыркы тапта чет өлкөдө жашаган иликтөөчү журналист Болот Темиров Чүйдөгү №2 аялдар абагында алты жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Махабат Тажибек кызынын өмүрү коркунучта экенин 18-февралда Фейсбукка жарыялады.
Ал жубайынын абактан жазган каты делген сүрөттү да жарыялап, мындай маалыматты адвокатынан алганын айтууда:
“Чындап эле Махабаттын жашоосуна коркунуч болуп жатыптыр. Бул маселе туура жагына чечилет деп ишенгим келет. Себеби Махабатка ал жакта эмне болсо да - ден соолугуна зыян тиеби, коркунуч болобу, жоопкерчиликти түздөн-түз бийлик алат”.
Махабат Тажибек кызы менен адвокаты Улан Сейитбеков өткөн аптанын соңунда жолугуп чыккан. Тажибек кызы жазасын өтөп жаткан аялдардан коркутуу болуп жатканын билдирген экен:
“Барып жолугуп келгем, мекеменин кызматкерлеринин мамилеси жакшы эле деген. Бирок ошол жерде жазасын өтөп жаткан аялдар "басым-кысым кылып жатат" деген. Анда мен жетекчиликке айтайын десем, "жок, бул жерде мурдатан отурган аял кысым кылып жатат" деген. Ал тууралуу катында да жазып берген. Мисалы, "мончого түшпө" деп айтат экен. "Тиги же бул жакка баспа" дейт экен. Жазасын өтөп жаткан башка аялдарды тукурган мамиле болуп жатат деген”.
"Коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок"
Жаза аткаруу кызматы 19-февралда маалымат таратып, Махабат Тажибек кызынын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок экенин билдирди. Коркутуп жатат делген аял №2 аялдар абагында катаал шартта, Махабат Тажибек кызынан өзүнчө жайда кармаларын кошумчалады:
"Учурда соттолуучу Тажибек кызы Махабаттын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жок. №2 мекеменин администрациясына ал башка соттолуучулардын мыйзамга ылайыксыз аракеттери жөнүндө кайрылган эмес. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы коопсуздук маселелерине көңүл бурат жана мыйзамдарга ылайык соттолгондордун жана камакка алынган адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт".
Акыйкатчы институту кызматкерлери Махабат Тажибек кызынан кабар алганы ал отурган абакка жөнөтүлгөнүн айтып, кийинчерээк маалымат берерин билдирди.
Укук коргоочу Рита Карасартова Махабат Тажибек кызына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды:
"Мамлекеттин башында турган президентибиз Садыр Жапаровго кайрылам. Сиз мамлекеттин карамагына алынган ар бир адам үчүн, анын коопсуздугун камсыздоо үчүн жеке өзүңүзгө жоопкерчиликти алгансыз. Ошондуктан Тажибек кызы Махабаттын өмүрүнө зыян келтирилсе, ал сиздин буюртма менен ишке ашкан деп билебиз", - деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.
Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана кызматташкан 11 журналист жана активист былтыр январь айында кармалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен айып тагылган. Журналисттер айыпты четке кагып, камакка алуунун себептерин өз иликтөөлөрү менен байланыштырган.
Президент Садыр Жапаров былтыр 28-сентябрда “Кабар” агенттигине берген маегинде журналисттер тууралуу мындай маалымат берген:
“Алардын экөө гана журналист экен го. Калганы 11-класс билими барлар дешти. Аларга тигилер анча-мынча акча төлөп коюп социалдык түйүндөргө олтургузуп алышып, жалган маалыматтарды, элди дүрбөлөңгө чакырган жасалма материалдарды тараттырып атышканын кантип танышат?”.
Буга чейин 11 журналисттин ичинен жетөөнүн аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда Махабат Тажибек кызын алты жылга, Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен. Бишкек шаардык соту 18-декабрда ошол өкүмдү күчүндө калтырган.
Андан тышкары журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза чарасы да күчүндө калган. Алар менен кошо айып тагылган жети журналист аракетинде кылмыш курамы жок деген негизде акталган.
Мындан кийин Махабат Тажибек кызы №2 аялдар абагына, Азамат Ишенбеков Бишкектеги ТИЗО-1 тергөө абагынан жазасын өтөө үчүн Чүйдүн Петровка айылындагы №8 абакка жөнөтүлгөн.
Эми Махабат Тажибек кызы менен Азамат Ишенбековдун иши Жогорку сотnj 25-февралда каралат.
Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырып келишет.
Буга чейин №2 аялдар абагында жазасын өтөп жаткан эки активист Каныкей Аранова менен Зарина Төрөкулова абактын жетекчилиги менен пикир келишпестик болгондуктан катаал шарттагы жайга которулганы айтылган. Жазаларды аткаруу кызматы ички тартип эрежелерин бузганы үчүн аларга ушундай жаза колдонулганын билдирген.
Шерине