Докладдын авторлору “Кыргызстандын өкмөтү өткөн жылы журналисттерди, маалымат каражаттарын жана бийликти сындагандарды коркутуу жана басым-кысым көрсөтүү чараларын көргөнүн” белгилеп, абакка кесилген эки журналисттин ишин, күчүнө кирген же каралып жаткан жарандык эркиндикти чектөөчү мыйзамдарды мисал катары келтирет. HRW бийликтин гендердик зомбулукка каршы күрөшүн жакшы жышаана деп баалады.
Кыргыз бийлиги өлкөдө эч кандай саясий куугунтук жок экенин билдирип, ар бир ишти андагы коюлган айыптар боюнча гана талдоого чакырат. Мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип, өлкөдө сөз эркиндиги менен катар эле жоопкерчилик да болушун белгилейт.
Эл аралык уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Кыргызстандагы адам укуктарынын жалпы абалына токтолду:
- Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы олуттуу бойдон калууда. Бизди 2024-жылы болгон айрым окуялар тынчсыздандырат. Мен маанилүү үч-төрт мисалды белгилеп кетейин. Чет өлкөлүк өкүлдөр тууралуу жобо катуу камтама кылат, Кыргызстандагы жарандык коомго олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары ал мыйзамга байланыштуу кабатырлануусун билдиргенин эсиңиздерге сала кетели. Башкача айтканда, Улуттар Уюму жобонун проблемалуу табиятына олуттуу көңүл бурган.
Экинчиден, орчундуу терс көрүнүш деп маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеген кадамдарды атаса болот. Жогорку сот "Клооп медианы" жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырган. "Темиров Лайв" порталынын эки журналисти алты жана беш жылга түрмөгө кесилди.
Муну менен катар мен эки кыйла дурус көрүнүштү да белгилейт элем. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар райондук сотто акталды. Бирок алардын узак убакыт, бир нече ай тергөө абагында кармалып келгени, ал жактагы шарттар тынчсыздандырбай койбойт. Аларга тагылган айыптын олуттуу далилдери да аз болчу. Ошентсе да, коё берилгени, акталганы оң жышаана.
Мындан тышкары президент Садыр Жапаровдун сунушу менен үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынды. Эми аны аткаруу зарыл, бирок кабыл алынганы өзү деле абдан маанилүү.
- Баяндамада кыргыз бийлиги сунуш кылган же кабыл алган жарандык эркиндикти чектөөчү мыйзамдар тууралуу айтылат. Силерди түйшөлткөн эң олуттуу маселелер кайсы?
- Себеби алар катардагы кыргызстандыктардын адам укуктарын бузат. Кыргызстан адам укуктары чөйрөсүндө эл аралык келишимдерге кол койгон жана адам укуктарынын нормалары өлкөнүн конституциясында бекитилген. Сөз болгон мыйзамдар улуттук жана эл аралык милдеттенмелерге каршы келет.
Алсак, азырынча күчүнө кире элек жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу сунуш кылынган мыйзам бийликке медианын ишин чектөө жагынан көбүрөөк ыйгарым укук берет. Ал долбоорго айрым түзүк өзгөртүүлөр киргизилген, бирок биз ага жакындан байкоо салып жатабыз.
Биз дин тутуу эркиндигин чектеген өткөн жылы киргизилген сунуштарга да тынчсызданабыз. Өкмөт туура баланс табышы керек. Экстремизм менен күрөшүү, туруштук берүү зарылдыгын эч ким жокко чыгарбайт, бирок жарандардын эркиндигин сактоо да маанилүү.
Диний эркиндиктерди чектеген бүдөмүк жоболор жарандардын дин тутуу эркиндигине байланышкан мыйзамдуу ишмердигин көзөмөлгө алуу аракеттери буга чейин болуп келген. Андыктан андай мыйзамдар кабыл алынып калабы деген сарсанаа бар.
Андан тышкары интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатат. Өкмөт "жалган" делген маалымат таратуу үчүн ири айып пул салууну сунуш кылды. Албетте, кайсы маалымат жалган экенин аныктоо кыйын.
- Сиз үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзамды жакшы жышаана катары айтып кеттиңиз. Жалпы жонунан Кыргызстандагы гендердик зомбулук канчалык тынчсыздандырат?
- Бул маселе абдан камтама кылат. Биз баяндамабызда күйөөлөрү, азыркы же мурдагы түгөйлөрү катуу сабаган же өлтүрүп койгон аялдардын үрөй учурган беш-алты окуясына токтолдук. Күйөөлөрү бир нече жолу бычактаган, өлтүрүп салган же башка ушул өңдүү коркунучтуу трагедиялар болгон.
Үй-бүлөлүк зомбулук - Кыргызстандагы көптөн берки көйгөй. Биз ал боюнча бир нече доклад жарыялаганбыз. Бийликтин бул багытта чара көргөнү абдан маанилүү. Биз ошол кадамдарды баалайбыз. Президент Жапаров өткөн августта кол койгон мыйзам зордуктоо, сексуалдык зомбулук, уруп-сабоо, ала качуу жана башка кылмыштар үчүн жазаны күчөтөт. Эми, албетте, мыйзам кыйшаюусуз аткарылууга тийиш.
Бул үчүн полиция кызматкерлеринин, соттордун жана прокурорлордун даярдыгын жакшыртыш керек. Кызыл камчы күйөөлөрүнөн качкан аялдар башкалкалай турган жайлар көбөйтүлсө жакшы болот. Биз баяндамабызда Бишкекте "Бирдиктүү терезе" кризистик борборунун ачылышын кубаттайбыз. Ал жайда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге психологиялык, укуктук, медициналык жардам берилет. Биз муну абдан маанилүү иш деп эсептейбиз.
- Кыргыз бийлиги өлкөдө адам укуктары, сөз эркиндиги бузулуп жатат деген докладдарды четке кагып келет. Тескерисинче, бейөкмөт уюмдар, чет жактан каржыланган медианы ырксыздыкка, араздашууга себепкер болууда деп айыпташат. Жакында эле президент Жапаров саясатчы Темирлан Султанбековдун камалышына байланыштуу айтылган сынга "алар алыста отуруп алып биздин ички маселелерибизди кайдан билишет" деген таризде пикирин айткан. Сиз ошондой дооматка эмне деп жооп берет элеңиз?
- Албетте, маалымат каражаттарынын жана бейөкмөт уюмдардын сапаттуу иш алып баруусу маанилүү. Журналисттер өз ишин так, журналистиканын эң жогорку деңгээлинде аткарышы керек. Бейөкмөт уюмдар да изилдөө жүргүзгөндө же маалымат топтогондо жогорку стандарттарды карманууга тийиш.
Мисалы, биздин Human Rights Watch уюмунун өзүнүн изилдөө методологиясы бар.
Биз Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн ар кайсы жеринде иш алып барабыз. Кыргыз өкмөтү адам укуктары чөйрөсүндө жактырган нормаларды, өзүнө алган милдеттенмелерди кандай аткарып жатканына көңүл бурабыз. Ишибизди башка көптөгөн бейөкмөт уюмдардай эле ачык-айкын жүргүзөбүз.
Биз көз карандысыз иштейбиз. Менин билишимче, Кыргызстанда адам укуктары тармагында аракеттенген көптөгөн көз карандысыз бейөкмөт уюмдар өз ишине олуттуу, дыкат мамиле кылышат. Өкмөттүн медианы жана бейөкмөт уюмдарды өлкөдөгү көйгөйлөргө күнөөлүүлөрдү тапкандай сөөмөй кезегени тынчсыздандырат.
Бийлик адам укуктарынын абалын жакшыртууга көбүрөк көңүл буруп, жалпыга маалымдоо каражаттарына көз карандысыз маалымат таратып, бейөкмөт уюмдарга өз ишин аткарууга мүмкүнчүлүк түзүшү керек. Муну менен алар, Human Rights Watch да Кыргызстандын өнүгүүсүнө жакшы салым кошмок. Биз өлкөнүн өнүгүүсүнө конструктивдүү салым кошууга дилгирбиз.
Өкмөт жергиликтүү же эл аралык уюмдарды бутага алганда, мен такай тынчсызданам. Себеби алар өлкөдөгү көйгөлөрдү чечүүнүн ордуна көңүл чордонуна башка маселелерди алып чыккандай көрүнөт.
- Дин тутуу эркиндиктерине кайрылсак. Сиз жана учкай сөз кылып кеттиңиз. Докладда жаңы жободо интернетте же медиада экстремисттик чакырыктар үчүн сот жообуна тартуу каралганы белгиленет. Бул оң көрүнүшпү же жобо кыянат пайдаланылып кетиши мүмкүнбү?
- Ошондой болушу ыктымал деген камтама жок эмес. Эмне дегенде сунуштун жол-жоболорунун өзү так эмес. Полиция же тергөө органдары мыйзамга каршы келбеген чакырыктар үчүн кимдир бирөөгө айып тагуу боюнча кыянат пайдаланышы мүмкүн. Мындай көрүнүштөргө мурда күбө болгонбуз.
Мисалы, экстремисттик материалдарды сактоону алсак. Буга чейин кимдир бирөө андай мазмундагы постту салып койсо, телефонуңузда сакталып турса, ал мыйзамга каршы келет деген жобо алынган. Эми ал үчүн сот жообуна тартуу кайрадан каралууда. Бул кабатырлантуучу өзгөрүү. Себеби буга чейин бийлик аны мыйзамды бузбагандарды кармап, абакка кесүү үчүн колдонгон учурларды биз каттаганбыз.
- Борбор Азиядагы жалпы абалга да токтоло кетесизби? Адам укуктарынын абалын кандай деп бааладыңыздар?
- Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалы тынчсыздандырат. Албетте, Кыргызстанда башка өлкөлөргө караганда кайсы бир деңгээлде эркиндиктер көбүрөөк. Ошентсе да Кыргызстандагы абал дагы деле камтама кылбай койбойт. Жалпысынан, аймакта жарандык жана саясий укуктар, митингдерди өткөрүү, өз оюн маалымат каражаттарында, интернетте эркин билдирүү укуктары чектелүүдө, саясий туткундар бар. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда көптөгөн тынчсыздандыруучу окуяларга күбө болуп келатабыз.
Трансулуттук куугунтук да Борбор Азиянын чоң көйгөйлөрүнүн бирине айланды. Башкача айтканда, бийликтер өздөрүн сындаган, чет жакта жашаган жарандарын көзөмөлдөө, куугунтуктоо аракетин көрүүдө.
Тажикстан менен Түркмөнстан акыркы убакытта андай репрессияларга көп барып жатат. Биз түркмөн бийлиги чет өлкөлөрдөү жарандарына паспортторун жаңылоого мүмкүнчүлүк бербегени, алардын мекенине кайтып келүүсүнө мажбур кылганы тууралуу баяндама чыгарганбыз. Бул – өлкөнүн сыртында өз бийлигин жүргүзүүнүн бир мисалы.
Кыскасы, Борбор Азиядагы мындай көрүнүшкө чекит коюу зарыл.
Муну менен бирге оң жылыштарды да белгилеп кетейин.
Аймакта адам укуктарын коргогон көптөгөн активисттер, өз укуктарын коргогон катардагы жарандар бар. Ошол эр жүрөк, тайманбас каармандарга колдоо көргөзүү зарыл.
Шерине