Бишкек шаардык соту активист, Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевге үч жылдык пробация жазасын Биринчи Май райондук сотунда ушул жылдын май айында чыгарган.
Ага айып “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” деген беренелердин негизинде коюлган.
Сот өкүмдөрүнө байланыштуу Жоомарт Карабаев өлкө президентине, атайын кызматтын башчысына, башкы прокурорго жана акыйкатчыга өткөн айда кат жүзүндө кайрылуу жөнөткөн. Айтымында, ага тийиштүү жооп ала элек.
"Экспертизаны буюртма негизинде "токуудан" баш тарткам"
Бишкек шаардык соту 6-ноябрда Карабаевдин апелляциялык арызын карап, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу ал өзү "Азаттыкка" билдирип:
"Бул соттук коллегияга биз башынан эле ишенбөөчүлүк көрсөткөнбүз, себеби ишти карап баштаганда эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексти одоно бузуу менен биздин өтүнүчтөрдү толук канааттандырган эмес. Биринчи көрсөткөн ишенбөөчүлүк, андан кийин 6-ноябрдагы отурумда да соттук коллегиянын төрагасына көрсөтүлгөн ишенбөөчүлүк канааттандырылган жок", - деп айтып берди.
28 жаштагы Жоомарт Карабаев 2024-жылдын июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” деген беренелери менен айып коюлган.
Төрт айдан кийин Биринчи Май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон. Май айында ушул эле сот аны күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерген. Ошондой эле 50 миң сом айып пул салган.
Жоомарт Карабаев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетиндеги "Аймак таануу" багыты боюнча бакалавриатты 2018-жылы артыкчылык менен аяктап, андан кийин 2020-жылы Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Казы Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын "Эл аралык мамилелер" багыты боюнча магистрлик окуусун да артыкчылык менен жактаган.
Келечегин илим изилдөө жаатында көргөн жаш адис 2023-жылы март айында Улуттук илимдер академиясынын Саясий изилдөө жана экспертизалар бөлүмүнө илимий кызматкер болуп кирген. Бул академияда Карабаев туура 6 ай, тагыраагы, 2023-жылдын сентябрына чейин иштеген. Анын кызматтан кетип, сот жообуна тартылуусу ушул жактагы ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.
"Жарым жылдын ичинде саясий иштер боюнча политологиялык экспертизалар кандай "токуларын", күч түзүмдөрүнөн кандай басым болорун көрүп, өзүм да ага кабылып, бир нече буйрук берилген экспертизаларды "токуудан" баш тарткам. Ошонун негизинде мени биринчи жумуштан мыйзамсыз кетиришти. Андан кийин ошол иштерди ачыктап, өзүм топтоп жүргөн далилдерди ачыкка чыгаргам. Алар аудио жазуулар болчу. Анда Улуттук илимдер академиясында политологиялык экспертиза кандай жасалары, башында кимдер турары ачыкталган. Андан тышкары бул тууралуу соттук отурумда да көрсөтмө бергем. Менин оозумду жабуу үчүн Фейсбуктагы постторума шылтоо менен ушундай кылмыш куугунтугуна кабылдым. Ал жердеги бөлүм башчыбыз, институттун директору бар. Аларга күч түзүмдөрү келип, кайсы бир иштер боюнча экспертиза сурайт. Мага, мисалы, Марипа Алыйкулова деген жарандын Фейсбуктагы билдирүүлөрүн экспертизага алып келишкен. Мен карап чыгып, мыйзам бузуу жок деп бүтүм чыгарып бергем. Бирок УКМКнын кызматкери кайра келип, алардын кызыкчылыгындагы корутунду чыгарып берүүмдү буйруган, мен андан баш тарткам. Ошондон кийин куугунтук башталган. Мен эч качан бирөөнүн тагдырына балта чапкым келбейт. Корутунду чыгарган адамдардын аркасында үй-бүлөсү, балдары, ата-энеси бар, мен аларды жөнү жок каралабайм", - дейт маектешибиз.
Быйыл апрелде социалдык тармактарга Жоомарт Карабаев менен Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Жоомарт Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүүсү сунушталып, болбосо, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аны камакка алары эскертилип жатканы айтылган. Айнуру Алтыбаева, өз кезегинде, муну “жалаа жабуу” деп атаган. Улуттук коопсуздук кызматы буга байланыштуу комментарий берген эмес.
Карабаевдин Фейсбукта жазган постторуна политологиялык экспертизаны аны менен бир кабинетте отурган кесиптештери даярдаган:
"Алты ай бир кабинетте отурган Азамат Жанышбек уулу мага каршы корутунду чыгарып берген. Бул политологиялык экспертизалар өзү мыйзамсыз. Анын мыйзамсыз экени тууралуу экспертизалардын башында турган Токон Мамытов сотто кат жүзүндө жооп берген".
Фейсбуктагы посттору өлкөдөгү саясий кырдаалга, окуяларга байланыштуу жеке ою гана болгонун белгилеген активист соттук териштирүүлөрдөн улам аспирантурасын аяктабай, академиялык өргүүгө чыгууга мажбур болгонун, келечегин гуманитардык илим жаатында көрөрүн айтууда:
"Өзүм илимге кызыккандыктан саясат таануу боюнча гуманитардык илимге ыктагам. Өзүм өлкөбүздүн саясатына, коомго пайдам тийсин деп "политология" адистигин тандап алгам. Сот органдарынан, бийликтен, өлкөбүздөгү мыйзамсыздыктан көңүлүм калды. Бирок мен эч убакта максаттарымдан артка кайтпайм. Илимий даража алып, коомдун өнүгүүсүнө салым кошууга ар дайым даярмын".
Карабаев мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылгандыктан азыр жумушсуз отурат. Колундагы бир эмес эки кызыл диплому керекке жарай элек:
"Соттук чечимдерден кийин келечегим бүдөмүк болуп калды. Улуттук илимдер академиясында аспирант, илимий кызматкер болуп, чуулгандуу политологиялык экспертизалардын натыйжасында жумуштан мыйзамсыз алынгам. Эми сот жабылган жалаа боюнча мени күнөлүү деп таап койду, анын негизинде мамлекеттик жумушта да иштей албайм".
"Корутунду кантип жасаларын айтып чыкпасам ошентип улана бермек"
Шаардык сот аны күнөөлүү деп тапкан, үч жылдык пробация көзөмөлүндө жүрүшү керек деген өкүм чыгарган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Карабаев адвокаттары менен эми жогорку инстанциядагы сот органдарына арыз менен кайрылууну көздөөдө.
Соттук териштирүүлөр, камактагы төрт ай аралыгында Жоомарт Карабаевдин апасынын ден соолугу начарлап кеткен. Эми өз алдынча иштер менен алектенерин айткан маектешибиз кабылган окуясы жалпы коом үчүн пайда алып келди деп үмүттөнөт:
"Мен камакта отурганда апам аябай кыйналды. Өнөкөт оорулар пайда болду. Азыр апам дарыланып турат, мен аны караган адаммын. Соттук териштирүүлөр бүттү, эми мамлекеттен тышкаркы жумуштарда иштейм. Мен эч нерсеге өкүнбөйм, себеби коомго кандай болсо да салым коштум. Политологиялык экспертизалар кантип жасалып жатканын айтып чыкпасам ошентип улана бермек. Азыр бир тараптуу корутундулар чыкпай калды. Менин айткандарым коомчулукка жайылып, ошонун негизинде тергөө органдары жана академиядан мыйзамсыз иштерди улантуу мурдагыдан басаңдады".
Карабаев Улуттук илимдер академиясынын эксперттери чыгарган корутундудан канчалаган адамдардын тагдыры көз каранды экенин эскертип, кесиптештерин мындай жоопкерчиликтүү иште туура жана так болууга чакырды.
Быйыл 21-октябрда Карабаев президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, башкы прокурор Максат Асаналиевге, акыйкатчы Жамила Жаманбаевага кайрылуу жазган. Ар биринен аны жеке кабыл алууну да суранган.
Кайрылууда Улуттук илимдер академиясында иштеп, эч качан массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасабаганын, бийликке оппонент эмес экенин жана саясий амбициясы жоктугун белгилеген. Мындан улам ага козголуп, кийин сотто каралган ишти териштирүүдө президенттен конституциялык жана башка мыйзамда каралган укуктарынын корголушун, атайын кызматтын башчысынан иштин кайра тергелишин, башкы көзөмөл органынын жетекчисинен анын ишинде кылмыштын курамы жок болгондуктан айыптоодон толук баш тартууну жана кайрадан тергөө жүргүзүүнү өтүнгөн. Омбудсменден соттук териштирүүдө акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн сакталышын камсыз кылууну, ишке көзөмөл жүргүзүүнү суранган.
Президентин администрациясы кайрылууну Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүп, ал орган 24-октябрда бул ишти карарын, кийин жооп берерин билдирген. УКМК өз жообун бере элек.Ал эми акыйкатчынын өкүлү шаардык соттогу бир отурумга катышып, мониторинг жүргүзгөн, бирок анын жыйынтыгын жарыялай элек.
Каршы тараптын жүйөсү
Карабаев менен чогуу иштеп, кийин ал боюнча корутунду чыгарган кесиптеши Азамат Жанышбек уулуна анын дарегине айтылган дооматтарга байланыштуу ошол кезде кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тарткан.
“Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштейм. Ошол Илимдер академиясынын жетекчилиги уруксат бергенде гана комментарий бере алам”, - деген жооп узаткан эксперт.
Ал эми Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун политологиялык изилдөө жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы Токон Мамытов Карабаев айтып жаткан дооматтарды четке кагып, толук маалымат кийин таратыларын билдирген эле.
“Мен азыр Бишкекте эмесмин, эмне дегенин көрөйүн. Бирок, расмий түрдө эле билдирүү беребиз. Мен ал балага тиешем жок, тааныбайм”, - деген Мамытов.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулова быйыл 7-апрелде Фейсбук баракчасына Карабаевдин жана ал иштеп кеткен бөлүмдүн башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшкөнү делген аудиону жарыялаган. Ага Алтыбаева комментарий калтырып, "Өзүңөрдүн жалган айыптоону, ойдон чыгарылганды жана калпты сотто далилдешиңер керек болот!" деп жазган.
"Азаттыктын" бул окуя тууралуу суроолоруна жооп берип жатып Алтыбаева Карабаевге кылмыш ишинин козголушуна жана камакка алынышына тиешеси жок экенин белгилеген, аны менен жумушуна байланыштуу гана сүйлөшкөнүн айтып, атайын кызматтан нааразылык болгонун четке каккан эмес:
“Мен кызматка дайындалгандан кийин УКМКнын кызматкерлери келди. "Биздин кызматтык документтерди Фейсбукка жарыялап койду" дешти. Мен жаңы келгем, билбейм да. "Макул, териштирели, комиссия түзөлү, ал эмнени, кантип жарыялап салганын, буга тартип жазасы берилеби же сөгүш жарыяланабы, комиссия чечсин" дедик. Комиссия түзүлгөндөн кийин бул жигит жумушка келбей коёт. Аны менен бөлүмдө чогуу иштеген балдар жумушка келбей жатканы боюнча акт түзүп коюшат. Комиссия ошонун негизинде Эмгек кодекси боюнча аны жумуштан четтетүү чечимин чыгарат.”
Бийлик Кыргызстанда сот адилеттигин камсыздоо жаатында бардык тийиштүү иштер жасалып жатканын айтып келет.
Быйыл 5-мартта Кыргызстандын судьяларынын XIII курултайында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден жана ар кандай тышкы кысымдардан толук түрдө көз карандысыз болушу шарт экенин, анткени сот бийлиги коомдогу туруктуулук менен мыйзамдуулуктун кепилдиги экенин айткан. Ал сот тутумундагы коррупция эң биринчи кезекте элдин мамлекетке болгон ишенимин солгундатарын белгилеген.
Демократияны курууга аракет кылып жаткан мамлекеттерге жардам берүү менен алектенген "Эл аралык республикалык институт" уюму (International Republican Institute, 1983-жылы негизделген) 2024-жылдын башында жарыялаган изилдөөсүндө сурамжылоого катышкан 1500 кыргызстандыктын 65% Кыргызстан үчүн эң олуттуу үч көйгөйдүн бири деп жемкорлукту атаганын, 55% соттордун ишин терс баалаганын билдирген.
Transparency International 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарып, Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алганын жарыялады. 2023-жылы 26 балл эле. Рейтинг упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн дегенди билдирет.
Шерине