Астананын мындай чечими Вашингтондун колдоосуна ээ болууга багытталган страгетиялык кадам катары бааланууда.
Казак бийлигинин чечими 6-ноябрда расмий жарыяланды. Казакстан Израилди тааныган, 1991-жылы Советтер Союзу ыдырап, көз карандысыздык алгандан бери эле Тель-Авив менен дипломатиялык мамилени кубаттап келген.
Дональд Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө ийгиликтүү деп эсептелген Авраам келишимине кошулуу Казакстанга эмне берет?
Авраам келишими Израил менен мусулман мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында иштелип чыккан.
2020-жылы ага Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Марокко кол койгон.
Трамптын администрациясы бул демилгени кеңейтүүгө умтулуп жатат. Маселе Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын 18-ноябрда Вашингтонго пландалган сапарындагы башкы темалардын бири болмокчу.
Борбор Азиядагы эң бай жана чоң мамлекет саналган Казакстан чөлкөмдөгү аталган келишимге кошулган биринчи өлкө болуп калмакчы. Бул дипломатиялык келишимдин Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадан Борбор Азияга кеңейип жатканын көрсөтөт.
«Биздин Авраам келишимине кошулуубуз диалог, өз ара сый жана аймактык туруктуулукка негизделген Казакстандын тышкы саясий багытынын уландысы», — деп айтылат казак өкмөтүнүн маалыматында.
Мунайга бай жана Москванын эзелтен берки өнөктөшү, Бээжин менен алакасын бекемдеп жаткан Казакстан үчүн Авраам келишимине кошулуу АКШ менен өнөктөштүктө мүмкүнчүлүк катары каралууда.
«Орусия жана Кытайдын ортосунда кысылган Казакстан өнөктөштөрүн көбөйтүүгө аракеттенип жатат. Негизинен Астана Кошмо Штаттары жана Европа менен мамилесин жакшыртууга умтулууда», — деп жазды Евразиялык Atlantic Council борборунун директорунун орун басары Эндрю Д’Аниери аналитикалык баяндамасында.
«Авраам келишимине кошулуу - Вашингтондун оң көңүлүн бурууга багытталып, АКШнын мамлекеттик органдары менен жеке секторунун экономикалык кызыкчылыгын Казакстанга тартууга багытталган прагматикалык жөндүү кадам», — дейт талдоочу.
Эксперттердин пикиринде, Трамп Борбор Азиянын беш мамлекети менен жолугушкан учурда Казакстандын аталган келишимге кошуларын жарыялаганы тегин жерден эмес. Вашингтондогу бир күндүк саммитте Трамп Москва үстөмдүк кылып, Кытай менен кызматташкан Борбор Азия мамлекеттери менен АКШнын байланышын бекемдөөгө багытталган соода, дипломатиялык жана минералдык ресурстар тууралуу келишимдер жөнүндө жарыялады.
Саммиттин алдында Казакстан АКШ менен өнөктөштүктүн алкагында вольфрам кенин иштетүү боюнча келишим тузүлгөнүн жар салды.
Вашингтондогу Йорктаун институтунун "Туран" иликтөө борборунун директору Жозеф Эпштейн "Азаттыкка" берген комментарийинде Казакстандын чечими символикалуу катары көрүнгөнү менен болочокто дипломатиялык салмакка ээ болушу ыктымал деген ою менен бөлүштү:
«Астананын Авраам келишимине кошулуусу жаңы этаптын башталганынын белгиси», — деди Эпштейн.
Борбор Азия жана Кавказдагы башка мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Иран менен чектешкен Азербайжан да Авраам келишимине кошулууга кызыкдарлыгын билдиришкен.
"Газ, уранга бай, Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан Астана жана Баку сыяктуу маанилүү оюнчуларды тартуу АКШ менен Израил үчүн мааниге ээ. Бул алар үчүн Орусия менен Иран өздөрүнүн таасири чоң деп эсептеген аймакта стратегиялык басымдуулугун камсыздоого шарт түзөт", — дейт Atlantic Council борборунун Жакынкы Чыгыш боюнча иликтөөчүсү Сара Заайми.