Бул үрөй учурган окуя кыз-келиндердин коопсуздугуна байланышкан маселени кайра козгоду.
Беш баланын жоругу камерага түшүп калган
Милиция тараткан видеодо Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде беш киши бир кызды колу бутунан кармап, көтөрүп баратканын көрүүгө болот.
Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, бул окуя 28-февралга караган түнү болгон. Жабыркаган кыз беш адам аны белгисиз тарапка алып барып, күч колдонуп зордуктаганын айтып арызданган.
"Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголду.
Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Свердлов РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр аныкталып, 25 жаштагы үч жана 24 жаштагы эки адам кармалды. Кармалган беш адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Топ менен зордуктоо фактысы боюнча 8 жылдан 11 жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш", - деп билдирди Свердлов райондук милициясынын улук тергөөчүсү Абдырахман Аманалиев.
Бишкек шаардык сотунан билдиргендей, кылмышка шектелгендердин баш коргоо чарасы 1-мартта Свердлов райондук сотунда каралган. Шаардык сот жөнөткөн маалыматта мындай деп айтылат:
"Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун тергөө судьясынын 1-марттагы токтому менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын ага тергөөчүсүнүн камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу беш адамга карата 2025-жылдын 28-апрелине чейин камакка алуу баш коргоо чарасы колдонулган".
Соңку окуя кыз-келиндердин коопсуздугуна байланышкан маселени кайра күн тартибине чыгарды. Социалдык тармактын колдонуучулары бул окуяны тыкыр иликтеп, ачык сот өткөрүүнү талап кылууда.
Эс алуучу жайдын жоопкерчилиги канчалык?
Укук коргоочу Назгүл Турдубекова эс алуучу жайдын ээлери дагы жооп бериши керек деп эсептейт.
“Балдардын мындай жүрүм-туруму адамдык сапатка эч жатпайт. Андыктан биз муну айыптап кутулуп кетүүсүнө жол бербешибиз керек жана бардык процесстер ачык өткөрүлүшү керек. Окуя болгон жер коммерциялык жай болгондуктан, тегерегине видео камера менен көз салып, өзүнүн аймагындагы адамдардын коопсуздугуна жооп бериши керек. Бул жердин ээлери да жооп бериши керек, бери дегенде милицияга чалышы керек болчу”.
Жабырлануучу жана шектүү адамдардын жакындары менен байланыша алган жокпуз.
Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүнүн жетекчиси Умида Абылгазиева бул ишке көз салып жатканын билдирди.
"Акыйкатчы институту биринчи кезекте укук коргоо органдары кыздын жана анын туугандарынын коопсуздугун камсыздашы керек деп эсептейт. Анткени шектүүлөрдүн туугандары басым көрсөтүшү мүмкүн. Ошондой эле Акыйкатчы институту жабырлануучу кызга жардам көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз".
Тыйылбаган фактылар
Жыл башынан бери Кыргызстанда бир нече зордуктоо фактысы катталды. 10-январда Бишкекте майыптыгы бар 17 жаштагы кыздын зордукталып, 55 жаштагы жаран шектүү катары кармалган.
Ал эми 6-февралда Бишкек шаардык милициясына 24 жаштагы кыз 5-февралда Бишкектеги мейманканалардын биринде белгисиз адам коркутуп, күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган. Бул ишке шектүү катары милициянын лейтенанты кармалган.
21-февралда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде 25 жаштагы келиндин сөөгү табылган. Милициядан билдиргендей, ал алгач зордукталып, анан өлтүрүлгөн. Шектүү катары үч киши кармалган.
Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирусулова коомдо башка тема талкуулангандай эле ушундай үрөй учурган окуялар да кызуу талкууланып, баа берилиши керек деп эсептейт.
“Казакстанда жолдошу аялын өлтүрүп койгон окуя болбодубу, ошол сыяктуу элдин баары түз эфирде көрүшү керек. Прокурор эмне деди, адвокат эмне деди, жабырлануучу эмне деди, сот кандай чечим чыгарды, баарын көрүшүбүз керек. Ушундай иштерди коомчулукка чыгарбасак, коом баа бербесе болбой калды. Баа бериш үчүн биз кандайдыр бир жагдайларга, маалыматтарга ээ болушубуз керек”.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы “Зордуктоо” беренеси менен 14 иш , “16 жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” беренеси менен жети жана “Ыплас аракеттер” беренеси менен тогуз иш козголгон.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган.
Шерине