"Салык төлөө - ыйык милдет". Бишкектин Москвага жообу
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алманбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин дооматына жооп берди. Башкы салыкчы Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген сөзүн четке кагып, Кыргызстанда ишкерлердин баарына мыйзам бирдей иштерин, чарбалык иштерди саясатташтыруунун кажети жоктугун билдирди. Буга Москва азырынча комментарий бере элек.
Шерине