Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:07

"Мыйзам баарына бирдей". Орусиянын дооматы, кыргыз бийлигинин жообу


Алмамбет Шыкмаматов жана Михаил Мишустин. "Азаттыктын" коллажы
Алмамбет Шыкмаматов жана Михаил Мишустин. "Азаттыктын" коллажы

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин дооматына жооп берди. Ал Мишустиндин "Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатат" деген сөзүн четке какты.

Шыкмаматов Кыргызстанда ишкерлердин баарына мыйзам бирдей экенин, чарбалык иштерди саясатташтыруунун кажети жоктугун билдирди. Буга Орусиянын бийлик өкүлдөрү азырынча комментарий бере элек.

"Мыйзам баарына бирдей"

Кыргызстандын Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов 3-февралда жергиликтүү медиалардын бирине маек куруп, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустиндин Кыргызстанда орус компанияларына басым жасалып жатканы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Ал Кыргызстанда ишкерлердин баарына мыйзам бирдей экенин айтып, чарбалык иштер саясатташып кеткенин белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

"Мамлекеттик жогорку жетекчилик тууралуу айтып, Мишустин мырза так эместикке жол берген, ал эми "опузалоо" дегени ашыра айтууга барабар. Муну менен биздин чарбалык маселеге саясий боек берилген десек болот. Мишустин мырзада так маалымат болбошу ыктымал."

Ошондой эле Шыкмаматов Кыргызстанда өлкө жетекчилиги бардык тармакта коррупцияны жоюу аракетин көрүп, ачыктыкты камсыз кылуу үчүн реформа кылып жатканын белгиледи. Салык кызматы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) казынасына 2017-жылдан бери төлөгөн каражаттын суммасын көрсөтүп, өлкөдөгү бардык ишкерлерге бирдей мамиле болорун айтты.

"Биз салык төлөөчүлөрдү жергиликтүү, чакан өлкөнүн же ири державанын ишканасы деп бөлбөйбүз. Бардыгына мыйзам менен бирдей салык нормалары бекитилген, аны баары аткарып жатышат. Мыйзам баарына бирдей, салык төлөө - ыйык милдет. Эгер кимдир-бирөө салыкты жашырса, тиешелүү органдар мыйзамдын алкагында иштешет. Орусияда деле ушундай. Мен ишенем, Мишустин мырза, Орусиядагы ийгиликтүү ишке ашырылган салык реформасынын "атасы" катары, муну эң сонун түшүнөт", - деп билдирген Алмамбет Шыкмаматов.

Орусиянын дооматы

Өткөн апта соңунда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Алматыда жолуккан. Анда орус өкмөт башчысы кыргызстандык мамлекеттик органдар орусиялык компанияларга "кысымын жана негизсиз дооматтарын" токтотушу керектигин талап кылган.

“Бизди Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн кыргыз экономикасын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп жаткан, чынчыл, абийирдүү орусиялык компанияларга негизсиз дооматтары жана мыйзамсыз билдирүүлөрү тынчсыздандырууда. Мыйзамсыз, кээде опузалоо фактылары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин нотасында белгиленген”, - деген Мишустин.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Казакстан. 2025-жылдын 31-январы.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин. Казакстан. 2025-жылдын 31-январы.

Орус өкмөт башчысынын бул сөзүнө Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга баргандан кийин бул боюнча сүйлөшөрүн, андан кийин өзүнчө маалымат берерин айтып жооп берген.

Мындан кийин эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсү тең ата болбой калганы айтылып, Касымалиевдин жообу Кыргызстанда сынга кабылган.

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

“Мындай сөздөрдү негизи расмий эмес жолугушууларда көп эле сүйлөшүшөт. Бул нормалдуу көрүнүш. Анан ачык-айкын прессага айтылган дооматтары, биздин жетекчилерди белгилеп опузалаганы ашыкча болуп кетти. Муну мен басым жасаганга аракет деп түшүндүрөт элем. Анан туура эмес маалыматты жеткизип баруу деп айтат элем”, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.

Мишустин өз сөзүндө кайсы бир компаниянын атын атаган эмес. Бирок кыргызстандыктар сөз “Яндекс.Такси” компаниясы жөнүндө болгонун жоромолдоп жатышат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) былтыр 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөнүн маалымдаган эле.

Бирок бул иштин жыйынтыгы эмне болгону белгисиз бойдон калган.

Ага чейин “Яндекс.Такси” кызматынын баасына байланышуу маселе коомчулукта, Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, Монополияны жөнгө салуу кызматы аны Кыргызстандын такси рыногундагы монополист деп атаган.

"Ички саясатка кийлигишүү"

Жарандык активист Айбек Теңизбай кайсы өлкөнүн компаниясы болбосун, баарына мыйзам бирдей иштеши керектигин айтат:

Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

“Сөздү учурунда айтпасаң атасы өлөт демекчи, ошол жерден биздин өкмөт башчы дагы так, даана жооп бериши керек болчу. Тилекке каршы, убакыт өткөндөн кийин ар түрдүү жооптор учурунда жооп бергендей эффект калтырбайт. Орусиянын өкмөт башчысы кайсы компания үчүн ушундай сүйлөп жатканын биз билебиз, бул “Яндекс.Такси”. Ал компания Кыргызстанда монополист экени баарыбызга маалым. Аларга карата мыйзамдар иштеши керек. Башка өлкөнүн өкмөт башчысы жанагыдай риторика менен айтканын Кыргызстандын саясатына түзмө-түз кийлигишүү катары сыпаттасак болот. Силер туура эмес кылып жатасыңар, силер мындай кылгыла дегенге эле жатат”.

Кыргызстанда “Яндекстен” тышкары башка орус компаниялары көп эле. Алардын белгилүүлөрү - Таластагы алтын казган “Альянс алтын” жана “Газпром Кыргызстан”.

Өзгөчө 2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Кыргызстанда орусиялык компаниялардын катары калыңдаган.

Буга чейин АКШнын Каржы министрлигинин башкармалыгы Бишкекте катталган “Газпром нефть Азия” компаниясына санкция салган.

Кыргызстан АКШ менен "кара тизмеге" илинген компанияларды талкуулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG