Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:14

"Президенттен сурап ал". Талаштуу билдирүүлөрү менен таанылган Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетти. Анын кезектеги отставкасы өткөн аптада парламенттеги билдирүүсү талкууга түшкөн учурга туш келди. Бейшеналиев кызматтан кетиши президенттин чечими болгонун айтты.

Президент Садыр Жапаров менен жакын мамиледе экенин айтып, талаштуу билдирүүлөрү, жүрүш-турушу менен таанылган министрдин отставкасына эмне себеп болду?

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кеткени 3-февралда жарыяланды. Ал бул маалыматты "Азаттыкка" ырастап, чечимди президент Садыр Жапаров жана өзү кабыл алганын айтты:

"Жөн эле кеттик, ошо. Бул чечим президенттики, меники. Азырынча соңку абалга байланыштуу эч жакка кызматка барбайм го".


Соңку абал деп экс-министр эмнени айтып жатканын тактаган жок. Бирок өткөн апта соңунда Бейшеналиевдин парламенттеги билдирүүсү талкууга түшкөн.

31-январда Жогорку Кеңештин "Ишеним" фракциясынын жыйынында Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагындагы абал боюнча маалымат берген. Анда депутат Айсара Абдибаев "Кыргызфармация" ишканасынын жетекчисинин кызматтан алынышы тууралуу суроо узатканда, Бейшеналиев мындай чечимди президентке шылтаган.

""Кыргызфармациянын" директорун кызматтан алуумдун негиздемесин мен айта албайм. Садыр Нургожоевич бир сааттын ичинде жумуштан ал деди, мен алдым", - деген Алымкадыр Бейшеналиев.

"Министрге уят"

Бейшеналиевдин күтүүсүз отставкасын дал ушул жагдай менен байланыштыргандар болууда. Маселен, "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Камила Талиева экс-министрдин соңку билдирүүсү одоно болгонун айтууда:


"Өткөн аптанын жума күнү "Ишеним" фракциясынын жыйыны учурунда саламаттыкты сактоо тармагындагы маселелер каралган. Анда депутат Айсара Абдибаева "Кыргызфармациянын директорун эмнеге жумуштан алып койдуңуз?" деп сураса, "Президент тапшырма берген үчүн. Бар, президенттен сурап ал" деп койду. Мен мындай жооп кайтарган министрди көргөн эмесмин. Ошондой жооп бербеши керек эле. Абдибаеванын ордунда болсом, ошол жерден кууп чыгат элем. Президент ошенткен күндө да аны сатпаш керек эле да. Сен жетекчисиң, сен жооп бересиң да, туурабы? Жалпы жетекчилер ушул жерде отурат. Бул министрдин сөзү эмес, бул уят. Министр мырза, сиз саламаттык сактоо тармагынын ийне-жибине чейин жооптуусуз, кандай болгон күндө да жагдайлардын себебин айтып же жеке түшүндүрүш керек. Дипломатия керек болчу. Башка балта менен чапкандай сүйлөдү. Экинчиден, жетекчи ар кандай абалга даяр болушу жана мыйзамдан чыкпай сүйлөшү керек".

Ушул эле жыйында Алымкадыр Бейшеналиев каза болгон кишинин ички органдарын трансплантациялоого уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалып жатканын да билдирген. Бул коомчулукта талкууга түшүп, ар кандай реакция жараткан.

Мындан сырткары дары-дармек тармагындагы кырдаал да күн тартибинен түшпөй келет.

Бул жаатта түзүлгөн "Кыргызфармация" ишканасынын айланасындагы чыр-чатактардын аягы тыйылбай, дары-дармек тартыштыгы да сезилип жатат.

Ошентип, президент Садыр Жапаровдун көздөй кадры саналган Алымкадыр Бейшеналиев экинчи жолу кызматтан жаңжал менен кетип отурат. Ал 2020-жылдын Октябрь окуясынан соң 2022-жылдын августуна чейин министр болуп иштеп турган. Ошол эле жылы июнь айынын башында коррупцияга айыпталып камалган. Көп өтпөй үй камагына чыккан.

Башкы прокуратура ага чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан мурдагы министрге жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин бардык кылмыш иштери токтотулган. 2023-жылы сентябрда министр кызматына кайра дайындалган.

Бейшеналиевдин иш-аракеттери, чечимдери коомчулукта талкууга түшүп, карама-каршы пикир жаратып келет. Эң эле талкууга түшкөнү окуясы коронавирус күчөп турган маалда бул вирусту уу коргошун менен дарылоо эффективдүү болорун айтып, басма сөз жыйынын өткөрүп, коомчулукка чыкканы болгон.

Кадр тандоо маселеси

Активист Мавлян Аскарбеков мамлекеттик кызмат орундарына тиги же бул кадрды коюп жатканда бийлик башындагылар дыкат ойлонуусу керек экенин айтууда. Ал Бейшеналиев бул кызматта турган үч жылдан ашык убакыт ичинде реформа жүргүзө албай, дары-дармек чыгаруу, фармацевтиканы жөнгө салуу жөнүндө айтканы менен, бул иштерди ийине жеткире албаганын белгиледи:

"Деструктивдүү иштерди алып барды. Бүтүндөй мамлекеттик кызматка туура эмес адамдардын келиши алардын өз билемдик менен иш жүргүзөрүнүн мисалы болду. Ал киши бир гана Кыргызстан эмес, дүйнө жүзүнө жар салып, "биз Ак үйдө "аконит" кайнатып жатабыз, мына, мен ичтим" деп басма сөз жыйынын өткөргөн. Ошондой эле өзүнүн кесиптеши, көз доктурга барып аны менен мушташканга даяр экенин, тишин бирден санап түшүрөрүн да айткан. Бул көчөдө жүргөн маргиналдардын сөзү менен иш алып барганын баарыбыз билебиз. Ушундай адекваттуу эмес адамдар кызматка келгени өкүнүчтүү. Азыр мындай адамдардан президенттин айланасында жок эмес, аны Кыргызстан гана эмес, эл аралык арена да билип, көрүп турат. Бейшеналиев президенттин ишенимин аткара албай, жөндөп жумуш кыла алган жок. Президент ушундай адамдарды алдын ала аңдап билип, тактап туруп кызматка койсо жакшы болмок".

Медицина тармагы чоң реформага муктаж

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагы соңку жылдары кыйла олуттуу реформаларга муктаж болуп калганын, алардын маанилүүлөрү булар экенин айтты:

"Саламаттык сактоодогу маселелер ачык эле көрүнүп турат. Биринчи кезекте бул тармак өкмөт алдында жана эл алдында ачык болуп, медициналык кызматтардын баасы, оорулар жана алардан көз жумгандардын так санын чыгаруу керек. Андан сырткары азыр өлкөдө кадр маселеси курч турат, бул жааттагы кырдаалды түп тамыры менен өзгөртүү зарыл. Коркутуп, жазалоо эмес, Эмгек кодексинин талаптарын так аткаруу жолу менен барса эле баары жөнгө салынат. Ондогон дарыгерлер азыр деле Кыргызстанга кайтып келип иштегенге даярдыгын билдиришет, бирок жетекчилердин мамилеси, айлык маселеси аларды чет жакта калууга мажбур кылууда. Медициналык окуу жайлардан окуп чыккан жаш адистердин билим деңгээлин текшерген да эч ким жок. Алардын билими канчалык, кандай кемчиликтери бар, бейтаптар менен иштешип кете алабы, кандай иштейт деген суроолорго жооп азырынча жок. Дарыгерлерди ар кандай агрессивдүү адамдардан коргой албасак, тынч, коопсуз шарт түзбөсөк, ким иштейт? Ушунун баары Саламаттык сактоо министрлигинин милдети. Бул маселелер утур-утур көтөрүлүп келет дечи, бирок чечүү үчүн чоң иш аткаруу керек".


Азырынча Бейшеналиевдин ордуна саламаттык сактоо министри болуп ким дайындалары айтыла элек. Айрым булактар бул кызматка парламент депутаты Айбек Маткеримовдун жана бир кезде министрдин орун басары болуп иштеп кеткен Эркин Чечейбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүшү ыктымал экенин айтып жатышат.

Алымкадыр Бейшеналиев ким?

Бейшеналиев 1960-жылы Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Алмалуу айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) клиникалык ординатура факультетин аяктаган. Медицина илимдеринин доктору.

Эмгек жолун ал хирургия факультети кафедрасынын ассистенти болуп баштаган.

КММА доценти, хирургия тармагындагы адис 120дан ашык илимий эмгек, беш монография жарыялаган. 2021-жылы 14-октябрда Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамына кирип, саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

2022-жылы 19-августта министр кызматынан бошотулган. Ошол эле күнү ал “Алтын балалык” реабилитациялык комплексинин директору болуп дайындалган. 2023-жылы 7-сентябрда саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, 13-сентябрда Жогорку Кеңеш бекитип берген.

Шерине

XS
SM
MD
LG