30-январда шаардык кеңештеги "Жаңы Күч" фракциясынын жыйыны болду. Ага "Эмгек" фракциясынан да депутаттар катышты. Бул күнү бийликчил саналган бул фракциялардын депутаттары борбор калаанын социалдык өнүктүрүү планын талкууламай болуп, жыйынга Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевди чакырышкан.
Мэрдин нааразылыгы
Бирок жыйында депутаттар эмес, демилгени мэр Жунушалиев өзү колго алып, шаардык кеңешке нааразылыгын айтканы келгени алгачкы мүнөттөрдөн баштап эле байкалды. Мэр ушул жылдын 14-январынан бери эле шаардык кеңештин демилгеси менен 19 жыйын өткөнүн белгилеп, быйыл “депутаттардын айынан эч кандай жумуш аткарылбай”, мэрия өкүлдөрү жыйындардан башы чыкпай калганын айтты.
“Ошентип күн өткөрө берген менен Бишкек шаары бизди күтүп турбайт. Бүгүн кар жаап жатат. Мэрия саат 4:30дан бери иштеп жатат. Силер баарыңар чоңсуңар, кыйынсыңар. СММ аркылуу бүт камераларды бетибизге такап жатасыңар. Бирок жумушту ким кылат? Акыркы күндөрү талкуу болуп, “Жаңы күч” мэрия мүлктүн баарын жеп-жутуп жатат дегениңерден алдыңарга келдим. Бүт компроматыңарды чыгаргыла, жооп берейин. Уурдасам, жеген болсом, айткыла. Колуңардан келсе, кызматтан кетиргиле. Бирок бир сураныч, жумуштан албагыла. Жогорку Кеңеш да чечим чыгарып, мэрияны жумуштан кармабайлы дешти”.
Жунушалиев ошондой эле 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын жолдорун оңдоого болгону 400 млн сом бөлүнгөнүн, каражаттын аздыгынан жолдордун 80% талапка жооп бербей калганын да белгиледи. Ал 2024-жылдын бюджетинин эсебинен бөлүнгөн 3,5 млрд сомдун жардамы менен жолдор оңдолуп жатканын айтты.
Мэр "шаардын каражатын максатсыз пайдаланып жатат" деген сынды четке кагып, кээ бир депутаттардын өзүн "муниципалдык жерди ижарага арзан алып, кайра кымбат берип жатат" деп айыптады:
"Токтогулов Максат деген депутат бар экен. Ал бир жерди ижарага алат, айына 66 миң төлөйт. Туурабы, Максат? Туура. Ушул эле жерди субарендага алган киши мага келишимин көрсөттү. Ага ылайык, Максат Токтогулов жерди субарендага 9 миң долларга берип жатат. Бир жылда бул канча акча болот?".
Мэрдин бул дооматына Максат Токтогулов жооп берген жок. "Азаттыктын" аны менен байланышуу аракетинен майнап чыкпады.
"Директордун добушу менен сүйлөп жатасыз"
Бирок мэрди андан ары угууга каршы чыккан “Жаңы күч” фракциясынын төрагасы Кубанычбек Конгантиев Жунушалиевди депутаттарга сый-урмат менен мамиле кылууга, “добушун төмөндөтүп” сүйлөөгө чакырды.
“Эгерде сиздин кайсы бир депутат менен мыйзам бузуу боюнча дооматыңыз болсо, укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Ушуну менен токтотолу. Сиз директордун добушу менен сүйлөп жатасыз. Сиз бизге эмес, шаардыктарга кызмат кыласыз. Ошол шаар тургундары да бизге ар кандай көйгөйлөр менен кайрылат”, - деди ал.
Жыйындын ортосунда мэр Жунушалиев аягына чейин отурбай чыгып кетти. Айрым депутаттар анын мындай кадамына нааразы болуп, “ыңгайсыз абалда” калтырганын айтышты.
Ошентип, борбор калаанын мэри менен шаардык кеңештин ортосундагы тиреш ачыкка чыгып, коомчулукта талкуу жаратты.
Айрымдар мэр Жунушалиевдин шаардык кеңешти "мектеп окуучуларындай кылып" тилдегени бийликтин өкүлчүлүк органына карата сыйлабастыгы десе, кээ бирлери жергиликтүү депутаттардын аракетин сынга алышты.
Аткаруу бийлиги менен эл өкүлдөрү ортосунда нааразылыктар
Саясат талдоочу Эмил Жороев Бишкек шаардык кеңешиндегидей көрүнүш мурда Жогорку Кеңеште да болгонун, өкмөт мүчөлөрү үстөмдүк кылган учурлар арбып баратканын айтууда.
"Буга чейин парламентке кайрылып, өкмөт мүчөлөрүнүн бири "кылыбыз кыйшайбайт, өкмөт силерге урганга топ эмес" деп айтканы бар. Ошол сыяктуу аткаруу бийлиги менен эл өкүлдөрү ортосунда нааразылык бар. Мэр жыйындар өтө көп болуп жатканын айтууда. Эгер иш так болуп, берген суроолоруна так жооп берген болсо, балким, андай жыйындар деле анча көп жана узак болмок эмес. Мүмкүн чындап эле кереги жок, кайталанма, убакыт уурдаган жыйындар да болуп жаткандыр. Шаар бийлигинин эки бутагынын ортосундагы бири-бирин түшүнбөө, саясий кыр көрсөтүү аракети катары көрүп жатам мен бул окуяны. Айбек Жунушалиевге карата шаардык кеңеш кысым кылып жаткан болушу мүмкүн, аны жумуштан кетирүүнү каалап жатышкандыр. Бирок эгер чындап мэр айткандай мыйзамсыз аракеттер, кызыкчылыктар болгон болсо, ал мындай жыйындарда айтылбай, иликтенип, дыкат текшерилиши керек эле. Тиги же бул депутаттын жанагыдай иштерин жалпы жыйынга алып чыгып айтуу мэрдин деңгээли эмес эле".
Дагы бир саясат талдоочу Айбек Теңизбай мэрдин эл өкүлдөрүнө карата мамилеси бийлик башындагылардын башкаруусунан көз каранды болуп жатканын белгилейт. Калаа башчысын президент дайындайт. Мындан улам, талдоочу белгилегендей, шаардык кеңештин депутаттары мэрдин жана мэриянын ишине таасир эте албай калган.
"Шаар бийлигиндеги тең салмактуулук бузулду. Депутаттар мэрди көзөмөлдөп, жүрүп жаткан иштер, пландар тууралуу сурап, жыйындарга чакырганга укуктуу жана мэр алардын айтканын аткарууга милдеттүү. Мэрдин жыйындан каалашынча чыгып кеткени азыркы биздин башкаруудагы чоң көйгөйдү көрсөтүп жатат. Эми мындай мамиленин жыйынтыгы жакшы болбой калат. Мэр өзү билемдикти, каалагандай башкарууну улантып кетет. Депутаттар орток пикир таап, туура эмес болуп жаткан иштерди бир нукка салып турганга жакшы көмөкчү да. Тилекке каршы, депутаттардын арасынан эрктүүсү, мэрге татыктуу жооп бере турчусу болбой жатат, бул чоң көйгөй. Мындай көрүнүш уланып отуруп, жалпы кеңеш жоюлуп да калышы мүмкүн. Азыр депутаттардын арасында, өзгөчө шаардык кеңеште өз оюн айта алган, эрктүү киши жок. Себеби алардын ар биринин шаарда өз кызыкчылыгы бар, аны мэр билген үчүн бир депутаттын кылып жаткан ишин мисал келтирип, дароо кызыкчылыктарына басым жасады. Мэр, демек, ар бириңердин ушундай иштериңерди ачыктайм дегенди кыйытып айтты".
Ал тапта активист Мавлян Аскарбеков айрым депутаттар тобу менен мэрдин ортосунда "согуш" башталды деп, анын алгачкысы шаардык кеңештин 30-январдагы жыйынында ачыкталды деген ойдо. Ал ошондой эле депутаттар өз ыйгарым укуктарын кеңейтип, регламенттен сырткары иш алып барып жатканын белгиледи:
"Иште отуруп, айрым депутаттар менен кайым айтышса, кайра түштөн кийин ошол эле шаардык кеңеште иштеген башка депутаттар менен жакшы мамиледе экенин көрсөтүп, мэр сүрөт чыгарып жатат. Экинчиден, ошол депутаттарды, алар кимдер, канчанчы жолу шайланып келгенин карап көрсөк, жеке кызыкчылыгы кандай экенин да биле алабыз. Кээ бир кландарга таандык, бир нече жолу мандат алгандардын көбү шаардыктардын эмес, өз кызыкчылыгын бийик коюп жатышат. Алар өз кланына таянып, көп иштерди тымызын жасап келет. Ачыгын айтканда, бул бизде башкаруу системасы толугу менен деформацияланып калганынан кабар берет. Аткаруу бийлигиндеги адам шайланып келген мандаты бар адамга орой мамиле жасап, "колуңан эмне келет?" дегенге чейин барууда. Эми бул көрүнүш жергиликтүү кеңештерге чейин жетет. Мэрдин кечээги айткандары бир четинен туура. Маселен, шаардык кеңештин депутаттары айлык албай иштегенине карабай, күндө барып, улам бир кызмат менен жыйын өткөрүп, сыртта да жыйын өткөрүп, күнү-түнү ошо жерде жүрөт. А регламентке ылайык, айына же кварталына бир чогулуп, шаардын негизги көйгөйлөрүн карап, ошого жараша чечим кабыл алып, анан тарап кете турчу орган бул. Азыр андай эмес. Алар шаардык кеңеште өзүнө иш ордун түзүп алган жана регламентке такыр карабай калды. Мэр мына ошону, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн чакырып, жыйындан жыйын уюштурушканын айтып атат".
Бишкек шаардык кеңешинде 51 депутат бар. Былтыр 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерди шайлоодо "Жаңы күч", "Эмгек", "Адилет", "Ынтымак" жана "Эл үмүтү" фракциялары жеңип келген. Бул шайлоонун жүрүшүндө оппозициячыл маанайдагы Социал-демократтар партиясы "добуш сатып алууга аракет кылды" деп шайлоодон четтетилип, лидери Темирлан Султанбеков камакка алынган.
49 жаштагы Айбек Жунушалиев 2023-жылы октябрда Бишкек шаарына кайрадан мэр болуп дайындалган. Ага чейин 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин да баш калааны башкарган.
Шерине