Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:15

"2009-жылы "Кумтөргө" Сары-Чат, Эр-Ташты бекер эле берип коюшкан"


Эркингүл Иманкожоева
Эркингүл Иманкожоева

"Азаттыктын" "Бийлик сырлары" көрсөтүүсүнүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева болду.

Ал саясатка кантип аралашып калганы, 1994-2017-жылдар аралыгында кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы “Кумтөр” кени тууралуу келишимдерден чыккан келишпестиктердин себептери, максаты, кесепеттери жана алтын кенди улутташтыруунун натыйжасы, келечеги жөнүндө кенен кеп кылды.

- Эркингүл айым, Акаевдин учурундагы 1994-жылдагы Кумтөр боюнча келишимди 2003-жылы өзгөртүүгө эмне себеп болгон, Кыргызстандын кызыкчылыгы канчалык корголгон деп ойлойсуз?

- Мен азыркы бийлик ошол 1990-жылдардагы президент Аскар Акаевди актап жатканына таң калып жүрөм. Биринчи келишимди түзүп, баарын кылган ошол киши. Салыштырмалуу айтайынчы. Кыргызстандын жараны мыйзам боюнча кичинекей “күркөсү” болсо да салык төлөйт. Ал эми Аскар Акаев жылына 17-20 тоннадан таза алтын алып келаткан кирешелүү канадалык компанияны салыктан бошотуп койгон. Кенден түшө турган пайданын 60 пайызын канадалыктарга берип салган. Бул накта чыккынчылык. Ошол адам кантип акталыш керек? 1994-жылдагы келишим боюнча “Кумтөр” 2007-жылы толугу менен Кыргызстанга өтмөк. Ага жетпей эле жаңы келишим сунуш кылып жатышпайбы. Алар кенди биротоло менчиктештирип алууну көздөшкөн.

Ошондогу парламент, Абсамат Масалиев баштаган бир топ депутаттар катуу каршы чыгышкан. Ал кездеги “Кыргызалтын” мекемесинин жетекчиси Кудайбергенов “абдан пайдалуу келишим, көп акча мамлекетке түшөт, “мен кепилдик берем” деп, Жогорку Кеңеш аркылуу өткөрүп алууга кызыкдар тараптар катуу күч үрөшкөн. Акыры келишимди парламенттен өткөрүп кетишкен.

Иманкожоева: "Кумтөр" боюнча мурдагы келишимдер туура эмес түзүлгөн
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:05 0:00

- Бакиевдин бийлигинде 2009-жылы Кумтөр келишими кайра өзгөрдү, аны деле убагында Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөйт деген. Иш жүзүндө андай болбоду, анын сыры эмнеде?

- Анын сыры эмнеде? Ага чейинки келишимдер боюнча “Кумтөргө” иштетүүгө белгилүү бир аянттар, аймактар берилген. Ошону гана иштетесиң деп, ошого гана техникалык-экономикалык негиздеме түзүлгөн. 2009-жылдагы Бакиевдин келишими боюнча “Кумтөргө” эч кандай негиздемеси жок эле дагы Сары-Чат, Эр-Таш деген кошумча жерлерди, кендерди алтыны менен кошо бекер эле берип коюшкан. Анын чыккынчылыгы, сыры мына ушунда. Ага каршы чыккан депутаттарга, саясатчыларга, өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрүнө бийлик катуу куугунтук кылган.

- Эркингүл айым, Кыргызстандын эмес, канадалык компаниянын кызыкчылыгына иштей турган келишимдерге кол коюлуп калышында башка күчтөрдүн, чет мамлекеттердин таасири болгонбу?

- Кыргызстан – өз алдынча, көз каранды эмес мамлекет. Ага сырттан башка мамлекеттер басым кыла албайт. Кептин баары биздин жетекчилерде, алардын чет элдик компанияга сатылганында. Дипломат чемодандагы акча жөнүндө сөз көп. Келишимге эмне үчүн Канаданын Торонто шаарында кол коюлган, Кыргызстанда эле кол коюшса болбойт беле, документке эмне үчүн Силаев кол койгон деген көп суроолорго жооп жок. Жалпылап айтканда, биздин жетекчилер өлкөнү эмес, жеке кызыкчылыгын көбүрөөк ойлошкон.

- Сиз башынан бери эле келишимдерге каршы чыгып, канадалык компания менен күрөшүп келгенсиз. Алар сиз менен тил табышууга, сиз менен ымалага келүүгө аракет жасаганбы?

- Азыркы президент Садыр Жапаров убагында “Кумтөр” келишимине каршы чыгып жүргөндө ага компания тараптан чоң акча, долларлар сунуш болгонун айтып жүрөт. Факты менен сүйлөйлү. Менде башка формада болгон. Компаниянын Шатманов деген менежери келип, биз менен жолугушуп, биздин “Карек” уюмубузга ар кандай долбоорлорду ишке ашырууга сураган акча каражаттарды берели, силерден отчет деле сурабайбыз деген убадалар болгон. Биз аларга макул болбой, күрөшүбүздү уланта бергенбиз.

- Эркингүл айым, «Сапар Исаков премьер-министр болуп турганда «Кумтөр» боюнча стратегиялык келишимди парламентке алып келбей, кол коюп койгону мыйзамсыз, Конституцияга каршы» деп катуу сын айтылды эле. Ал эмне болуп чечилди эле?

- Мен Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутат болдум. Сиз айтып жаткан Сапар Исаковдун келишими 6-чакырылышта болгон. Бул маселенин түпкү маңызы мында: Кумтөрдө “Давыдов” жана “Лысый” деген эки мөңгү талкаланган болчу. Мен депутат болуп турганда “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам жазып, анда катуу жоболорду жазганбыз. Мисалы, “кенди алууда мөңгүгө тийүүгө тыюу салынат, жер алдынан казып алууга уруксат берилет” деген талап коюлган. Мындай жобону ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаттарынын дээрлик баары колдоп беришкен. Тилекке каршы, президент Атамбаев ал мыйзамга вето койгон. Кийин 6-чакырылыштын депутаттары менен мыйзамга каалагандай өзгөртүү киргизишип, анан президентке кол койдуруп алышкан.

(Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз)

Шерине

XS
SM
MD
LG