Атайын кызмат соңку эки жумада Жалал-Абадда ишкерлерден акча талап кылган деген шек менен эки блогер кармалганын билдирди. УКМК шектүүлөр социалдык тармактарды пайдалануу менен акчасы бар адамдарды жаманатты кыларын айтып коркутушканын кабарлады.
Интернетке чыгарам деп коркутушканбы?
16-январда УКМК Жалал-Абад шаарында Айка Мусаева деген ат менен таанылган С.А.М. аттуу блогер кармалганын маалымдады. Атайын кызмат шектүү Сузак районунда ишкер жана колунда бар адамдар жөнүндө социалдык тармактарда терс маанайдагы сүрөттөрдү, видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча талап кылганын билдирди.
УКМКнын билдирүүсүндө тергөөдө шектүү 120 миң сом жана 80 миң сом алганы аныкталганын, айрым учурда атайын кызматтын өкүлдөрү менен байланышым бар деп карыз өндүрүп, өзүнүн үлүшүн алып турганы айтылат. Бул ишке Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. дагы байланышы бар деп кармалган.
10 күн өтүп, 27-январда атайын кызмат Жазира Осмонова деген дагы бир блогер кармалганын кабарлады. УКМКнын билдирүүсүндө шектүү өзүн иликтөөчү жүрналист катары тааныштырып, ишкерлерден акча талап кылгандыгы аныкталганы айтылат.
“И.Ч.И. аттуу ишкерди О.Ж.С. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы базарлардын биринин ижарачыларынан ижара акысын мыйзамсыз жыйнаган деп айыптап, шантаж жана журналисттик иликтөө жүргүзүп, коркутуп, андан кийин интернет тармактарга материалдарды жарыялоо жолу менен жабырлануучудан бир нече жолу ири суммадагы акча каражаттарын алган”, - деп айтылат билдирүүдө.
УКМК Жазира Осмонова буга чейин ушундай эле факт боюнча кармалган Айка Мусаева менен жакын байланышта болгонун билдирди. Учурда иликтөө жүрүп жатат. УКМК аталган жарандардан жабыркагандарды кабарлоого чакырды.
Фейсбуктагы Жазира Осмонова жана Айка Мусаева деген колдонуучулардын баракчаларына көз жүгүртсөк, алар айрым саясатчылардын ишмердигин чагылдырып жүргөнүн көрүүгө болот.
Айрымдар кармалгандардын күнөөсү жок экенин жазып жатышат.
Азырынча алардын жакындары жана жактоочулары айыптоолор боюнча комментарий бере элек.
Фейсбуктагы мактоонун жана каралоонун баасы канча?
Соңку эки окуя Фейсбукта кайсы бир саясатчыны мактап, кимдир бирөөнү каралагандардын пайда болгону жөнүндө талкууну кызытты.
Фейсбук - Кыргызстанда саясий окуялар кызуу талкууланган, саясатчылар, аткаминерлер активдүү колдонгон социалдык тармактардын бири. Өлкө жетекчилери дагы маалыматтарды ушул социалдык түйүн аркылуу элге жайылтышат.
Соңку жылдары айыл өкмөт, аким сыяктуу майда аткаминерден баштап жогорку жетекчилердин, депутаттардын, саясатчылардын да ишмердигин чагылдырып турган Фейсбук колдонуучулардын жоон тобу пайда болду. Алар аткаминердин расмий жалданган атайын пиар адиси же басма сөз кызматкери эмес, социалдык тармактардагы колдоочулары десек болот. Мындай колдонуучулар аткаминерди мактап, айрым учурда аны сындагандарды каралап дагы коюшат.
Мамлекеттик кызматта иштеген жетекчилердин бири анонимдүү түрдө буларды айтып берди:
“Мен эми силерге “Американы ачып”, укмуш сырды айтып жатканым жок. Фейсбуктагыларга акча берип пиар кылдырганыма 3-4 жылдай болду окшойт. Мен мындай ишке такыр жок элем. Анан бир күнү мени жөнү жок эле Фейсбукта сындагандар пайда болуп калды. Өзүмдүн баракчама жазсам, аз киши көрөт. Анын үстүнө кызматта турганда алар менен айтыша албайсың. Мурда айрым жогорку кызматта иштегендер: “Баланчаны көрдүңбү, мен жөнүндө укмуш жазды. Аларга чай-пай алып берип, сыйлап туруш керек”, - деп айтып калганын угуп жүргөм. Анан тааныштардан мен дагы Фейсбукта ишимди жазып тургандарды таптым. 2-3 кишиге капа кылбагандай көңүлүмдөн чыкканын берем. Айына болбосо дагы майрамдарда 10 миң сомго чейин салып коём. Ал эми Фейсбукка жазып жамандайм деп коркутуп акча сураган блогер сыяктууларды угуп жүрөм. Андайлар мага келишкен эмес”.
Бул аткаминер Фейсбукта кимдир бирөөнү мактап-жактап иштегендердин арасында журналисттер, жарандык активисттер бар экенин кошумчалады.
Медиа серепчи Жаннат Токтосунова медиада саясатчы же аткаминер атайын план менен өзүн пиарлоосу кадимки көрүнүш экенин белгилейт. Бирок ал Фейсбуктагы сапатсыз, жөнү жок, арзан пиар саясатчылардын деңгээлин көрсөтөт дейт:
“Мурда медиада пиар материалдар чыгып турчу. Бирок акысы ачык-айкын жана пиар экени окурмандарга эскертилет. Социалдык тармактардын өнүгүшү менен ошол гезиттердеги айрым журналисттер ошондой жолго өтүп кетти. Айрыкча бул көрүнүштүн гүлдөгөн учуру Райымбек Матраимовдун бийликке умтулган амбициялары күчөгөн учурда болду. Ал социалдык тармактардагы пиарга акчасын аяган жок. Чоң акчасын пиар компаниясына чачты. Бул биздин саясий элитанын примитивдүү экенинен кабар берет. Сиз башка өлкөдө саясатчылар бирөөлөргө өзүн мактатып жатканын элестете аласызбы? Бул Кыргызстандагы эле жаңы көрүнүш болду”.
“Шантаж кылгандар бар, алар көп”
Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Кундуз Ажыбекова мурда өзүнүн баракчасында саясий темаларды, саясатчылар жөнүндө көп жазып жүрчү. Ал буларды айтып берди:
“Эми, балким, шайлоо учурунда иштешип каласың. Бирок тааныш-билиш, ортодогу мамиледен улам эле жазабыз. Кээде бир-эки адамды жазып калабыз го, алар билбейт, суранбайт дагы. Бирөөнү жазсаң, “ой ал депутаттан акча алат”, дагы бирөөнү жазсаң, "администрациядан акча алат” дей беришет. Чынында андай эмес. Бирок сиз айтып жаткандар дагы бар, алар көп. Чай ичкендерин, эки жакка чыккандарын сүрөткө тартып алып, шантаж кылгандар бар”.
Медиа серепчи Жаннат Токтосунова Фейсбуктагы мындай көрүнүш утурумдук экенин белгилейт:
“Эл дагы келесоо эмес, кимдин кандай жазып жатканын билип калды. Себеби бир эле уюшма топ ким кызматка барса эле аны мактай башташат. Фейсбукта деле аларды жалданма блогерлер, баасы мынча доллардык балдар-кыздар деп атап жатышат. Менин оюмча, аларга дагы ишеним түшүп бара жатат. Башкача айтканда, бул схема ачыкталып, мындай ыкма элге өтпөй калды”.
Кыргызстанда Фейсбук колдонуучуларга же блогерлерге атайын мыйзам жок. Бирок социалдык түйүндөрдөгү пикири үчүн коомчулуктагы ар кандай темаларды чагылдырган блогерлер камалып, соттологон же пробация менен чыккандар бар. Медиа серепчилер социалдык түйүндөр өнүккөн доордо катаал чаралар эмес, коомчулукту медиа сабаттуулукка, маалыматты ылгап алууга үйрөтүү керек экенин айтып келишет.
Шерине