Азыркы бийлик буга чейин Асман өңдүү жаңы шаарлардын курулушу башталарын билдиргени менен алар ишке ашпай турат.
Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Министрлер кабинети ушул жылдын 1-июлуна чейин Кемин-Сити шаарын куруу концепциясын иштеп чыгып, бекитиши, инвесторлорду таап, макулдашууга кол коюшу керек.
Райондук администрацияга керектүү бардык маалыматтар берилип, тиешелүү мекеме-уюмдар башкы планды иштеп чыгуу, шаарга электр энергиясын, таза суу жеткирүү, саркынды сууларды чыгаруу өңдүү иштерге каражат табышы шарт.
Кемин-Сити кайда түшөт?
Кемин-Сити түшөт деген жер кайдан, кандай шартта бөлүнөрү жөнүндө азырынча толук маалымат бериле элек.
Бирок былтыр августта Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун боюнда жайгашкан, мурдагы депутат, маркум Нурланбек Кадыкеевге таандык делген 353 гектар жер мамлекетке кайтарылган учурда жаңы шаар курулары айтылган. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов коомчулукка жарыялаган:
"Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 гектар жер тилкесинде Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курат. Турак үйлөр тогуз кабаттан болот. Бул жер Кемин шаары деп аталат. Болжол менен 100 миңден ашык үй-бүлөгө батир берилет. Мамлекетке кайтарылган бул жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлөт", - деген Алагөзов.
Сөз болуп жаткан жер Боом капчыгайына кире бериштеги жол жээгинде жайгашкан. Ал жерге алма тигилип, корулгандыктан, эл арасында "Алма бак" деген шарттуу аталыш менен белгилүү.
Ошентип, кыргыз бийлиги кезектеги экологиялык шаарды курууга белсенип жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакировдун пикиринде, өлкөдө турак жай маселеси курч турган маалда мындай шаарлар керек:
"Азыр эл кыдырсаң, алардын эң биринчи маселеси бул - турак жай. Кайсы айылга барба, кайсы адамдар менен жолуксаң эле, баары үй жетишпестигин айтышат. Эми Кемин-Сити болобу, Ош-Сити болобу, Мамлекеттик ипотекалык компания үйлөрдү куруп, шаар салып берсе, анда жакшы эле иш болот. Эң башкысы, ишке ашса болду. Бирок аны ишке ашыруу үчүн, биринчиден, инвестициялык климат жакшы болушу керек. Жеке мүлктүн кол тийбестиги, коопсуздук сакталышы зарыл. Анан инвесторлор менен мамиле курганды билиш керек. Инвесторлор эсеп-кысабын өздөрү бат эле чыгарып коёт. Канча турист келет, ошол жердеги объекттер канчалык өтүмдүү болот - алар бат эле тактап коёт".
Ош-Сити долбоору
Мындан эки жылдай мурда Ош шаардык мэриясы 500дөн ашык көп кабаттуу үйдөн турган Ош-Сити акылдуу шаарын куруу долбоорун даярдаган.
Ага ылайык, шаар курууга болжол менен кеминде 2 миллиард доллар кетет деп эсептелген жана 250 миңдей адамга ылайыктуу болору, бала бакча, мектеп, оорукана өңдүү социалдык объекттер салынары айтылган. Бирок бул долбоор ошол бойдон кагазда калганы белгилүү болду.
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев жаңы мэр Жеңишбек Токторбаев келгенден бери кыймыл башталганын "Азаттыкка" айтып берди. Ал ошондой эле шаар курулат деген жер алмашканын, атайын дирекция түзүү жагы каралып, инвесторлор да чыгып жатканын билдирди:
"Жаңы келген мэр жакында жыйын өткөрдү. Шаардын батыш тарабындагы 440 гектар жер бар. Бул долбоорго байланыштуу жакында кеңейтилген жыйын өткөрүү дагы пландалып жатат. Архитектурадан, Мамлекеттик каттоо кызматынан долбоорду иштеп чыгуу тууралуу тапшырма берилди. Бул боюнча өзүнчө дирекция түзсөкпү деген пландар болууда. Мэр өз сөзүндө инвесторлор чыгып жатканын айтты. Жакынкы айларда өзүнчө презентация болот. Азыр шаар түшөт деген жер Барсбек эстелигинин арт жагы болуп калат. Ал үлүш жер, жакшы жер, бардык жагынан жакшы жайгашкан".
Расмий маалыматка ылайык, учурда Ош шаарында 600дөн ашык көп кабаттуу турак жай бар. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, 2023-жылы экинчи борбор калаада жашагандардын саны 360 миңден ашкан. Бейрасмий маалыматтарда шаарда жашагандардын саны 500 миңден көп экени айтылып жүрөт. 2025-жылга чейин бир миллионго жетиши ыктымалдыгы айтылган.
Асман - акылдуу шаары
Кыргыз бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарты менен шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт “Асман” шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. 2023-жылы мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети президенттин иш башкармалыгына өткөн.
Садыр Жапаров 2023-жылы 30-июнда бул шаардын курулушун баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.
Президент былтыр май айында Балыкчыга барганда Асман шаарын курууга катышууну каалаган инвесторлордун сунушу менен долбоорго өзгөртүү киргизилип, экологиялык кызыкчылыктарга басым жасалганын, ушундан улам долбоордун мөөнөтү узарып кеткенин билдирген.
Өткөн айда ошол кездеги экономика жана коммерция министри, азыркы Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев бул долбоорго байланыштуу кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал 13-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында сүйлөп жатып Финансы министрлиги ал инвесторлор менен жакында эле меморандумга кол койгонун айткан.
Баштапкы маалыматтарда кеминде 500 миң кишиге ылайыкташкан шаардын курулушунун баасы 20 миллиард доллар деп эсептелген. Буга чейин аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбеков шаар куруу татаал иш экенин, толгон-токой жагдайлар эске алынышы керектигин белгилейт:
"Мен шаар куруу демилгелерин толугу менен колдойм. Бирок бул жерде жети эмес, жыйырма жолу өлчөп, анан бир кесиш керек. Бул жерде эң негизгиси - шаар түзүүчү фактор. Бул ошол жердеги эл эмне тиричилик кылып жашайт деген маселе. Бул эң негизи фактор. Эгер шаар курулса, ошол жердеги адамдар өз кесибине жараша иш менен камсыз болбосо, жашоо-турмушуна жетиштүү каражат таба албаса, анда ал шаар бош туруп калат. Мисалы, Көк-Жаңгак шаарында негизи фактор көмүр казуу болгон. Көмүр казуу токтогондон кийин шаардын абалы оорлошуп калды. Шаар куруунун башкы планын түзгөндө 20-25 жылга чейинкиси эсептелет. Бул жерде архитекторлордун, шаар куруучулардын жумушу болгону 15-20% гана түзөт. Ал жерде социологдор, демографтар, экономисттер иштеп, ошолор баарын эсептеп чыгат. Канча адам жашайт, канча убакта дагы канча болуп көбөйөт, эмне менен алектенет - баарын эсептеп чыгуу керек. Экономика министрлиги, Илимдер академиясы дагы катышууга тийиш. Мисалы, ошол эле мүрзө маселеси дагы эске алынышы керек. Ушинтип, миңдеген маселелер чыгат. Анын баарын адистер изилдеп, иликтеп, эсептеп-талдап чыгышы керек".
Кыргызстанда бир канча жылдан бери эле турак жай маселеси курч турат. Буга соңку учурда там-таш кескин кымбаттап кеткени дагы кошул-ташыл болду.
Өкмөт 2015-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) түзгөн.
Былтыр жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде Садыр Жапаров жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол койгон. Анда президент МИК жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштай турганын билдирген.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда ушул тапта жалпысынан 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.
Шерине