Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

АКШ менен Орусиянын башкы дипломаттары Эр-Риядда жолугат. Киев сүйлөшүүгө катышпайт


АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

АКШ жана Орусиянын башкы дипломаттары 18-февралда Сауд Арабияда жолукканы жатат. Маалыматтарга караганда, алар мамилени калыбына келтирүү жана Украинадагы согушту токтотуу жолдорун талкуулашмакчы. Ошол эле маалда украин тараптын ал сүйлөшүүлөргө катышар-катышпасы белгисиз.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевсиз кабыл алынган макулдашууларды тааныбасын билдирди. Чукул саммитке чогулуп жаткан Европа лидерлери да тынчтык сүйлөшүүлөрүнө камтылбай калышына каршы болууда.

Украиналык жоокерлер Харьков облусунда орус аскерлеринин чабуулуна даяр туруу үчүн кар баскан талаада тикенек зымдарды тартып, коргонуу позицияларын бекемдеп жатат.

Украинанын экинчи ири шаары Харьков орус чек арасына 30 чакырым жакын жерде орун алган.

Аймактын аскердик администрциясынын башчысы Олег Синегубов "Рейтер" агенттиги менен курган маегинде дипломатиялык аракеттерге карабай танктарга каршы аң казуу, жер астында блиндаж орнотуу, башка стратегиялык коргонуу чараларын улантуу маанилүү деп айтат.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп орус президенти Владимр Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону талкуулашканын айтып, Киевди да, европалык өнөктөштөрүн да таң калтырган. Эмне дегенде Вашингтон ал тууралуу эки тарап менен алдын ала кеңешкен эмес.

Эр-Риядда АКШ менен Орусиянын башкы дипломаттары жолугат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Кандай болгон күндө да 3 жылга аяк баскан согушту жөнгө салуу аракеттери үстүбүздөгү аптада кызычудай.

Орусия менен АКШ Сауд Арабияда Москванын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча сүйлөшүү өткөргөнү жатат деген кабар тараган чакта украин президенти жекшембиде Бириккен Араб Эмираттарына барды. Бирок, Владимир Зеленскийдин айтымында, Киев Вашингтон менен Москванын кездешүүсүнө чакырылган эмес, ага катышуу планы да жок.

Украин лидери Жакынкы Чыгыш сапары аймак менен экономикалык алакаларды өөрчүтүүнү максат кыларын, Дубайдан кийин Сауд Арабияга барарын белгиледи.

16-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп украин президенти тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышарын билдирип, Орусиянын президенти Владимир Путин менен “жакын арада” жолугушуу мүмкүн экенин кошумчалаган:

“Ал (Путин) согушту токтотууну каалайт деген ойдомун. Мен ага көзүм жетип турат. Биз узакка жана катуу сүйлөштүк. Стив Уиткофф (АКШнын Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы) аны менен көпкө, үч сааттай болду. Ал согушту токтотууну көздөп турат деп ойлойм. Алардын өтө кубаттуу согуштук машинеси бар, аны түшүнөсүңөр. Алар Гитлерди, Наполеонду жеңген, алар узакка согушуп жүргөн. Бирок ал кармашты токтотсом деген ойдо”.

Ак үй Сауд Арабияга жогорку өкүлдөрүн жөнөтүүдө. Жекшембиде Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц менен Эр-Риядга барарын айткан. Ал эми делегацияны мамлекеттик катчы Марко Рубио жетектемекчи. АКШнын башкы дипломаты 17-февралда Израилден кийин Сауд Арабияга бет алган.

Ошол эле күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын жогорку расмий өкүлдөрү Кошмо Штаттар менен алака-катышты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышарын билдирди:

“Бүгүн тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президенттин кеңешчиси Юрий Ушаков Путиндин тапшырмасы менен Эр-Риядга учат. Алар шейшембиде америкалык кызматташтары менен жолугушмакчы. Сүйлөшүүлөрдө биринчи кезекте орус-америкалык байланыштарды калыбына келтирүүгө басым жасалмакчы. Ошондой эле Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыктымал сүйлөшүүлөргө даярдык көрүү жана эки президенттин кездешүүсүн даярдоо иши талкууланат”.

Ал арада европалык лидерлер Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгеси менен Парижде чукул жыйынга чогулуп жатат.

Француз башкалаасына британ премьер-министри Кир Стармер, Германиянын канцлери Олаф Шольц, НАТОнун баш катчысы Марк Рютте жана башка жетекчилер барат деп күтүлүүдө.

Мунун алдында Трамптын Украина жана Орусия боюнча чабарманы Кит Келлог Евробиримдиктин өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча ыктымал сүйлөшүүлөргө чакырылбашы мүмкүн экенин билдирген.
Кийинчерээк ал Киев жана Европа тынчтык жараянына катышпай калбайт деп ишендири.

Зеленский жана Еврошаркет алардын делегациялары сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш деп билдиришүүдө. Ишембиде Мүнхен конференциясында сүйлөгөндө президент согушту жөнгө салууну “бир ууч лидер” чечип салбашы керек деп белгилеген:

“Ушул тапта ал (Орусиянын президенти Владимир Путин) аскердик күчтүн тартыштыгына туш болууда. Эгер бул согуш туура эмес аяктаса, киши өлтүрүү менен талап-тоноодон башка эч нерсе колунан келбеген, согушта такшалган жоокерлери калат. Мына ошол себептен дагы согушту токтотууну бир нече лидер гана чечип коё албайт. Трамп дагы, Путин дагы эмес. Бул жерде, Мүнхенде отургандар же жалгыз отурган Путин эмес. Бекем тынчтык орнотуу үчүн биз баарыбыз чогуу басым кылышыбыз керек”.

Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Кая Каллас жаңжалды токтотуу үчүн “ыкчам чечим кабыл алуудан” жана “ыплас макулдашуудан” оолак болууну эскертти. Анын пикиринде, тынчтык келишими Европанын жана Украинанын катышуусуз ишке ашырылбашы керек.

Британиянын өкмөт башчысы согушка чекит коюу тууралуу макулдашылса, Украинага бейпилдик күчтөрүн жөнөтүүгө даярдыгын айтты.

Daily Telegraph басылмасы жазганына караганда, Стармер Украинаны колдоо ал өлкөнүн “коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр туруу, зарыл болсо аскерлерди жайгаштыруу максатын билдирет” деп айтты.

Аскерлерин жөнөтүү ыктымалдыгын Швеция дагы жокко чыгарбайт. Блу тууралуу 17-февралда өлкөнүн премьер-министри Улф Кристерссон билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG