Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

"30 округдан үчтөн депутат чыгат". Жогорку Кеңешке шайлоо эрежесин өзгөртүү сунушу


Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын алгачкы отуруму, 29-декабрь, 2021-жыл
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын алгачкы отуруму, 29-декабрь, 2021-жыл

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Долбоорго ылайык, парламенттин 90 депутаты мажоритардык система боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Документ жарыяланары менен коомчулукта кызуу талкууга жем таштады.

Көп мандаттуу шайлоо округу деген эмне?

17-февралда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоору парламенттин сайтына жайгаштырылды. Долбоорго ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округдарынан шайланып келет. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. Алар өзүн-өзү көрсөтүп, бир эле шайлоо округунда жарышка катыша алат. Аймактык шайлоо округунан эң көп сандагы добуш алган үч талапкер жеңүүчү деп таанылат. Ал эми партиялар ар бир шайлоо округунан бирден эле талапкер көрсөтө алат.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиев саясий партиялардын ролу сактала берерин айтат:

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

“Партиянын ролу четке чыккан жок. Буга чейин кандай катышса, ошондой эле катыша берет. Съездин өткөзө берет. Болгону Кыргызстан боюнча шайланбайт, жоопкерчиликтүү 30 округдан чыгат. 30 округдан үчтөн депутат чыгат. Анын экөө эркек, бирөө айым болот. Дагы бир өзгөчөлүгү, депутат кийин кайсы бир жумушка кете турган болсо, анын ордуна кийинки кезекте турган көп добуш алган эркектин артындагы эркек, же айымдын артындагы айым келе берет. Кайра-кайра шайлоо боло бербейт”.

Парламенттин спикери баш болуп сунуштап жаткан мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Документтин негиздемесинде буга чейин партиялык тизме менен келген депутаттар шайлоочулардан алыстап кеткени, шайлоочулар депутаттарды сыналгыдан гана көрүп жатканына нааразы экени, бул долбоор партиялык тизме боюнча шайлоонун пропорционалдык тутумундагы кемчиликтерди оңдоого багытталганы жазылган.

"Аялдар квотасы, өзгөргөн ойлор"

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев буга чейин парламенттеги бир мандаттуу шайлоо округу – мажоритардык шайлоо системасын жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган. Бирок ал азыркы сунушталып жаткан долбоорго да автор болгон. Сыдыгалиев азыр ал оюнан кайтканын айтууда:

"Өткөндө биз партиялык система кылалы деп чыкканбыз. Кийин башка демилгечи депутаттар, төрага менен да сүйлөшүп, 30 округ кылып сунуштайлы деп жатабыз. Азыркы эсеп боюнча 4 млн 144 миң шайлоочу бар экен. Аларды 30 округга бөлгөндө ар бирине орточо эсеп менен 140 миң шайлоочу туура келет. 30 округ системасын киргизгенде анын тизмеси менен парламентке 30 айым келип, мыйзамдын талабы аткарылат. Азыр Жогорку Кеңеште 20 айым депутат бар да. Билесиңер, мыйзамда гендердик талап бар, 30% башка жыныстан болсун деген. Кийин шайлоодо 30 айым депутат болуп келет. Анткени бир округда үч мандат болуп, анын экөө эркектер үчүн, бирөө аялдарга берилет. Башында шайланып мандат алгандан кийин башка жумушка кетип же депутаттыктан баш тартса, тизмеде андан кийинки турган талапкер мандат алат. Эркектердин квотасы боюнча да ушундай. Кайра шайлоо деген болбойт".

Жогорку Кеңеш: Шайлоо системасын өзгөртүү сунушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:46 0:00

"Парламентте жергиликтүү темалар эле көтөрүлөт"

Бишкектин Октябрь районунан шайланган депутат Дастан Бекешов сунушталган мыйзам долбоорунун оң-терс жактарына токтолду:

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

“Азыр мага дагы ыңгайлуу. Себеби Оштон бирөө жергиликтүү маселе менен чалса, "Оштон шайланган депутатка чал, ошол чечиши керек" деп айтам. Анткени ал республикалык маанидеги маселе эмес. Ал эми терс жагы - эми депутаттар республикалык деңгээлдеги маселени көтөрбөй, жергиликтүү теманы көтөрөт. Экинчи жагы - талапкерлер идеялык жактан бирикпей, эптеп өтүш үчүн бириге баштайт”.

Ушул тапта Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, калган 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келген. Бир мандаттуу округдардан келген бир нече депутат ар кандай себептерден улам мандатын тапшырып, беш округда кайра шайлоо өткөн. Ошол эле Бишкектеги Ленин районунда эки курдай кайра шайлоо болгон. Ал эми партиялык тизме менен депутат болгон адам парламенттен кетсе, тизмедеги андан кийинки талапкер мандат ала берет.

"Ыйман нуру" фракциясынын лидери, депутат Динара Ашимова бир мандаттуу шайлоо округунан келген депутаттардын санын көбөйтүп, бирок партиялык системаны да калтыруу керек деп эсептейт:

Динара Ашимова
Динара Ашимова

“Партия менен келгенде команда топтош оңой, пикирлештер бир тайпага чогулат. Шайлоо практикасына жакшы. Кийин бир фракция болуп иштеген дагы жакшы. Себеби оюбузду, көз карашты фракциянын чечими менен өткөрө алабыз. Ошондуктан партия менен келген жакшы деп ойлойм”.

"Жергиликтүү авторитеттерди алып келүү ыкмасы"

Саясатчы Мавлян Аскарбеков сунушталып жаткан мыйзам долбоорун сындап жатат. Ал бийлик муну менен парламенттик шайлоону "мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө даярдык көрө баштады" деген ойдо:

Мавлян Аскарбеков
Мавлян Аскарбеков

“Бул парламентке саясатчы эмес, жергиликтүү авторитеттерди алып келүү ыкмасы. Башкача айтканда, жергиликтүү улакчылардын башчысы, спортсмендердин чоңу, айыл өкмөттөр же алардын балдары келет. Саясатчылар келбейт. Мамлекеттик, регионалдык, дүйнөлүк масштабдагы саясатчылар келбейт. Тез аранын ичинде, келаткан күздө эптеп шайлоону өткөзүп, түшүнүксүз адамдарды Жогорку Кеңешке отургузуп, мамлекетти түшүнүксүз жагдайга алып бараткандай сезим калтырууда”.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, аталган мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурбек Сыдыгалиев шайлоо 2026-жылы өз мөөнөтүндө өтөрүн билдирди.

Өзгөрө берген шайлоо системасы

Азыркы учурда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы иштеп жатат. Буга чейин парламенттеги депутаттардын саны, алардын шайлоо системасы да бир нече жолу өзгөргөн.

Мисалы, Жогорку Кеңештин алгачкы чакырылышы болгон эки палаталуу парламент – Мыйзам чыгаруу жыйыны (35 мандат) жана Эл өкүлдөр палатасы (70 мандат) болуп турган. Андагы 105 депутат бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча шайланган.

2000-2005-жылы иштеген Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышында деле 105 депутат болгон. Бирок палаталардын сандык курамы өзгөргөн. Анда Мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутаттан туруп, алардын 15и партиялык тизме боюнча шайланган. Эл өкүлдөр палатасы 45 депутаттан турган.

2005-жылдагы жараян бир мандаттуу шайлоо системасы менен эле өткөн. Талапкерлерди саясий партиялар чыгарган. Бирок андагы шайлоонун жыйынтыгы Аскар Акаевдин бийлигинин кулашына себеп болгон, парламент курамы өзү 2007-жылы мөөнөтүнөн мурда таркатылган.

2007-жылы 16-декабрда болгон шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстанда биринчи жолу партиялык тизме боюнча шайланган IV чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришкен. Анда үч саясий партия өкүлчүлүк кылган. Мандаттардын көбү Курманбек Бакиевдин айланасындагыларга таандык делген "Ак Жолдун" шыбагасына тийген эле. Аталган чакырылыш 2010-жылдагы Апрель окуясынын натыйжасында өз ишин токтоткон.

2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстан парламенттик башкарууга ыктап, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Андагы шайлоого 29 саясий партия катышып, алардын бешөө жеңген.

2015-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоо да ушундай эле система менен өткөн. Анда 120 мандат алты саясий партияга бөлүнгөн.

2020-жылы бийлик алмашканда, Конституция өзгөрүп, парламенттик башкаруу жарабаган система катары жокко чыгарылып, Кыргызстан президенттик башкарууга бет алган. Ошондо депутаттардын саны 120дан 90го кыскарып, аралаш система менен шайлоо өткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG