Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков алардын укугун коргогондорду айыптап, "зомбулукка барып, мыйзамды одоно бузгандарды коргоо - кылмыштуулукту жайылтуу" деп эсептей турганын жазды.
Бир катар юристтер, укук коргоочулар жана жарандык активисттер Кыргызстанда кылмышкерди сот гана аныктарын, өлкөнүн Баш мыйзамында күнөөсүздүк презумпциясы бар экенин айтып, мамлекет өч алуу көрүнүшүн жайылтса, анын кесепети оор болорун эскертип жатат.
"Биз адам укуктарынын сакталышын колдойбуз"
Социалдык тармактарда камуфляж кийген, бети чүмбөттөлгөн адамдар колу кишенделген эки кишини жалынып-жалбарганына карабастан аёосуз сабап жатканы тартылган видео тараган. Көп өтпөй ал УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөө абагында тартылганы айтылып, бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана атайын кызматтын басма сөз кызматы азырынча түшүндүрмө бере элек.
Тергөө абагындагы ур-токмок тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков оюн билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасында оор кылмышка шек саналгандарды коргоп жаткандарды айыптап, укук коргоочу Рита Карасартова өңдүү айрым жарандардын атын атады.
"Аларды кармоо учурунда атайын даярдыктагы кызматкерлер менен мушташып, качууга аракет кылышты. Бирок азыр кээ бир бейөкмөт уюмдар (НПО), Рита Карасартова, Болот Темиров жана Тилекмат Куренов сыяктуу адамдар бул кылмышкерлерди коргоп чыгып, “адам укугу бузулду” деген маалымат таратып жатышат. Силер ыйык туткан Батыш өлкөлөрүндө мындай тентектик, мыкаачылык аракеттер үчүн, керек болсо чекеге атып салышмак. Биздикилер гумандуу экен, кармап барып түрмөгө салып коюшту! Биз адам укуктарынын сакталышын колдойбуз. Бирок ошол эле учурда бейкүнөө адамдардын укугун тебелеп, майып кылган кылмышкерлерди актап, аларды коомчулукка “бей-бечара” катары көрсөткөндөрдүн аракети адилеттүүлүккө жатпайт! Өздөрү зомбулукка барып, кылмыш кылып, мыйзамды одоно бузуп жаткандарды коргоп чыгуу - бул кылмыштуулукту жайылтуу менен барабар деп эсептейм. Бейөкмөт уюмдар, силер кимдин таламын талашып жатасыңар? Бычактап, кордоп, адамдардын тагдырын талкалаган кылмышкерлердиби? - деп жазды Орунбеков.
Соцтармактарга тарап, талкуу жараткан тасма
Ал арада ур-токмокко кабылды дегендердин бири деген Нурбек Хасанов бийлик башчыларына кайрылды. Ал Инстаграмдагы баракчасына атайын даярдыктагы "Альфа" тобунун кызматкерлери аны бир нече саат кыйнап, сабашканын жазып чыкты:
"Мени 30.01.25 күнү саат 12.09тар чамасында "Альфанын" балдары кармап, Ош районундагы май куюучу жайда мыйзамсыз ур-токмокко алышты. Андан кийин мени микроавтобуста эки сааттай сабап, келекелешти. Башка чаап жатышты жана калайман мушташ болгон жерде болгонумду, күнөөнү мойнума алышымды талап кылышты. Мен мойнума алган жокмун, ошондон кийин мени УКМКга алып барышты, мыйзамга ылайык алар мени тергөөгө жеткириши керек эле, бирок андай болгон жок. Мени жертөлөгө алып барып эки сааттай сабашты".
Хасановдун жазганына караганда, анын төрт сол кабыргасы, бир оң кабыргасы, оң буту, оң колу, жаагы, алдыңкы тиши сынган, мээси чайкалган.
Айрым бир маалыматтарга караганда, ал учурда Кыргызстандан чыгып кеткен.
Ушул айдын башында УКМК Ош облусунда А.Б.А. аттуу адамга кол салган “Нейтрал” деген аталыштагы жаштар тобунун айрым мүчөлөрү кармалганын билдирген. Анда бул окуя 9-январда болгонун, аталган топтун мүчөлөрү А.Б.А.га бычак сайып, ага облустук ооруканада бир нече жолу операция жасалганын маалымдаган. Кылмыш иши козголуп, 24 (И.Э.И.) жана 23 жаштагы эки адам камалганын, бул топко тиешеси бар делген дагы үч жигит (Х.Н. У., Т.А.Т. жана Т.Т.Т.) аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалаган.
Айтор, соңку окуя коомчулукта талаш-талкуу жаратты. Укук коргоочу Рита Карасартова кылмышка шектүүлөрдүн тергөө абагында сабалышын "кыйноо" катары мүнөздөдү:
"Негизи кадыресе ойлонгон адам эч качан колу кишенделип турган, эч кайда качпаган адамдардын өтүк менен тепкилениши туура деп айтпайт. Кылмышкер эмес, балекет болсо деле ошентип ботодой боздоп жаткан баланы жанчып жатканын айрыкча айрым айымдар "туура эле туура" деп жазышыптыр. Мен укук коргоо тармагында 12-13 жылдан бери жүрөм. Кылмышты сабап жатып мойнуна алдыргандарды көргөм. Мыйзамда атайын жазылган. "Ушул кылмышты мен жасадым" деген мойнуна алган көрсөтмөнүн негизинде эле ошол киши ушул кылмышты жасаган деп өкүм чыгарганга болбойт" деген норма бар. Ошентип күнөөсүн мойнуна алып көрсөтмө берген күндө деле аны далилдеген дагы башка далилдер болушу керек. Кылмышка шектүүлөр өздөрү денесин көгөртүп алып, милицияларды күнөөлөгөн дагы учурлар болгон. Биз ошол милиция кызматкерлеринин дагы укугун коргогон учурлар болгон. Кылмышкерди кармап жаткан учурда укук коргоо органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө деген бар. Мисалы, кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, тур, отур десе, аны аткарбаса, анда күчкө салып, колун толгоп, кишен салат. Колуна кишен салгандан кийин тепкилеген - бул кыйноо", - деп жазды Карасартова.
Ал мындай көрүнүш көнүмүшкө айланса анда "Тергөөнүн эмне кереги бар? Соттун эмне кереги бар? Анда баарын эле эми УКМК сотко чейин эле чечсин", - деп сындады.
Кылмышка шектүүлөр кабылган окуяны кубаттагандар дагы бар. Алардын бири "Регион" телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү жазды жана УКМК буга чейин "Нейтрал" тобу тууралуу тарткан видеону кайра чыгарды.
"Бир жаранды “Нейтрал” тобунун балдары бычактап, сабап, чала өлүк кылып кетишкени, ал адам ооруканада бир нече жолу операция болуп жатып, араңдан аман калганы, аны көргөн, уккан элдер токтоосуз катуу чара көрүлүшү керек, антиш керек, минтиш керек деп карганып-шиленип, талап кылганын унутуп калбасак болгону… Анда дагы азыр эми кайра ошол балдарды кармоо жана профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурундагы бир видеону чыгарып алып “булар жөн эле тентектик кылган балдар да, эмне мынча зөөкүрлүк кылып атасыңар, сопсонун аппак балдарыбызга неге мындай мамиле кылып атасыңар?…” демиш болуп аткандар бар беле? Алар дагы ушул аппак байкуш балдардын ур-токмогунан, бычагынан бир өлүмдөн калган адамды көргөн беле?" - деп жазды Рахманов.
Жарандык активист Мукай Керимбеков дагы "кылмышкерлерди коргоо — кылмышты колдоо менен барабар" деген оюн билдирди. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, соңку видеонун жарыяланышын тарбиялоо максатында болушу мүмкүн деген пикирин айтты:
"Көрүп жатасыздар, акыркы күндөрү уюшкан кылмыш топтору бир топ эле кыскарды. Бирок, тилекке каршы, жаңы өсүп келаткан өспүрүмдөр, жаштар УКМК тараткан видеодон көрүнүп тургандай, бир кишини аёосуз сабап, бычактап, денесине оор залал келтирген. Ал жерде баары көрүнүп турат. Эми Кыргызстанда жакшы инвестициялык климат түзүлүп келе жаткан учурда мындай окуялар жат көрүнүш. Ошондой учурларды токтотуу иретинде, кийин кайталанбашы үчүн соңку видео жарыяланса керек. Ал видеонун чыгып кетиши деле тарбиялоо иретинде болдубу деп ойлойм. "Азаттык" өзү деле буга чейин уюшкан кылмыш топторуна каршы күрөш тууралуу бир топ жазып келген. Бизде мындай топтор болбошу керек. Күч менен башкаруу дейбизби, айтор, бандитчилик, көчө балдары деген түшүнүктөн кетишибиз керек. Ал балдардын кылганы видеодо тастыкталып, көрүнүп турат. Кайсы балдар экени, кантип сабаганы баары көрүнүп турат. Ошонун негизинде алар кармалган".
"Кылмышкер кандай болсо да, бийлик анын деңгээлине түшпөшү керек"
Юрист, медиа эксперт Илим Карыпбеков камалган адамдардын сабалышы туура эмес экенин айтып, Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүнө үн катты. Ал мындай көрүнүштүн кесепети оор болорун эскертти.
"Алар жеткен наадан болсо дагы аларды кишенделген абалында сабоо - бул кыйноо. Эгер кылмышкерлер зордуктаса, аларды дагы дагы зордуктап, адам өлтүрсө аларды дагы өлтүрүп, тоноого барса аларды дагы тонош керек эмес да. Эгерде бийлик ошондой наадандардын жолуна түшсө, анда алардан айырмасы эмне? Наадандардан эмнеңер менен айырмаланасыңар анда? Кылмышкер кандай гана болсо дагы, бийлик алардын деңгээлине түшпөшү керек. Эгер алар жеткен наадан болсо дагы, бийликтин аларды жазалоодогу так эрежеси, жол-жобосу болушу керек. Мыйзамда эркинен ажыратылган адамдарга гумандуу мамиле кылуу, адамдык ар-намысына шек келтирбөө керектиги жазылган. Анда мындай жобону Конституциядан алып салып, укук адилеттигин укук коргоо органдарына өткөрүп бериш керек. Ошондо гана эч кимде суроо жаралбайт. Тергөө абагында, андан кийин түрмөгө түшкөн көпчүлүк кылмышкерлер кыйноого кабыларын эл аңдап-билип келген. Бирок соңку окуяда бул ачыкка чыкты", - деп жазды Карыпбеков.
Ал ошондой эле мындай көрүнүштүн кесепети тийиши ыктымалдыгын да эскертти.
"Камчы Көлбаев жана анын тамырлашып кеткен кылмыштуу тобунун жок кылынганына бир жылдан ашты. Генерал өзү билдирүүлөрүндө уюшкан кылмыштуу топтор дээрлик калбаганын, майда бейбаштар гана калганын айтып келди. Анан эле Ошто "Нейтрал" деген жаштардын тобу пайда болгону тууралуу маалымат чыкты. Алардан жабыркагандардын туугандары, жакындары бар. Бул жерде, албетте, өч алуу тууралуу ой пайда болушу мүмкүн. Бул бардык эле адамдын биринчи инстинкти. Бирок мындай инстинкт мамлекетке мүнөздүү эмес. Болбосо бизде "таш бараңга алган" окуялар кайталанат. Эгер бийлик Даке айткандай "канга кан" деген принцип менен иш алып бара турган болсо, эмне болот? Эң биринчи укуктук система деградацияга кабылат. Экинчиден, зомбулук күчөйт. Эл УКМК, укук коргоо органдары, сот органдары кылып жаткан "күзгү жоопту" көрүп, ууруну же уурулукка шектүүнү сотко, укук коргоо органдарына жеткирбей сабап, тепкилеп, майып кылып же өлтүрө баштайт. Эгер ал адам ууру эмес болуп чыксачы? Мамлекет моралдык үстөмдүгүн жоготот. Өлкө эл аралык изоляцияда калат. Укуктун талаптары, эл аралык конвенциялар кыйноого, ырайымсыз мамилеге тыюу салат. Эгер мамлекет буга жол берсе, анда эл аралык айыптоого, санкцияга жана изоляцияга кабылышы мүмкүн", - деди ал.
Буга чейин УКМКнын тергөө абагында отургандар кыйноого кабылганын айтып чыккан, күмөндүү жагдайларда көз жумган бир катар учурлар болгон, бирок атайын кызмат дооматтардын баарын төгүндөп келген.
Былтыр августта Жогорку соттун ошол кездеги төрагасы Замирбек Базарбеков тергөө, күч органдарына кайрылып, "күнөөсүздүк презумпциясын" сактоону, бул талап Конституцияда жазылганын эскерткен. Соңку кездери өлкөдө кайсы бир иш менен кармалган, же айып тагылган адамды дароо кылмышкер катары көрсөткөн, ошондой мазмунда маалымат тараткан көрүнүш жайылганын айткан. Буга байланыштуу күч түзүмдөрүнүн башчылары, өлкө жетекчилери комментарий берген эмес.
"Кыйноого кабылгандар аз эмес"
Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда жабык жайларда кыйноого кабылган жарандар аз эмес. Кыйноого каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, 2022-жылы убактылуу кармоочу жайда же тергөө абагында отургандар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын 20 пайыздан ашууну кыйноо тууралуу айтып беришкен. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын баяндамасында айтылгандай, бир жылда аларга орто эсеп менен 200дөй киши кыйноого кабылганын айтып арызданат.
Бирок кыйноо тууралуу айтып чыккандардын арыздарынын 10 пайыздайы гана сотко жетет. Укук коргоочулардын байкоосуна караганда, мурда кыйноо фактыларын болушунча жаап-жашырууга аракет кылышчу жана аны катардагы жарандарды коркутуу ыкмасы катары колдонушчу, ал эми соңку кезде элге аты таанылып калган жарандар да мындай мамилеге туш болгонун айтып чыгууда.
Блогер Батмакан Жолболдуева эки жыл мурда Баткенде милициянын убактылуу кармоочу жайында камалып отурган кезде зордуктоого кабылганын жакында гана айтып чыккан. Бул үчүн ал изолятордун жетекчилигин айыптаган. Фейсбуктагы баракчасы аркылуу 2024-жылы 25-декабрда түз эфирде жасаган видеокайрылуусунда ал окуя 2022-жылы болгонун, зордук-зомбулук көргөнүн билдирген.
Башкы прокуратура Жолболдуеванын абакта кармалып турганда “зомбулук көрдүм” деген билдирүүсү тууралуу 30-январда маалымат берген. Мекеме текшерүү жүргөнүн, анын жыйынтыгында Жолболдуева менен ал “зордуктады” деп айткан Н.С. аттуу жаран бир учурда бир жабык жайда кармалбаганы аныкталганын билдирген.
“Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталып, үч жылга абакка кесилген акын Аскат Жетиген 2024-жылы 20-мартта кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык бөлүмүнүн жер төлөсүндө аны күч кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Тийиштүү мекемелер териштирүү жүргүзөрүн айтышкан, бирок анын жыйынтыгы эмне болду, кабарланган жок.
Тергөө абагындагы ырайымсыз мамиле тууралуу иликтөөчү журналист, сот өкүмүнөн кийин өлкөдөн чыгарылган Болот Темиров да айткан. Ал камакка алынган жубайы Махабат Тажибек Кызы жана аны менен кошо бир камерада отурган аялдар сабалганын билдирген. Жаза аткаруу кызматы Темировдун бул айткандарын четке каккан.
“Кемпирабад иши” боюнча абакта отуруп чыккан оппозиционр саясатчы Равшан Жээнбековдун белгилешинче, камакта отурган адамдын денесине түздөн-түз залака келтирүүдөн тышкары кыйноонун башка да ыкмалары колдонулат – анын өзүн, мисалы, ден соолугундагы көйгөйлөрүннө карабастан суук жана ным камерада кармашкан.
Адвокаттар юридикалык жактоосундагы адамдары камакта жатканда психологиялык кысымга кабылган, аларга тийиштүү медициналык жардам алуусуна уруксат берилбей, адам өлтүрүүгө жана башка оор кылмыштарга шектүүлөр менен бир камерага отургузуп коюшкан окуялар бар экенин айтууда.
Шерине