Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Израил Газанын качкындар баш калкалаган лагерлерине, Ливандын борбору Бейрутка сокку урду. Оштун Ноокат районундагы медреседе киши колдуу болгон өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин балдардын коопсуздугу күн тартибине чыкты.
“Салимбай байбача” деген ат менен Борбор Азияга таанымал, Өзбекстанда соттолгон кримтөбөл, 73 жаштагы Салим Абдувалиевди Кыргызстан менен эмне байланыштырат? Спортпу, бизнеспи же криминал, баңгизат ташуубу?
Шаршембиге караган түнү Израил Газанын качкындар баш калкалаган лагерлерине сокку урганы кабарланды. Чабуулдан кеминде 13 кишинин өмүрү кыйылганы, анын ичинде бир үй-бүлөнүн тогуз мүчөсү набыт болгону айтылууда.
Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Ал мунун алдында парламентте мыйзам бузган, коррупцияга аралашкан судьялардан тазалануу иши уланып жатканын, өзү мындай сотторду аябасын билдирген.
Президент Садыр Жапаров КМШнын башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Орусияга барды. Иш сапар учурунда ал мигранттар маселесин көтөрдү. Бул сапар мигранттарга карата Москванын мыйзамдары катаалдашып, эреже-талаптар күчөгөн маалга туш келди.
Олжобай Шакир үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Украинанын Херсон жана Одесса аймактарына урулган авиасоккудан ондогон адам жапа чекти. Ноокат районундагы медреседе 14 жаштагы баланы бычактаган деп шектелген 16 жаштагы өспүрүм бир айга камалды.
Украинанын Херсон жана Одесса аймактарына урулган авиасоккудан ондогон адам жапа чекти. Сокку мектепке жана бала бакчага тийди. Ал эми Украинанын Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Феодосия шаарындагы мунай базада тутанган өрт өчө элек.
Быйыл жазында Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай жана такси айдоочуларына карата катаал чектөөлөр жол киренин кымбатташына алып келди.
Израилдин Газа тилкесинде АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобуна каршы күрөшүп жатканына бир жыл болду. Сентябрь айынан бери Израил армиясынын Кошмо Штаттар террордук деп санаган “Хезболла” жоочулар тобу менен кармашы күчөдү.
Кыргызстандын өкмөтү жана Орусиянын "Росатом" корпорациясы кыргыз жергесинде атомдук электр станциясын (АЭС) курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Бул боюнча эки жыл мурда меморандум кабыл алынып, долбоордун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгон.
Кыргыз өкмөтү жана "Росатом" АЭС курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Казакстанда референдум өттү. Израил ХАМАС тобунун кандуу кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө. Балыкчы-Корумду жолунун 80ге жакын курулушчусу айлык ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды.
Дагы жүктөңүз