Президент Өзгөн айланма жолун атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев салып жатканын ырастады. 14 чакырымдык жол ишке кирсе, жеңил машинеден 200 сом, жүк ташуучу автоунаадан 700 сом алынат.
Президент Садыр Жапаров журналист Болот Темировдун иликтөөсүнө жооп берип, Өзгөн шаарын айланып өтө турган жолду УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевге таандык компания куруп жатканын, бул үчүн ага рахмат айтыш керектигин билдирди. Айланма жол 14 чакырымга созулат.
Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран тараткан маалыматка караганда, "зарылчылык болбосо" чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрда Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
Кыргызстандын өкмөтү Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ичинде миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу демилгелери тууралуу үн катып, жаңы чаралар уюмдун келишиминдеги нормаларга карама-каршы келбеши керектигин билдирди.
1-октябрда Израилдин жөө аскерлери Ливандын түштүгүнө кирип барып, жердеги операциясын баштады. Израил бул операциясы "Хезболлага" каршы гана багытталганын билдирүүдө. "Хезболла" Израилдин аймагын 1-октябрда да аткылады.
Ош облустук сотунун судьясы Нургазы Алимкулов сол колунун күрөө тамыры кесилген абалда ооруканага түшкөнү маалым болду. Израил Ливандын түштүгүндөгү “Хезболла” тобуна каршы жердеги операциясын баштады. Кыргызстан төрт мамлекеттен баш-аягы 3 млрд 900 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алат.
Сооронбай Жээнбековдун президенттик аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев кайра камалды. 25-cентябрдан бери камакта жаткан "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, экс-депутат Эмилбек Жусупов Салиевге каршы көрсөтмө бергени айтылууда.
Израилдин армиясы Йемендеги хуси козголоңчуларына абадан сокку урду. Президент Садыр Жапаров демөөрчүлүк фондунан 40тай жетекчиге айына каражат берип турарын айтты. Биринчи май райондук соту вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевди тогуз жылга абакка кести.
Президент Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүк берүүдөгү паракорчулукка шек саналып кармалган кызматкерлер тууралуу комментарий берди. "Кабар" агенттигине курган соңку маегинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо агенттигиндеги (мурдагы "Унаа") коррупциялык схема болгонун айтты.
Үч мамлекет келишимге кол койгондон төрт айдан кийин Бишкекте “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу” ишканасы ачылды. Ага аталган өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары ээлик кылат жана ал курулушту ишке ашыруу менен алектенет.
27-сентябрда Кыргызстандагы медиа аракеттенүү платформасы “Укук бузуулар Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна байланыштуу талкуу өткөрдү.
Дагы жүктөңүз