Кыргыз өкмөтү жана "Росатом" АЭС курууга байланыштуу коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Казакстанда референдум өттү. Израил ХАМАС тобунун кандуу кол салуусунун бир жылдыгын эскерүүдө. Балыкчы-Корумду жолунун 80ге жакын курулушчусу айлык ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды.
Ал эми казакстандыктар бийликтин АЭС куруу дымагын колдоду. Борбордук шайлоо комиссиясы тараткан расмий жыйынтыкка караганда, мындай тандоону 6-октябрдагы референдумга катышкандардын 71,12% жасады. Жалпы шайлоочулардын 64% өз добуштарын беришти.
Балыкчы - Корумду автоунаа жолун куруп жаткан 80ге жакын жумушчу сегиз айдан бери кытайлык “Лонг Хай” компаниясынан айлык ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды. Алар ишкана эч кандай түшүндүрмө бербестен маяналарын кечиктирип жатканын билдирүүдө.
Temirov Livе долбоорунун негиздөөчүсү, иликтөөчү-журналист Болот Темиров өзүнүн Кыргызстандан мажбурлап чыгарылышына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары комитетине даттанды.
Казакстанда жекшембидеги референдумга катышкан шайлоочулардын 71% ашыгы Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясын курууга макулдугун беришти. Жалпы элдик добуш берүүнүн алдында АЭСтин курулушуна каршы чыккан активисттер кармалды.
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому быйыл алтын өндүрүү убактылуу азайып жатканын билдирди. Мунун себебин казылган рудаларда алтындын үлүшү төмөн болуп жатканы менен түшүндүрдү. Ушундай эле көрүнүш былтыр да катталган.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаиловага айтылган сын дооматты иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушу айтылды.
Сооронбай Жээнбековдун бийлигин алмаштырган Октябрь окуяларына төрт жыл болду. 2020-жылы 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл Ак үйгө кирип барган.
Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 4-октябрдагы жума намазда беш жылдан берки алгачкы кайрылуусун жасады. Израил Ливанга аба соккуларын күчөтүп жаткан маалда Жакынкы Чыгышта жаңжал кеңейип кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч алды.
Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчылар менен активисттер соттук коллегияга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, судьяларды алмаштырууну өтүндү. Бирок бул өтүнүч колдоо тапкан жок. Кийинки отурум 11-октябрда болот.
Дагы жүктөңүз