Молдовада президенттик шайлоо боюнча берилген добуштардын 98% ашыгы саналды, учурдагы мамлекет башчы Майя Санду алдыда келатат. Ал экинчи айлампада орусиячыл социалист Александр Стояногло менен атаандаш болот.
Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун негизинде Анарбек Бакаев атындагы академия ачылды.
“Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин президент Садыр Жапаровго кайрылып, басылманын жабылышы жөнүндөгү пикирине жооп кайтарды. Ал “Клооп” медиасы Жапаровду оппозицияда жүргөн учурундагы ишмердигин чагылдырып келгенин эске салып, эми соттун негизсиз чечими менен жабылганын билдирди.
АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада жок кылынгандан кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга чакырды.
Абактагы Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө кайрылып, банк кутучаларындагы акча боюнча үн катууну суранды.
Европа кеңешинин консультациялык органы болгон Венеция комиссиясы кыргыз өкмөтүн "чет элдик өкүл" деп аталып жүргөн мыйзамды артка кайтарууга чакырды.
Фейсбукка жарыяланган посту үчүн айыпталып, кармалган Тариел Ботбаевге Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 26-сентябрда өкүм чыгарганы белгилүү болду. Соттон ырасташкандай, ага 120 миң сом айып салынган.
Чаткалда кар көчкү басып калган алты адам дайынсыз болууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар жалпы 14 адам болгонун, сегиз киши аман-эсен табылганын билдирди.
Чүйдүн Кайыңды шаарындагы кант заводго кызылча тапшырууга 200дөй жүк ташуучу автоунаа кезекте турат. Айдоочулар завод иши жай болуп, жолдо кезек сакталбай жатканына даттанууда.
Украин президенти Владимир Зеленский Еврошаркеттин жана НАТОнун лидерлерин “жеңиш планынын” мазмуну менен тааныштырды. Орусиянын агрессиясына чекит коюуга жардам берет деген долбоорду ал алдыңкы күнү Жогорку Радага алып чыккан. Зеленскийдин планын катардагы украиндер ар түрдүү талдап жаткан кези.
Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигенди үч жылга абакка кескен райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды.
Жогорку Кеңештин соңку жыйындарынын биринде Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаевге сын-доомат айтылды.
Дагы жүктөңүз