SpaceX корпорациясынын жетекчиси, АКШ президенти Дональд Трампка жакын миллиардер Илон Маск Украинада Starlink спутниктик Интернет байланышы токтотулушу мүмкүн деген маалыматтарды четке какты. Ал 23-февралда өзүнө таандык Х социалдык түйүнүнө "Reuters жалган айтып жатат" деп жазды.
Бир нече саат мурда Reuters маалымат агенттиги өз булактарына таянып "АКШ кен байлыктар маселесинен улам Украинаны Starlink байланышынан чектеши ыктымал" деп жазган.
Агенттик жарыялаган макалада SpaceX корпорациясына таандык Starlink байланышын Украинанын аймагында толук өчүрүү жөнүндө сөз болуп жатабы же аталган сервистин кызматын Пентагондун бюджетинен каржылоону токтотуу тууралуубу, белгисиз.
Bloomberg Украинанын Starlink менен келишими үчүн Пентагон ай сайын 2,3 миллион доллар төлөрүн жазган. Starlink байланышы украин фронтунда да колдонулат.
Азыркы тапта АКШ менен Украина ортосунда украин кен байлыктары боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп "Биз короткон бардык акча үчүн алар эч болбогондо бир нерсе беришсе мен согушту жөнгөрүп, адам өлүмүн токтотууга аракет кылам. Ошондуктан биз сейрек кездешүүчү металлдарды, мунай жана башка ала алчу нерселерди сурап жатабыз", — деди Трамп 23-февралда.
Украина өзүнүн кен байлыктары боюнча келишимдин экинчи вариантына да макул эместигин билдиргенин америкалык Bloomberg агенттиги 23-февралда жазды. Анда Украинага буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн АКШга 500 миллиард долларлык кен байлык берүү тууралуу жазылганы, бирок Киев бул сумма 90 миллиард гана боло алат деп эсептей турганы маалымдалды.
Шерине