Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана анын соцтармактагы баракчаларында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу мыйзамына байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды. Комитет расмий сайтына жарыяланган кайрылууда мыйзамды жокко чыгарууга чакырды.
“Кыргызстанда ЖМКларды жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн айып пулга жыгууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы өкүнүчтүү. Бул өзгөртүүлөр президент Садыр Жапаровдун авторитардык башкаруусунун учурунда кабыл алынып, өлкөнүн мурда эркин болгон маалымат чөйрөсүнө дагы бир оор сокку болууда. Алар тез арада жокко чыгарылышы керек”,- деп билдирди CPJнин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.
Аталган комитет Кыргызстандын президенттик администрациясына бул кырдаалга комментарий берүүсүн суранып электрондук кат жөнөткөнүн, бирок эч кандай жооп ала электигин билдирген.
Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиа жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам кабыл алынса өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдирип келишет.
Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндигин, адам укугун чектөө жок экенин билдирип келишет.
Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков "Азаттыкка" курган маегинде кеп “адепсиз түрдө, атайылап кемсинтүү” тууралуу болуп жатканын, чара ошондой учурда гана көрүлөрүн, сөз эркиндиги, адамдын ой-пикирин маданияттуу эркин билдирүү укугуна чектөө болбой турганын айткан. Ал "Эч ким эч кимди тынымсыз мониторинг кылып, анан чекеден айып пул салбайт. Бул жерде адамдардын арызы менен гана кароо жүрөт", - деп билдирген.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын былтыр 31-августта Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында айткан жана сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.
“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем”, - деген президент.
10-февралда күчүнө кирген бул мыйзамга ылайык, мазактоого жана жалаа жабууга кабылдым деп эсептеген жаран арыз менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) кайрыла алат. Протокол түзүлүп, арыз сотко жиберилет. Сот мазактоо же жалаа жабуу үчүн айыптуу деп тапкан жаранга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салат.(КЕ)
Шерине