Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:49

Орусия Украинанын бир нече аймагына дрон, ракета менен жапырт чабуул койду


Кривой Рог орус армиясынын чабуулуна кабылды, 23-февраль, 2025-жыл
Кривой Рог орус армиясынын чабуулуна кабылды, 23-февраль, 2025-жыл

Орус күчтөрү жекшембиге караган түнү Украинага “Шахед” үлгүсүндөгү 267 дрон, учкучуз аппарат жана үч “Искандер-М/КН-23” баллистикалык ракетасы менен чабуул койгунун Украинанын аба күчтөрү 23-февралда билдирди.

Украин армиясынын билдирүүсүндө айтылгандай, 138 пилотсуз аппарат Харьков, Полтава, Сумы, Киев, Чернигов, Черкассы, Кировоград, Житомир, Хмельницкий, Ровно, Николаев, Одесса жана Днепропетровск аймактарынын үстүнөн атып түшүрүлөн. 119 дрон борбору менен байланышы үзүлүп, кулап түшкөн.

Соккудан бир катар аймактар олуттуу зыян тартып, бир нече киши жабыркаганы кабарланды. Азырынча зыяндын өлчөмү так айтыла элек болгону менен карапайым калк ичинде жоготуу көбөйүшү ыктымал.

Украинанын өзгөчө кырдаал кызматы Киевдин үч районунда дрон тийген жерлерде өрт чыкканын, бир үй күйүп кетсе, дагы эки турак-жай зыян тартканын билдирди.

Кривой Рогдо орус армиясы жарандык жайларга чабуул койгондо бир киши набыт болуп, беш тургун жарадар экени кабарланды. Ыкчам жардам көрсөтүүчү кызматтар 60 чарчы метр жерди өрт каптаганын билдирип, куткаруучулар урандынын алдынан аял менен эркекти алып чыкты. Ооруканада эркек каза тапканы маалым болду. Жараат алган беш кишинин үчөө ооруканада жатат. Аларын бирөөнүн абалы оор деп бааланды.

Запорожьеде орус армиясынын дронунан 53 жаштагы аял жарадар болуп, ооруканга түштү. Эки кабат үйдө өрт чыгып, жалын токтоп турган жүк ташыган машинени, жалпысынан 80 чарчы метр жерди каптады. Жарылуунун күчүнөн жакын турган үйлөр зыян тартты.

Көптөгөн далилдер турса дагы орус бийлиги согуш башталгандан бери Украинанын жарандык жайларына сокку урулуп жатканын четке кагат.

Шерине

XS
SM
MD
LG