Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:47

Израил 602 палестинди бошотууну башка убакытка калтырды


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху

Израил палестиндерди абактан бошотуу боюнча кезектеги жараянды азырынча токтото турмай болгонун билдирди. 22-февралда ХАМАС радикал тобу (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) барымтада кармап турган алты израилдикти бошоткону үчүн Израил өз абактарынан 602 палестинди чыгармак.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсесинин билдирүүсүндө "барымтадагы кийинки жарандар коё берилери, аларды бошотуп жатканда кемсинтүүчү мамиле жасалбай турганы" жөнүндө кепилдик берилмейинче абактагы 602 палестин бошотулбасы айтылды.

Билдирүүдө мындай чечимдин кабыл алынышына ХАМАСтын келишимди "бир нече жолку бузуусу, барымтадагылардын ар-намысына шек келтирүүчү көрсөтмө иш-чараларды уюштурганы, аларды өзүнүн үгүт максаттарына уятсыз колдонгону" да себеп болгону белгиленди.

ХАМАС барымтадагыларды бошоткондо алардын ар бирин жаалданган топтун алдына орнотулган сахнага чыгарып, ал эми барымтада жатып каза болгондордун сөөгүн алып чыкканда да ошондой топтун арасынан алып өтүүдө.

ХАМАС радикал тобу барымтага алынган дагы алты адамды 22-февралда Кызыл Чырым уюмунун кызматкерлерине өткөрүп берген. Алгач Газа тилкесинин түштүк жагында 39 жаштагы Тал Шохам менен 38 жаштагы Авера Мангисту бошотулду. Газа тилкесинин борборундагы Нусейрат качкындар лагеринде дагы үч туткун, 27 жаштагы Элия Коэн, 23 жаштагы Өмер Венкерт, 22 жаштагы Өмер Шем-Тов бошотулду. Акыркылардан болуп 2015-жылдан бери туткунда болгон Хишам ас-Саид коё берилди. Авера Мангисту менен Хишам ас-Саид он жылдан ашык барымтада болушту. Калган төрт киши 2023-жылы ХАМАС Израилге кол салган учурда барымтага алынган.

Израил өз жарандарынын бошотулушуна жооп кылып түрмөдө отурган 602 палестинди бошотушу керек болчу.

15-январда Израил жана ХАМАС ортомчулардын жардамы менен Газадагы ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкен. Келишимдин 42 күнгө созулган биринчи баскычында Израил өз армиясын Газадан чыгара баштамак, ХАМАС 2023-жылы 7-октябрда барымтага алынгандардын 33үн бошотмок. Маалыматка караганда, алардын сегизи өлгөн болушу ыктымал. Келишимдерге ылайык, палестин тарап ар бир барымтага алынган израилдик үчүн 30, ал эми ар бир аскерге абактагы 50 жаранын алат.

Шерине

XS
SM
MD
LG