Кыргызгидрометео борбору кабарлагандай, 24-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу жолдордо тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун чыгыш тарабында 14 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Баткен аймагында түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүз 15…17° болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Шерине