“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 25и Кыргызстандын гана жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийинчерээк толук орус жарандыгына өткөн. Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандыктар кимдер?
Орусиянын Казан шаарында БРИКС уюмунун саммити аяктады. Айрым аналитиктер Украинага басып киргени үчүн санкция салынып, Москва эл аралык обочодо калган учурда орус бийлиги көбүрөк өнөктөш күтүүнү көздөгөнүн айтышат. Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Анкарада Turkish Aerospace (TUSAŞ) ишканасындагы жарылуу жана атышуу болгон жерде кеминде беш кишинин өмүрү кыйылып, 20дан ашык киши жараат алды. 34 жаштагы Рахима Айкымбаеваны мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталган жолдошу 15 жылга абакка кесилди.
Күч органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тармактык комитети жактырды.
Чыгыш Европада шайлоолор сезону башталганы Украинадагы согуштун сазына баткан, туш-туштан өзүнө өнөктөш издеген Кремль үчүн ошол өнөктүктөрдүн мааниси болуп көрбөгөндөй артты. Москва жана чөлкөмдөгү популист шериктери добуш берүүлөргө таасир этүү үчүн кандай ыкмаларды колдонушат?
Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева эл аралык Free Press Awards 2024 сыйлыгына татыды. 23 жаштагы журналист тогуз айга чукул тергөө абагында отуруп, 10-октябрда пробациялык жаза менен эркиндикке чыккан.
Мындан туура эки жыл мурун 23-октябрда Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүү демилгесин көтөрүп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып камалган. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.
Интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Документ бир катар депутаттардын сынына кабылды.
Казан шаарында БРИКС уюмунун саммитти башталды. Бул жолу ага 20дан көп өлкөнүн лидерлери катышууда. Арасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да бар. Талдоочулар белгилегендей, Орусиянын президенти Владимир Путин муну менен дүйнөгө Москва обочодо калбаганын көрсөтүүгө аракет кылууда.
Жогорку Кеңеш интернет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абадды коргоо комитетин түзүүнү демилгелеп, Бишкекте чогулган отузга жакын саясатчы, активист “бийликти күч менен басып алууга” айыпталып, камакка алынган. Айыпталгандардын алды жарым жылдан бир жылга дейре абакта жатты.
Дагы жүктөңүз